Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 9-октябры №635
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 11-ноябрындагы № 531 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү коомчулуктарынын коммуналдык менчигине объекттерди өткөрүп берүү тартиби жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Мамлекеттик менчикти натыйжалуу башкаруу максатында жана "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 11-ноябрындагы №531 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү коомчулуктарынын коммуналдык менчигине объекттерди өткөрүп берүү тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2-тиркемесинин "Кажы-Сай айыл өкмөтү" бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
"
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тоодогу куткаруу кызматынын 8-өзүнчө аскерлештирилген взводунун имараттары жана курулмалары танапташ аймагы менен | 4 | 15,545 |
|
".
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |