Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 8-октябры № 622
"Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин 2008-жылдын 14-ноябрында Кишинев шаарында кол коюлган Кант диабет оорунун көбөйүшүнө каршы күрөш жөнүндө макулдашуусун ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин 2008-жылдын 14-ноябрында Кишинев шаарында кол коюлган Кант диабет оорунун көбөйүшүнө каршы күрөш жөнүндө макулдашуусун ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
Долбоор
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин 2008-жылдын 14-ноябрында Кишинев шаарында кол коюлган Кант диабет оорунун көбөйүшүнө каршы күрөш жөнүндө макулдашуусун ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин 2008-жылдын 14-ноябрында Кишинев шаарында кол коюлган Кант диабет оорунун көбөйүшүнө каршы күрөш жөнүндө макулдашуусу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине Кыргыз Республикасы аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы жөнүндө билдирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|