Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 47 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
|
|
2009-жылдын 12-сентябры № 576
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- аталган токтомдун тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 14-25-пункттар менен толукталсын:
┌──┬────────────┬─────────────────────────────────────────────────────┐
│№ │Ишканалардын│ Чыгарчу продукциясынын аталышы │
│ │ аталышы │ │
├──┼────────────┼─────────────────────────────────────────────────────┤
│14│"Ала-Тоо │CG-L-G.4 - CG-L-G.100 тибиндеги алдын ала төлөөчү │
│ │Жаны Шанчен"│смарт-карталары бар тиричиликтик жана өнөр жайлык газ│
│ │ЖчК │эсептегичтер │
├──┼────────────┼─────────────────────────────────────────────────────┤
│15│"Насос │ПП-10, МТ-1 траверстер; М-8 бириктиргич муфта; │
│ │завод" ЖчК │М-8 бургуч; РПС-1/1 ПЛ-100А, 250А, 400А, 630А │
│ │ │рубильниктер; ПН-100А, 250А, 400А сактагычтар; А25, │
│ │ │А35, А50, А70 учтар; РЛНД үчүн комплект ламелдер; │
│ │ │100-630А жез губкалар; SL жазы кыпчыткычтар; ПС-2-1 │
│ │ │типтеги туташтыргыч кыпчыткычтар; ПВЭС аппараттык │
│ │ │кыпчыткычтар; ЭЦВ 6-6,3-125; ЭЦВ 6-10-80; ЭЦВ │
│ │ │10-63-65; ЭЦВ 10-63-110 тереңдик электр насостор; │
│ │ │электрон эсептегичтер үчүн кутулар; суу чыгаргыч чоюн│
│ │ │колонкалар жана өрт өчүргүч гидранттар; грейдерлик │
│ │ │бычактар, талкалагыч балканын учу │
├──┼────────────┼─────────────────────────────────────────────────────┤
│16│"Айнур │450А чейин аз кубаттуулуктагы трансформаторлор; │
│ │заводу" ААК │300 кг чейинки салмакты өлчөөчү приборлор; 10А чейин │
│ │ │электрдик орноткуч буюмдар; 10А чейин тиричиликтеги │
│ │ │электр узарткычтар; розеткалар, вилкалар, патрондор │
├──┼────────────┼─────────────────────────────────────────────────────┤
│17│"Алтын │Айыл чарба жаныбарлары үчүн вакциналар жана │
│ │тамыр" ЖАК │диагностикумдар: │
│ │ │кутурмага каршы вакцина, шарпка каршы "А", "О" жана │
│ │ │"Азия-1" тибиндеги моноваленттүү жана поливаленттүү │
│ │ │вакциналар, койдун, эчкинин чечегине, кепшөөчү майда │
│ │ │жаныбарлардын чумасына, бруцеллезго, күйдүргүгө каршы│
│ │ │вакциналар, "А", "О" жана "Азия-1" тибиндеги │
│ │ │штамм-өзгөчөлүктүү шарпка каршы антиген жана │
│ │ │бруцеллездун антигени. "А", "О" жана "Азия-1" │
│ │ │тибиндеги штамм-өзгөчөлүктүү шарпка каршы, гемолит │
│ │ │сыворотка. Кургак комплемент │
├──┼────────────┼─────────────────────────────────────────────────────┤
│18│"Кызыл-Кыя │Траверстер; КТП шкафтар; РЛНД - 10 ажыраткычтар │
│ │машина куруу│ │
│ │заводу" ЖТАК│ │
├──┼────────────┼─────────────────────────────────────────────────────┤
│19│"Инструмен- │Энергетикалык жабдуу үчүн запас тетиктерди жасоо: │
│ │тальщик" ЖчК│тиштүү венецтер, кыймылга келтиргич шестерня, май │
│ │ │насос, вал-шестерня, жүк көтөргүч тальдын барабаны │
│ │ │жана өндүрүштүк процесстин башка технологиялык │
│ │ │жабдыктары │
├──┼────────────┼─────────────────────────────────────────────────────┤
│20│"Болот" ЖчК │Көмүр майдалагыч жабдуу үчүн запас тетиктерди жасоо: │
│ │ │- полдук брондун брусу, футеровка, броня │
├──┼────────────┼─────────────────────────────────────────────────────┤
│21│"Кара-Балта │Валиктердин бандажы, столдун брону │
│ │ремонттук- │ │
│ │механикалык │ │
│ │завод" ЖчК │ │
├──┼────────────┼─────────────────────────────────────────────────────┤
│22│"Дастан" ТУК│Энергетикалык жана көмүр тетиктерди жасоо: │
│ │ААК │- майдалагыч жабдуулар үчүн запас тетиктер: било, │
│ │ │било кармагычтар, салаалар │
├──┼────────────┼─────────────────────────────────────────────────────┤
│23│"Деона" ААК │Литье, било, брон устун │
├──┼────────────┼─────────────────────────────────────────────────────┤
│24│"Железобе- │35-50 кВт электр өткөргүч линиялар үчүн фундаменттер;│
│ │тон" ААК │бардык чыңалуулардагы подстанциялар үчүн курама │
│ │ │темир-бетон; 04-35 кВт чыңалуудагы линиялар үчүн │
│ │ │темир-бетон түркүктөр; курулуштук металл │
│ │ │конструкциялар жана энергия компаниялары үчүн │
│ │ │заказчынын чиймеси боюнча конструкциялар │
├──┼────────────┼─────────────────────────────────────────────────────┤
│25│"Автомаш-Ра-│МТЗ тракторлор (Беларусь); МТЗ трактордун базасындагы│
│ │диатор" ЖчК │экскаватор-бульдозерлор; "Енисей-1200" эгин оргуч │
│ │ │комбайндар; сепкичтер │
└──┴────────────┴─────────────────────────────────────────────────────┘
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | И.Чудинов |