Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 2-ноябры № 674
"Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 2-пунктуна ылайык ушул мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри - ЕврАзЭСтеги атайын өкүлү аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Д.Усенов |
Долбоор
"Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2007-жылдын 14-августу, № 58) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
1. 1-берененин 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 2 жана 3-бөлүктөр менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды жана инновацияларды өнүктүрүү боюнча борбордук агенттиги Фонддун акцияларын башкаруу боюнча мамлекеттин агентинин функцияларын аткарат, ошондой эле аларды кармоочу (акционер) болуп эсептелет.
Фонддун акцияларын сатууга, күрөөгө коюуга, кандайдыр бир башка ыкмалар менен милдеттерди артууга же алып коюуга мүмкүн эмес".
2. 3-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-берене. Фонддун максаты
Фонддун ишинин негизги максаты активдердин сакталышын жана көбөйтүлүшүн камсыз кылуучу мамлекеттин ишенип берилген активдерин натыйжалуу корпоративдик башкаруу жолу менен экономиканын артыкчылыктуу жана стратегиялык тармактарын өнүктүрүүгө, ишке ашырууга жана стимулдоого көмөк көрсөтүү болуп эсептелет.".
3. 5-берененин 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 7) жана 8) пунктчалар менен толукталсын:
"7) мамлекеттик-жеке өнөктөштүктөрдө анын агенти катары мамлекеттин чыгышы;
8) Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды жана инновацияларды өнүктүрүү боюнча борбордук агенттигине консультациялык, эксперттик жана аналитикалык кызматтарды көрсөтүшү.".
4. 9-берененин 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 3) жана 4) пунктчалар менен толукталсын:
"3) өзүнүн атынан баалуу металлдарды сатып алуу жана сатуу;
4) баалуу кагаздарды жана башка мүлктөрдү ишеним менен башкаруу.".
5. 12-беренеде:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Фонд Фонддун акционери тарабынан аныкталган талаптарга жооп берүүчү улуттук долбоорлорду каржылайт.
Долбоорго Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча "улуттук" статусу берилет.".
12-берененин бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөлөрдөгү "долбоорлор" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө "улуттук долбоорлор" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 14-берененин 1-пунктунун 1) пунктчасындагы "долбоорлор" деген сөз "улуттук долбоорлор" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. 15-берененин 1-пунктунда "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр "анын акционери" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8. 16-берененин 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Фонддун таза пайдасын бөлүштүрүү тартиби Директорлор кеңешинин рекомендацияларынын негизинде анын акционери тарабынан аныкталат.".
9. 6-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-глава
Фонддун башкаруу органынын түзүмү
20-берене. Фонддун башкаруу органдары
1. Фонддун башкаруу органы болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) жогорку органы - акционер;
2) байкоо жүргүзүүчү органы - Директорлор кеңеши;
3) аткаруу органы - Башкарманын төрагасынын жетекчилиндеги Башкарма;
4) контролдоочу органдар - Ички аудитор жана Тобокел-менеджер.
2. Фонддун башкаруу органдарынын функциялары, ыйгарым укуктары, түзүүнүн жана ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Фонддун уставы менен аныкталат.
3. Мамлекеттик кызматчылар Фонддун акционеринин чечими менен анын башкаруу органына дайындалышы мүмкүн. Фонддун, ошондой эле анын акционеринин жетекчилери жана кызматкерлери өз милдеттерин аткаргандыгы үчүн акы алуу укугу менен коммерциялык жана башка уюмдардын башкаруу органдарында, анын ичинде Фонд тарабынан каржыланчу улуттук долбоорлорду ишке ашыруучу юридикалык жактарда болууга, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү башкаруу органдарына кирүүгө укуктуу.
21-берене. Фонддун акционери
1. Фондду башкаруунун жогорку органы болуп анын акционери эсептелет, ал ушул Мыйзамда аныкталган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген акционерлердин жалпы чогулушунун компетенциясынын алкагында Фонддун ишинин маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат.
2. Фонддун акционеринин өзгөчө компетенциясына анын ишинин төмөнкүдөй атайын маселелери кирет:
1) Фонддун ишинин негизги принциптерин, багыттарын, артыкчылыктарын жана параметрлерин бекитүү;
2) Фонддун кредиттик жана инвестициялык саясатын ишке ашыруу максаты үчүн экономикалык стратегиялык жана артыкчылыктуу тармактарынын тизмесин аныктоо;
3) Улуттук долбоорлорду Фонддун каржылоосу үчүн өткөрүп берүү. Мындай каржылоонун кредиттик жана инвестициялык тобокелдерин баалоону Фонддун Директорлор кеңеши жүргүзөт.
4) Мамлекеттин атынан Фонд мамлекеттик-жеке өнөктөштүккө кирүү. Мындай өнөктөштүктө Фонддун катышуусунун тобокелин баалоону Директорлор кеңеши жүргүзөт.
3. Фонддун акционеринин регламенти жана чечимдерди кабыл алуу жол-жоболору анын уставы менен аныкталат.
22-берене. Фонддун Директорлор кеңеши
1. Директорлор кеңеши Фонддун ишине жалпы жетекчиликти жүргүзүүчү аны башкаруунун коллегиялык байкоочу органы болуп эсептелет.
