Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 19-октябры №648
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылга Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын аткаруунун жүрүшү жана 2009-жылга Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-январындагы №60 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылга Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын аткаруунун жүрүшү жана 2009-жылга Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-январындагы № 60 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылга Мыйзам долбоорлоо иштеринин планына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 35-пункт алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылга Мыйзам долбоорлоо иштеринин планына андан ары киргизүү менен "Электр жана почта байланыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иштеп чыгууну 2010-жылы жүргүзсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |