Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 9-октябры № 636
Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 27-главасына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4, 8 жана 20-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айылдык округунун Беш-Бадам участогунда жайгашкан 12,0 га, анын ичинде Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 9,2 га кайрак айдоосу, 2,8 га жайыт жерлерин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу менен "Ош Азия" жоопкерчилиги чектелген коомуна чакан кыш заводун куруу жана сырье иштетүүчү карьер үчүн пайдаланууга берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участокту белгиленген тартипте берүүдө "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып коюуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 токтому менен белгиленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруунун наркынын суммасынын төлөнүшүн;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер участокту берүүдө Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айыл өкмөтү менен ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участокко ижара келишиминин түзүлүшүн;
долбоордук-сметалык документтерди колдонуудагы нормаларга жана эрежелерге ылайык макулдашууну жана экспертизанын жүргүзүлүшүн;
бөлүнүүчү жер участокто экологиялык жана техникалык коопсуздук, кенди коргоо жана пайдалануу жагында эксперттик корутундулар менен тиешелүү долбоордук документтердин белгиленген тартипте иштеп чыгарылышын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |