Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 8-октябрындагы № 648 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 600 токтомуна |
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасынын уставы
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 342 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Негизги жоболор
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) укуктук абалын аныктайт.
Ишкана мамлекеттик мүлккө чарба жүргүзүү укугуна негизделген, мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелет.
Ишкана Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасынын укугун улантуучу болуп эсептелет.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерин жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин (мындан ары - Коргоо министрлиги) ведомстволук актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруучу документи болуп Устав эсептелет. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Уюштуруучу) эсептелет.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы болуп Министрлик эсептелет, ал Ишкананын ишин жалпы башкарат, координациялайт жана стратегиялык пландайт.
5. Ишкананын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Аскер курулуш" при Министерстве обороны Кыргызской Республики".
Ишкананын кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Аскер курулуш" МИ";
- расмий тилде: "ГП "Аскер курулуш".
6. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттик менчик болуп эсептелет. Ишкана толук чарбалык эсептешүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
7. Ишкана Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка, анын ичинде валюталык эсептерди белгиленген тартипте ачууга укуктуу.
8. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланкы жана башка атрибуттары бар.
9. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилдик (гарантия) алган учурлардан тышкары, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
10. Уюштуруучу Ишкананын кирешесинин бир бөлүгүн алууга укуктуу.
11. Ишкана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин талаптарына ылайык филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү ачууга укуктуу.
Ишкананын юридикалык дареги: 720077, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Профсоюз көчөсү, 184.
13. Ишкана аскердик дайындалыштагы коммуникация тармагын, өлкөнүн аймагын оперативдүү жабдуу кызыкчылыгында инженердик объекттерди жана курулмаларды долбоорлоо жана куруу менен байланышкан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү (мындан ары - Куралдуу Күчтөр) жана мамлекеттик башкаруучу органы, мыйзам менен аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрү жана мамлекеттик органдары, ошондой эле укук коргоо жана сот органдары үчүн социалдык жана маданий багыттагы объекттерди курууга байланышкан мамлекеттик заказдарды аткаруу боюнча иш жүргүзөт.
2. Ишкананын максаттары, милдеттери жана функциялары
14. Ишкананын ишинин негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) улуттук коопсуздукту, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн коргоону камсыз кылуу менен байланышкан стратегиялык маанидеги товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүдө мамлекеттин, жеке жана юридикалык жактардын муктаждыктарын канааттандыруу;
2) Куралдуу Күчтөрү жана мамлекеттик башкаруучу органы, башка аскердик түзүлүштөрү жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдары, ошондой эле укук коргоо жана сот органдарынын муктаждыгы үчүн товарларды, жумуштарды же товарларды, жумуштарды же аскердик багыттагы коммуникациялык тармактарды долбоорлоо жана куруу менен байланышкан товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү, өлкөнүн аймагын оперативдүү жабдуу максатында инженердик объекттерди жана курулмаларды, социалдык жана маданий багыттагы объекттерди куруу боюнча түздөн-түз мамлекеттик заказды аткаруу;
3) программаларды жана коргоо багытында социалдык долбоорлорду ишке ашыруу.
15. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ушул Уставда аталган максаттарга жетүү жана функцияларды аткаруу;
2) мамлекеттик жана башка заказдын алкагында Куралдуу Күчтөр жана мамлекеттик башкаруучу орган, башка аскердик түзүлүштөр жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдар, ошондой эле укук коргоо жана сот органдары үчүн аскердик дайындалыштагы коммуникация тармагын, инженердик объекттерди, социалдык жана маданий багыттагы объекттерди долбоорлоо жана куруу;
3) келишимдик негизде илимий-изилдөө иштерин аткаруу, өлкөнүн коргонуу кызыкчылыгында жаңы технологияларды жана иштеп чыгууларды ишке киргизүү;
4) келишимдердин негизинде, анын ичинде мамлекеттик эмес заказчылар менен башка иштерди жүзөгө ашыруу;
5) мамлекеттик башкаруу органы тарабынан коюлган башка милдеттерди аткаруу.
