Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-мартындагы №143 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 29-октябры № 667
"Мүлктү, билдирилбеген салыктык жана бажылык милдеттенмелерди легалдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мүлктү, билдирилбеген салыктык жана бажылык милдеттенмелерди легалдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аталган мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Д.Усенов |
Долбоор
1-берене.
"Мүлктү, билдирилбеген салыктык жана бажылык милдеттенмелерди легалдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2009-жылдын 7-августу, № 68-69) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Мүлктү (капиталды) амнистиялоо жана легалдаштыруу жөнүндө".
2. Преамбула төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Бул Мыйзам мүлктү легалдаштыруу боюнча бир жолку акцияны өткөрүүгө гана жана ага байланыштуу адамдарды жазык, администрациялык жана башка жоопкерчиликтен бошотууга багытталган.".
3. 2-беренеде:
- үчүнчү абзацтын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Жеке адамдар ыйгарым укук берилген мамлекеттик органга легалдаштыруу жөнүндө ыктыярдуу декларация берген күндөн тартып, ал эми юридикалык жактар - арыз берген күндөн тартып легалдаштыруу субъекттеринин статусуна ээ болот.".
- бешинчи жана алтынчы абзацтар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк - Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык аныкталуучу мүлк.
Амнистия - бул Мыйзамга ылайык мүлктү легалдаштырган адамдарды жазык, администрациялык жана башка жоопкерчиликтен бошотуу.";
- тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Мүлктү легалдаштыруу жөнүндө декларация - мүлктү легалдаштыруу фактысын ырастаган документ. Мүлктү легалдаштыруу жөнүндө декларациянын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
4. 3-беренеде:
- биринчи абзацтагы "таризделген жүгүртүүдөн" деген сөздөр "жүгүртүүдөн жана (же) таризделген" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзац алып салынсын.
5. 4-беренеде:
- 1 жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Мүлктү легалдаштырылган субъекттер төмөнкүлөрдө каралган кылмыштардан (укук бузуулардан) тышкары учурларда 2008-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде жасаган кылмыштары (укук бузуулары) үчүн жазыктык, администрациялык жана башка жоопкерчиликтен бошотулат:
1) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 16, 17, 18, 19, 20, 21, 24-главаларында, 25-главанын 246-254, 259-264-беренелеринде, 30-главанын 305-1-беренесинде, 31, 32, 33, 34-главаларында;
2) Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 7, 8, 11, 12, 13, 14, 17, 20, 21-главаларында, 28-главанын 364-368, 371, 386, 388, 399-беренелеринде, 30-главанын 400-401, 403-404, 406-422-беренелеринде, 31, 31-1, 32, 33, 34-главаларында, 35-главанын 498 - 504-7, 504-9 - 504-31, 504-34 - 505-главаларында, 35-1, 35-2-главаларында.
2. Легалдаштыруу субъекти болуп саналган чарбакер субъекттердин кызмат адамдары бул статьянын 1-бөлүгүнө ылайык жазыктык, администрациялык жана башка жоопкерчиликке тартылышпайт.";
- 4-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын;
- 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"5. Легалдаштырылган мүлккө карата текшерүүлөрдүн ар кандай түрлөрүн, процесстик аракеттерди жасоого, анын ичинде жазыктык куугунтук жүргүзүү же администрациялык жаза чара колдонуу боюнча аракеттерди жүргүзүүгө тыюу салынат.
Мүлктү легалдаштыруу процессинде алынган, ошондой эле мүлктү легалдаштырууга мүмкүндүк бербөөгө багытталган маалыматты легалдаштыруу субъектине залал келтирүү үчүн пайдаланууга тыюу салынат.";
- 7-бөлүк "салыктык" деген сөздөн кийин "жана башка" деген сөздөр менен толукталсын;
- 8-бөлүктүн 3-пункту "салык салуу" деген сөздөрдөн кийин "бажы төлөмдөрү жана социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр" деген сөздөр менен толукталсын.
