Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 9-октябры №631
"Кыргыз Республикасы мүчө болгон эл аралык уюмдарга жана КМШнын алкагындагы интеграциялык бирикмелерге 2009-жылы мүчөлүк, үлүштүк акыларды төлөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-июлундагы №464 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасы мүчө болгон эл аралык уюмдарга мүчөлүк, үлүштүк акыларды төлөө менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасы мүчө болгон эл аралык уюмдарга жана КМШнын алкагындагы интеграциялык бирикмелерге 2009-жылы мүчөлүк, үлүштүк акыларды төлөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-июлундагы № 464 токтому менен бекитилген Мүчөлүк акылары 2009-жылы биринчи кезектеги тартипте төлөнүүчү эл аралык уюмдардын тизмесине төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
"
Укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясы | 188152,32 |
|
";
- "Бардыгы" позициясы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"
Бардыгы: | 69793054,55 |
|
".
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тез арада ушул токтомдун 1-пунктунан келип чыгуучу чараларды көрсүн.
3. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | И.Чудинов |