Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 16-октябры № 642
"Кишинев шаарында 2008-жылдын 14-ноябрында кол коюлган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Эмгекчи-мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктук статусу жөнүндө конвенцияны ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кишинев шаарында 2008-жылдын 14-ноябрында кол коюлган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Эмгекчи-мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктук статусу жөнүндө конвенцияны ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 29-октябрындагы № 1461-IV "Кишинев шаарында 2008-жылдын 14-ноябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Эмгекчи-мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктук статусу жөнүндө конвенцияны ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө" токтому КР 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 305 "Кишинев шаарында 2008-жылдын 14-ноябрында кол коюлган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин эмгекчи-мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктук статусу жөнүндө конвенцияны ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы
3. Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аталган мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
Долбоор
1-берене.
Кишинев шаарында 2008-жылдын 14-ноябрында кол коюлган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Эмгекчи-мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктук статусу жөнүндө конвенция ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Конвенция күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|