Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 16-октябры № 643
2009-жыл үчүн кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү сапат боюнча Кыргыз Республикасынын сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө
Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жагында орчундуу натыйжаларга жетишкени, алардын коопсуздугун камсыздаганы жана сапатка менеджменттин жогорку натыйжалуу ыкмаларын киргизгени үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2009-жыл үчүн кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү сапат боюнча Кыргыз Республикасынын сыйлыктары төмөнкүлөргө ыйгарылсын:
- "Маб-Ула" жоопкерчилиги чектелген коому ("Ja№№at" отели), Бишкек шаары;
- "Асиф" жоопкерчилиги чектелген коому ("Дружба" рестораны), Бишкек шаары;
- "Бакыт" балдардын облустук реабилитация борбору, Жалал-Абад шаары.
2. 2009-жыл үчүн кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү сапат боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн диплому менен төмөнкүлөр сыйлансын:
- "Ак-Кеме" мейманканасы" Кыргызстандык-малайзиялык биргелешкен ишкана" жоопкерчилиги чектелген коому, Бишкек шаары;
- "Жилпромстрой" жоопкерчилиги чектелген коому ("Три короны" отели), Ысык-Көл облусу;
- "Каркыра" жоопкерчилиги чектелген коому ("Каркыра" мейманкана комплекси), Ысык-Көл облусу;
- "Aiko Seiko" жоопкерчилиги чектелген коому ("Каныкей" рестораны), Ысык-Көл облусу;
- "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун филиалы "Кыргызское взморье" санаторийи, Ысык-Көл облусу;
- "Кочкор-Ата" региондук медициналык реабилитация борбору, Жалал-Абад облусу;
- "Жалал-Абад" санаторийи, Жалал-Абад шаары;
- жеке ишкер Т.Абдулмажитова ("Золотой фазан" рестораны), Бишкек шаары;
- жеке ишкер М.Усманов ("Атабек" кафеси), Ош шаары.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министр | И.Чудинов
|