Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 9-октябры № 628
Республикалык маанидеги "Айгүл-Таш тоосу" мамлекеттик ботаникалык заказникти түзүү жөнүндө
"Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, уникалдуу табигый комплекстерди жана биологиялык түрлөрдү сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен облусунун Баткен районунун аймагында Республикалык маанидеги "Айгүл-Таш тоосу" мамлекеттик ботаникалык заказник 10 жыл мөөнөткө түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте:
- Республикалык маанидеги "Айгүл-Таш тоосу" мамлекеттик ботаникалык заказниктин чек арасын, жерлеринин экспликациясын жана паспортун белгиленген тартипте, акысыз түзсүн;
- Республикалык маанидеги "Айгүл-Таш тоосу" мамлекеттик ботаникалык заказник жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин;
- өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын режими тийиштүү түрдө сакталышын камсыздасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |