Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 29-октябры № 669
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде аталган мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Д.Усенов |
Долбоор
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2004-ж., № 11, 498-берене) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-берене менен толукталсын:
"3-1-берене.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу атайын орнотулган флагштокто дайыма көтөрүлүп турат:
- Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында;
- Ош шаарынын Борбордук аянтында.
Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында көтөрүлгөн мамлекеттик туу Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын ардактуу кароолунун кайтаруусу менен камсыз кылынат.".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|