6. 5-беренедеги "2009-жылдын 1-октябрынан тартып 31-декабрына чейинки" деген сөздөр "2009-жылдын 1-октябрынан тартып 2010-жылдын 1-апрелине чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 6-беренеде:
2-бөлүктүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Аталган Мыйзамга ылайык декларация берген адамдарга бул Мыйзамдын 4-беренесинин жоболору таралбайт.";
- 3-бөлүктө:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1) Декларация ыйгарым укук берилген мамлекеттик органга төмөнкүлөрдү тиркөө менен берилет:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталууга тийиш болгон мүлккө карата укук белгилөөчү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
- калган мүлккө карата бул мүлк ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен легалдаштыруу субъектине таандык экендигин көрсөтүүчү маалымат же документтер берилет.
Декларация эки нускада түзүлөт жана ыйгарым укук берилген мамлекеттик органга легалдаштыруу субъектинин жеке өзү тарабынан берилет.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталууга жаткан мүлктүн ар бирине укук белгилөөчү (укугун күбөлөндүрүүчү) документтердин көчүрмөлөрү берилет.
Калган мүлккө карата бул мүлктүн легалдаштыруу субъектисинин тескөөсүндө экендиги жөнүндө маалымат берилет.
Чет өлкөлөрдө жайгашкан мүлккө карата менчик укугун ырастаган документтерди берүүдө легалдаштыруу субъекти документтердин мамлекеттик же расмий тилге расмий котормосун тиркейт. Мүлктүн наркын баалоону легалдаштыруу субъекти өзү жүзөгө ашырат.";
2-пунктта:
- төртүнчү абзац "менчик укугу" деген сөздөрдөн мурда "легалдаштыруу субъектинин мамлекеттик катталууга жаткан мүлккө" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Текшерүүнүн жүрүшүндө мүлктү легалдаштыруу жөнүндө берилген декларацияда калпыстыктар табылса, легалдаштыруу субъекти жаңы декларацияны толтурууга жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мүлктү легалдаштыруу мөөнөтү мезгилинде берүүгө укуктуу.";
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3) ушул бөлүктүн 2-пунктунда каралган жол-жоболорду аткаруунун жыйынтыгы боюнча декларациянын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органынын жооптуу адамынын мөөрү жана коюлган колу менен күбөлөндүрүлгөн экинчи нускасы легалдаштыруу субъектисине кайтарылып берилет. Жеке адамдын мүлкүн легалдаштыруу жол-жобосу легалдаштыруу субъекти ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын жооптуу адамынын мөөрү жана коюлган колу менен күбөлөндүрүлгөн декларациянын экинчи нускасын алган күндөн тартып бүткөрүлдү деп эсептелинет.";
- 4-бөлүктө:
1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Легалдаштырууга берилген акчалай каражаттар (анын ичинде легалдаштыруу мезгилинде эсеп ачуу менен) 2008-жылдын 31-декабрына чейин болгон мүлк деп эсептелинет;";
2 жана 5-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
- 6-бөлүктөгү "киреше салыгы" деген сөздөр "салыктардын" деген сөзгө алмаштырылсын.
8. 7-беренеде:
- 2-бөлүктө:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Юридикалык жактын мүлктү легалдаштыруусу төмөнкүдөй тартипте жүзөгө ашырылат:";
3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3) ушул бөлүктүн 2-пунктунда каралган аракеттер аякталгандан кийин юридикалык жак ыйгарым укук берилген мамлекеттик органга мүлктү легалдаштыруу жөнүндө декларацияны жана бухгалтердик балансты берет. Декларация жана бухгалтердик баланс эки нускада берилет.";
- 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3. Юридикалык жактын мүлкүн легалдаштыруу жол-жобосу легалдаштыруу субъекти ыйгарым укук берилген органдын жооптуу адамынын мөөрү жана коюлган колу менен күбөлөндүрүлгөн, мүлктү легалдаштыруу жөнүндө декларациянын жана бухгалтердик баланстын экинчи нускасын алган күндөн тартып аякталган деп эсептелинет.".