16. Ишкана төмөнкүдөй негизги функцияларды аткарат:
1) Куралдуу Күчтөр жана мамлекеттик башкаруучу орган, башка аскердик түзүлүштөр жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдар, ошондой эле укук коргоо жана сот органдары үчүн аскердик багыттагы коммуникация тармагын, инженердик объекттерди жана курулмаларды, казармалык-турак жай фондун (турак жайды), кампаларды, ооруктук, техникалык жана социалдык-маданий багыттагы объекттерди долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо;
2) Ишкананын милдеттерин ишке ашыруу үчүн курулуш жана башка материалдык-техникалык каражаттарды сатып алуу жана жеткирүү;
3) долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу;
4) техникалык сыноолорду, изилдөөлөрдү жана сертификаттоону ишке ашыруу;
5) курулуштун жүрүшүн техникалык көзөмөлдөө, белгиленген мөөнөттө курулуш-монтаждоо иштерин камсыздоого чараларды көрүү, долбоорго ылайык иштин сапаттуу жана өз убагында аткарылышын операциялык контролдоо;
6) долбоорлоо-сметалык документтерди даярдоону жана макулдашууну уюштуруу;
7) курулуш-монтаждоо иштеринин сапатын камсыздоо;
8) зарылдыкка жараша аскердик дайындалыштагы объекттердин кандай түрдөгү болбосун таасир этүүлөргө бекемдигин жана туруктуулугун жогорулатуу маселелери боюнча изилдөөлөрдү жана тажрыйба иштерин жүргүзүү үчүн адистерди тартуу;
9) мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча аскердик дайындалыштагы коммуникациялардын тармактарын өнүктүрүүгө, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында инженердик жана башка объекттерди түзүү бөлүгүндө милдеттенмелерди ишке ашырууга катышуу;
10) Ишканага берилген мүлктүн сакталышы жана багыты боюнча пайдаланылышын камсыздоо;
11) мамлекеттик башкаруучу органга өз иши жөнүндө жыл сайын отчет берүү;
12) Кыргыз Республикасынын жарандык жана шаар куруу мыйзамдарына ылайык башка функцияларды ишке ашыруу.
Лицензия же тиешелүү уруксат талап кылынган иштин түрлөрү боюнча Ишкана өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын лицензия берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан берилүүчү лицензиялардын же уруксаттардын негизинде жүргүзөт.
3. Ишкананын укуктары жана милдеттери
17. Ишкана ушул Уставда аныкталган өз милдеттерин жана функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
2) рыноктук конъюнктурага жараша коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын өз алдынча аныктоого;
3) товарларды, материалдарды, жабдууларды, чийки затты колдонуудагы сатып алынуучу, чекене жана келишимдик баалар боюнча юридикалык жана жеке жактардан, анын ичинде чет өлкөлүктөрдөн сатып алууга;
4) кеңешүүчү, жумушчу, талдоо жана изилдөө топторун түзүүгө;
5) Уюштуруучунун макулдугу менен өз функцияларын ишке ашыруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;
6) обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга, материалдык жана материалдык эмес активдерди алууга, милдеттерди аткарууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
7) юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
8) Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарына ылайык эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин жана башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишкананын иштерин аткаруу үчүн жеке адамдарды белгиленген тартипте ишке тартууга;
9) Ишкананын кызматкерлерин иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышууга жиберүүгө;
10) эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү, кызматташууну ишке ашырууга;
11) Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ишкананын ишин жүргүзүү үчүн зарыл болгон филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү зарылдыкка жараша түзүүгө;
12) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык чарба жүргүзүү укугунда Ишканага таандык болгон жабдууларды, транспорт каражаттарын, шаймандарды жана башка материалдык баалуулуктарды Уюштуруучунун макулдугу менен юридикалык жана жеке жактарга келишимдик негизде берүүгө, ижарага берүүгө;
13) Ишкананын белгиленген максаттарына жана милдеттерине ылайык ишти камсыз кылуу үчүн башка укуктарды ишке ашырууга.
18. Ишкана өзүнүн максатына жетүү жана ушул Уставда аныкталган өз милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
1) Ишкана жумуштарын аткарган жана кызматтарын көрсөткөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен түзүлгөн келишимдер боюнча келишимдик милдеттенмелерди так аткарууга;
2) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын өз каражаттарынын эсебинен Ишкананын кызматкерлери аткарган иштерди каржылоону камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыздоого жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
4) Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жактан жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздоого;
5) ыйгарым укуктуу органдарга Ишкананын керектүү отчетторун өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салык мыйзамдарында, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана өлчөмдө салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө;
6) чарба жүргүзүүгө өткөрүлүп берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыздоого;
7) коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынан тышкары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилеген товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жетекчиликке алууга;
8) мамлекеттик сырлар жана жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сырды жана купуя маалыматтарды сактоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө.
19. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка купуя сырларды, анын ичинде Ишкананын иши токтотулгандан кийин да Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырды жана жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда алынган, жарандардын жеке жашоосуна, ар-намысына жана кадыр-баркына таасир этүүчү маалыматтарды сактоого милдеттүү.
4. Мамлекеттик башкаруучу органдын компетенциясы
20. Мамлекеттик башкаруучу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын ишинин негизги багыттарын аныктоо;
2) Ишкананын Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү же Ишкананын Уставын жаңы редакцияда бекитүү боюнча сунуштарды даярдоо;
3) Ишкананы өзгөртүп түзүү жана жоюу боюнча сунуштарды Уюштуруучуга киргизүү;
4) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитүү;
5) жылдык бюджеттин долбоорун макулдашуу;
6) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашууга андан ары жиберүү үчүн Ишкананын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын макулдашуу;
7) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
8) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын ишке ашырууну талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
9) Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
10) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга кийин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштоо үчүн ишкананын жетекчиси кызмат ордуна талапкерлерди сунуш кылуу;
11) Ишкананын фонддордун, коммерциялык эмес уюмдардын ассоциацияларынын (бирликтеринин) жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ишине катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
12) мамлекеттик ишкaнaлapдын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка маселелерди чечүү.
21. Мамлекеттик башкаруучу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) тейлеген иш чөйрөсүндөгү тармактык саясаттын маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү Ишканага берүүгө, финансылык (бухгалтердик) отчеттун документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишин жана өнүктүрүүнүн стратегиялык планын талдоого зарыл болгон башка материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого;
2) Ишкананын жетектөөчү курамынын отчетторун угууга;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын жетекчисин кызмат ордунан бошотуу, ага карата тартиптик жаза чараларын жана сыйлоо чараларын колдонуу жөнүндө сунуш киргизүүгө.
Мамлекеттик башкаруучу орган мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга да ээ.
22. Мамлекеттик башкаруучу орган төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыздоого;
2) Ишкананын иши менен байланышкан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү камсыз кылууга;
3) Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарын бузган фактылар белгилүү болгондо укук коргоо органдарына маалымат берүүгө;
4) коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга таратпоого;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Мамлекеттик башкаруучу орган мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди да аткарат.
5. Ишкананы башкаруу
23. Ишкананы директор башкарат.
24. Ишкананын директорун Ишкананын жетекчиси кызмат ордуна карата квалификациялык талаптарга ылайык келген, мамлекеттик башкаруучу орган сунуштаган кызмат адамдарынын ичинен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунуштоосу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы дайындайт.
25. Ишкананын жетекчиси кызмат ордуна дайындалган директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын директору эмгек келишимин түзгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
Ишкананын директору мамлекеттик башкаруучу органдын макулдугу менен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордунан бошотулат.
26. Ишкананын директору ээлеген кызматынан төмөнкү учурда мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) ишинде жана Ишкананын финансы-чарбалык ишинин жылдык жыйынтыгынын отчетун кароонун натыйжасы боюнча канааттандырарлык эмес деген баа алганда;
2) иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
3) эмгек келишими боюнча өз милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай аткарбаганда;
4) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүн начарлатууга алып келген квалификациялуу эмес иш-аракеттери үчүн;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
27. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын учурдагы финансы чарбалык ишин башкаруу;
2) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын (бизнес-планын) ишке ашыруу;
3) мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга келерки жылга Ишкананын бюджетинин долбоорун жана өткөн жылдын бюджетин аткаруу жөнүндө отчетту бекитүүгө берүү;
4) мамлекеттик башкаруучу органга жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын финансы-чарбалык иши жана өнүктүрүүнүн стратегиялык планын аткаруу жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин жана мамлекеттик башкаруучу органдын ведомстволук актыларынын аткарылышын камсыздоо;
6) мамлекеттик башкаруучу орган жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитүү;
7) кызматкерлерди жалдоонун жана бошотуунун шарттарын, анын ичинде эмгек акы төлөө фондун бекитүү;
8) кызматчылардын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
9) Ишкананын уюштуруу-тескөө документтерин кабыл алуу;
10) бухгалтердик жана статистикалык эсепти жүргүзүүнү уюштуруу;
11) ушул Уставга ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
28. Ишкананын директору төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик башкаруучу органга жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана рекомендациялар менен кайрылууга;
2) Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, ушул Уставга жана Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү, подряддык келишимдерди (көрсөткөн кызматтарын, сатып алынган товарлардын сандык, сапаттык жана нарктык параметрлерин так көрсөтүү менен) түзүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;
4) Ишкананын алдындагы максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга.
Ишкананын директору мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга ээ.
29. Ишкананын директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик башкаруучу органдын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча отчетторду, Ишкананын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттук документтерди, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишин жана өнүктүрүүнүн стратегиялык планын талдоо үчүн зарыл болгон башка материалдарды, маалыматтарды, рекомендацияларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди мамлекеттик башкаруучу органдын кароосуна киргизүүгө, ошондой эле аны Ишкананын бардык чөйрөдөгү ишине байланышкан зарыл болгон бардык маалыматтар жана документтер менен камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыздоого;
4) Ишкананын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарын бузган фактылар тууралуу ага белгилүү болгондо укук коргоо органдарына ал жөнүндө маалымат берүүгө;
5) үчүнчү жакка коммерциялык же башка мыйзам менен корголуучу купуя болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтарды таратпоого;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө белгиленген тартипте маалымат берүүгө.
Ишкананын директору мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди аткарат.
30. Ишкананын директорунун чечими буйрук формасында кабыл алынат.
31. Ишкананын директору:
1) Ишкананын атынан ишеним катсыз аракеттенет;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде Ишкананын кызыкчылыктарын коргойт;
3) Ишкананын кызматкерлерин жумушка кабыл алат жана бошотот;
4) Ишкананын кызматкерлерине карата тартиптик жаза чараларын жана сыйлоо чараларын көрөт;
5) өз компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери милдеттүү түрдө аткара турган буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
6) Ишкананын кызматкерлерине ишеним кат берет;
7) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
8) финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун абалы, Ишкананын финансы каражаттарынын, мүлкүнүн жана башка активдеринин максаттуу пайдаланылышы, өндүрүштө коопсуздук техникасынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
9) мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
32. Ишкананын директору ага жүктөлгөн функциялык милдеттердин талаптагыдай аткарылышы үчүн жекече жоопкерчилик тартат.
33. Ишканада директордун орун басарынын кызмат орду каралган. Ишкананын директорунун орун басары Ишкананын директорунун сунушу менен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
34. Ишкананын директорунун орун басары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт.
35. Ишкананын директору кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда бош кызмат орду ээленгенге чейин анын милдеттерин аткаруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык директордун орун басарына же Ишкананын кызматкерлеринин бирине жүктөлөт.
36. Ишкананын башкы бухгалтери кызмат ордуна Ишкананын директору тарабынан дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, түздөн-түз директорго баш иет.
37. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Ишкананын ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
38. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга ээ.
39. Ишкананын башка уюмдар, жалданган кызматкерлер, жарандар менен болгон чарбалык иштин бардык чөйрөсүндөгү мамилелери келишимдердин негизинде түзүлөт.
6. Ишкананын жетектөөчү курамы
40. Ишкананын жетекчилик курамына төмөнкү адамдар кирет:
1) директор, директордун орун басары;
2) башкы бухгалтер.
41. Ишкананын жетекчилик курамына кирген жактар өздөрүнүн укуктарын ишке ашырууда жана милдеттерин аткарууда Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн аракеттенүүгө тийиш.
Жетекчилик курамга кирген адамдар мамлекеттик, коммерциялык же башка мыйзам менен корголуучу сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
42. Ишкананын жетекчилик курамына төмөнкү адамдар кире алышпайт:
1) чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандуулукка ээ болгондор, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык же башка кылмыштар үчүн соттолгон жактар, анын ичинде жоюлганына карабастан;
3) канааттандырарлык эмес иши үчүн уюмдун жетекчисинин ээлеген кызмат ордунан мурда бошотулган адамдар;
4) менчигинин түрүнө карабастан, чарбалык субъектте мурда жетектөөчү кызмат ордун ээлеп, аны банкроттукка алып келгендер;
5) мамлекеттик, административдик, саясий, атайын кызмат ордун, саясий жана административдик муниципалдык кызмат ордун ээлегендер.
Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар кызмат ордун ээлеп турган мезгилде бир эле учурда өз алдынча же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик жүргүзүүгө, уюштуруучулук-укуктук жана менчигинин түрүнө карабастан, коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укуксуз.
7. Эсепке алуу, пландаштыруу, отчеттуулук
43. Ишкана финансы-чарбалык ишин стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыгуучу жылдык бюджетке ылайык жүргүзөт.
Стратегиялык өнүктүрүү планы Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруучу орган тарабынан бекитилет.
44. Ишкананы стратегиялык өнүктүрүү планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) Ишкананын ишинин максаттарын жана негизги багыттарын;
2) тармактын жана рыноктун сыпатталышын, Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсүн;
3) Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин катышуусунун зарылдыгын негиздөө;
4) Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоо;
5) товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планы;
6) уюштуруу планы;
7) финансылык план;
8) тобокелдиктерди талдоо.
45. Ишкана бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык финансылык отчетту түзөт. Ишкананын финансылык отчеттуулугу кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлөт.
46. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана финансы-чарбалык иштин натыйжалары жөнүндө отчетторду төмөнкүлөргө берет:
1) ички аудиторго (Ишкананын уюштуруу түзүмүндө ички аудит кызматы бар болгон учурда);
2) мамлекеттик башкаруучу органга;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга.
47. Жыл сайын, 1-мартка чейинки мөөнөттө Ишкананын директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашылган Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө, анын ичинде Ишкананын өткөн жыл үчүн бюджетинин аткарылышы тууралуу отчетту киргизет.
48. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу жана экономикалык маалыматты чогултуу жана иштеп чыгуу жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды берет.
Маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте талап кылынган маалыматты берүүдөн баш тартуу, толук эмес маалымат берүү же аны бурмалоо, ошондой эле отчеттуулукту бурмалоо үчүн Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
49. Ишкананын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде жүргүзүлөт.
8. Ишкананын мүлкү жана финансы каражаттары
50. Ишкана мамлекеттик мүлккө чарба жүргүзүү укугуна негизделген жана ага бекитилип берилген мүлккө менчик укугуна ээ эмес. Мүлктү пайдалануунун негизи болуп Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен мамлекеттик менчик болуп саналган жана Ишкананын балансына өткөрүлүп берилген кыймылсыз мүлк объекттерине, негизги каражаттарга жана башка мүлккө чарба жүргүзүү укугу саналат.
51. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле башка материалдык баалуулуктар түзөт, алардын наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылат.
52. Ишкананын мүлкүн түзүүчү булактар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) чарба жүргүзүү укугунда Ишканага бекитилип берилген мүлк;
2) өзүнө бекитип берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун жыйынтыгында алынган же сатып алынган мүлк, анын ичинде кирешелер, натыйжалар, продукциялар;
3) чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка ар кандай булактар.
53. Ишкана тарабынан өзүнүн финансы-чарбалык ишинин кирешесинин же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жаңыдан түзүлгөн, алынган жана сатылып алынган мүлк мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана уставдык максаттарга жана иш предметине ылайык Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө (ижарага берүү) укуктарын ишке ашырат.
54. Ишкананын мүлкүн ээликтен ажыратуу, ошондой эле аны чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталына салым катары киргизүү мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
55. Ишкана өз мүлкүн инвентаризациялоого жана инвентаризациялоонун жыйынтыгын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген мөөнөттө жана тартипте берүүгө милдеттүү.
56. Ишкана жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебине таза пайданын алар бекиткен бөлүгүнүн өлчөмүн, бирок 50 пайыздан кем эмесин, кийин республикалык бюджетке отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө жиберүү менен которот.
9. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
57. Ишкананы кайра уюштуруу бириктирүү, кошуу, ажыратуу, бөлүү же өзгөртүп түзүү формасында жүзөгө ашырылат.
Ишкананы бириктирүү, кошуу, ажыратуу же бөлүү түрүндө кайра түзүү жөнүндө чечим мамлекеттик башкаруучу органдын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Уюштуруучу тарабынан кабыл алынат.
58. Ишкана төмөнкүдөй жоюлат:
1) мамлекеттик башкаруучу органдын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
59. Ишкананы жоюу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен жоюлуп жаткан Ишкананын, мамлекеттик башкаруучу органдын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарылдыгына жараша башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясын жоюлуп жаткан Ишкананын жетекчиси башкарат.
Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып, ал Ишкананын ишин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот.
60. Ишкананын иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.