Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 19-октябрындагы № 647
«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын коммуналдык менчигине объекттерди өткөрүп берүү тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 11-ноябрындагы № 531 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Мамлекеттик менчикти натыйжалуу башкаруу жана муниципалдык менчикке өткөрүп берилүүчү объекттерди пайдаланууну тартипке салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Панфилов районунун Панфиловка айылында жайгашкан Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун № 2 имараты Курама айыл округунун муниципалдык менчигине өткөрүп берилсин.
2. «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын коммуналдык менчигине объекттерди өткөрүп берүү тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 11-ноябрындагы № 531 токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- аталган токтомдун «Чүй облусу боюнча айыл өкмөттөрүнүн жергиликтүү жамааттарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берилүүчү объекттердин тизмеси» деген 6-тиркемесиндеги «Панфилов айыл өкмөтү» бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
«
Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун № 2 имараты, Панфиловка айылы, Кайыңды көчөсү, 24 | 1 | 115,5 |
».
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Панфилов районунун Панфиловка айылында жайгашкан Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун № 2 имаратын Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Панфилов районунун Курама айыл округунун муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
И. Чудинов |