9. 9-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Бул Мыйзам күчүнө киргенде легалдаштыруу субъекттеринин бардык билдирилбеген салыктык, бажылык милдеттенмелер жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу взностору боюнча милдеттенмелер 2008-жылдын 31-декабрына чейин келип чыккандар деп, ал эми бул милдеттенмелер боюнча проценттер жана үстөктөр тындырылган деп эсептелинет. Бул милдеттенмелерге карата эч кандай жазыктык, администрациялык же башка териштирүүлөр келип чыкпоого тийиш.".
10. 11-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"11-берене. Легалдаштыруу субъекттерине амнистия берүүнүн жол-жобосу
Ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган мүлктү легалдаштыруу жөнүндө декларацияны кабыл алган күндөн тартып легалдаштыруу субъекттерине карата бардык тергөөдөгү жана тергөө органдарынын өндүрүшүндө турган жазыктык жана администрациялык иштер токтотула турат.
Легалдаштыруу субъектине берилген мүлктү легалдаштыруу жөнүндө декларация легалдаштыруу субъектин 2008-жылдын 31-декабрына чейин жасалган кылмыштар (укук бузуулар) үчүн жазыктык, администрациялык жоопкерчиликтен бошотуу үчүн негиз болуп саналат.
Бул Мыйзамдын колдонулушу 2008-жылдын 31-декабрына чейин соттолгон жана жазасын өтөп жаткан адамдарга таралбайт.".
11. 12-беренеде:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Жазыктык жоопкерчиликке тартылуучу же тартылган адамдарга карата бул Мыйзамды аткаруунун тартиби";
- берененин мазмуну 1-бөлүк деп эсептелсин:
- 1-бөлүктө:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Мүлкүн легалдаштырган адамдар жазык жоопкерчилигинен төмөнкү органдар тарабынан бошотулат:";
1-пункттагы "тергөө органдарына" деген сөздөр "тергөө органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2) соттор:";
- төмөнкүдөй мазмундагы 2-4-бөлүктөр менен толукталсын:
"2. Мүлкүн легалдаштырган адамды жазык жоопкерчилигинен бошотуу прокурор санкция берген тийиштүү органдын (кызмат адамынын) токтомунун негизинде, ал эми соттор тарабынан каралып жаткан иштерге карата соттун токтомунун негизинде жүзөгө ашырылат.
3. Мүлкүн легалдаштырган адамдар администрациялык жоопкерчиликтен, алардын администрациялык жоопкерчилиги жөнүндө иштер өндүрүшүндө кароодо турган администрациялык жоопкерчилик органдары тарабынан бошотулат.
4. Бул Мыйзамды колдонуу прокурор санкция берген тийиштүү органдын (кызмат адамынын) токтомунун негизинде, ошондой эле соттун токтомунун негизинде жүзөгө ашырылат.".
12. 13-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"13-берене. Бул Мыйзамды колдонуу
1. Салык, бажы мыйзамдары, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдар ушул Мыйзамда жөнгө салынуучу аракеттерге жана окуяларга карата колдонулбайт.
2. Бул Мыйзамдын нормалары менен башка мыйзамдардын ортосунда карама-каршылык пайда болгон учурда бул Мыйзамдын нормалары колдонулат.".
13. Төмөнкүдөй мазмундагы 13-1-берене менен толукталсын:
"13-1-берене. Текшерүүлөрдү жүргүзүүгө мораторий
Мүлктү легалдаштыруу мезгилинде төмөнкүлөрдөн башка текшерүүлөрдүн ар кандай түрлөрүн жүргүзүүгө жол берилбейт:
- бюджеттик уюмдардын;
- өрт, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукка байланышкан;
- юридикалык жакты жоюуга же жекече ишкердин ишин токтотууга байланышкан".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|