2. Директорлор кеңешинин компетенциясы ушул Мыйзамда аныкталган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Фонддун уставы менен аныкталат.
3. Фонддун Директорлор кеңешинин өзгөчө компетенциясына анын ишинин төмөнкүдөй атайын маселелери кирет:
1) акционер тарабынан бекитилген багыттардын, принциптердин, артыкчылыктардын жана анын ишинин параметрлеринин негизинде Фонддун инвестициялык жана ишкердик стратегияларын, пландарын жана саясатын түзүү, бекитүү жана маалы менен жаңыртып туруу;
2) Фонддун операциялык жана инвестициялык ишинин негизги тобокелдерин аныктоо, ушул тобокелдер үчүн чектик деңгээлди белгилөө, ошондой эле аны башкарууну уюштуруу;
3) Фонддун аткаруу органдарынын ишине көзөмөл жүргүзүү;
4) Фонддун ички контролдоону адекваттуу жана натыйжалуу системасын түзүү жана сактоо;
5) Фонддун ишинин жана анын банк-катышуучулар, кредиторлор жана башка үчүнчү жактар менен өз ара аракеттеринин регламентин жана эрежесин бекитүү;
6) акционердин компетенциясына кирген Фонддун ишинин маселелери боюнча долбоорлорду, сунуштарды, экспертизаны, башка материалдарды жана документтерди даярдоо.
4. Фонддун Директорлор кеңешинин сандык курамы анын мүчөлөрүнүн жалпы саны так эмес болушу керектиги шарты менен анын акционеринин чечими боюнча аныкталат.
5. Фонддун Директорлор кеңешинин төрагасы болуп кызматы боюнча Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар борбордук агенттигинин директору же анын орун басары эсептелет.
Фонддун Директорлор кеңешине кызматы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кирет.
Фонддун Башкармасынын төрагасы болуп кызматы боюнча Директорлор кеңешинин мүчөсү эсептелет.
Фонддун Директорлор кеңешинин калган мүчөлөрү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын көз карандысыз адамдары тарабынан көрсөтүлүүгө тийиш, анын курамы үчтөн биринен кем эмес шарт менен акционер тарабынан дайындалат.
6. Директорлор кеңешинин регламенти жана чечимдерди кабыл алуу жол-жоболору Фонддун уставы менен аныкталат.
22-1-берене. Фонддун башкармасы
1. Башкарма Фонддун ишине учурдагы жетекчиликти жүргүзүүчү анын коллегиялык аткаруучу органы болуп эсептелет.
2. Башкарманын курамына Фонддун Директорлор кеңешинин төрагасынын сунушу боюнча Директорлор кеңеши дайындоочу Фонддун Башкы директору, Аткаруучу директору жана Финансылык директору кирет.
Фонддун Башкармасынын мүчөлүгүнө жакшы бедели бар жана өздөрүн кесипкөй, инвестициялоо, экономика жана башкаруу жаатында жетиштүү тажрыйбасы бар көрсөтүшкөн адамдар дайындалат.
Башкарманын мүчөлөрү анын Төрагасынын демилгеси боюнча Директорлор кеңешинин ээлеген кызматынан бошотулат.
3. Башкы директор Фонддун Башкармасынын төрагасы болуп эсептелет жана анын ишине жетекчилик кылат.
Башкарманын төрагасына Фонддун ишинин маселелери боюнча оперативдүү жана аткаруучу-тескөөчү чечимдерди кабыл алууга, Фонддун атынан келишимдерди (макулдашууларды) түзүүгө, ошондой эле Фонддун уставына ылайык башка ыйгарым укуктарды колдонууга ыйгарым укуктар берилген.
4. Башкарманын регламенти жана чечимдерди кабыл алуу жол-жоболору Фонддун уставы менен аныкталат.
22-2-берене. Фонддун контролдоо органдары
1. Фонд Фонддун ишинин максаттарына жетүүгө жагымсыз таасир көрсөтүшү мүмкүн болгон материалдык, инвестициялык жана финансылык коркунучтарды туруктуу негизде аныктоого жана баалоого мүмкүндүк берүүчү ички контролдоо жана тобокелди башкаруу системасына ээ болууга тийиш. Мындай баалоо бардык тобокелдерди, анын ичинде кредиттик жана инвестициялык тобокелди, валюталык тобокелди, топтоо тобокелин, ликвиддүүлүк тобокелин, операциялык тобокелди, юридикалык тобокелди, репутациялык тобокелди, саясий тобокелди жана башкаларды камтышы керек.
Фонд ыйгарым укуктарды жана милдеттерди бөлүштүрүү системасына ээ болушу керек. Кызыкчылыктардын потенциалдуу кагылыштарынын чөйрөсү аныкталууга, минималдаштырылууга жана көз карандысыз байкоо жүргүзүүгө алынышы керек.
Фонддун тобокелдерин оперативдүү көз карандысыз контролдоо үчүн Директорлор кеңеши Тобокел-менеджерди дайындайт, ал Фонддун тобокелдерин башкаруу боюнча анын саясатын ишке ашырууга жооптуу болот. Тобокел-менеджер Фонддун Директорлор кеңешине отчет берет.
2. Фонддо Ички аудитор жүргүзүүчү ички аудит ишке ашырылууга тийиш, анын компетенциясына ички контролдоо системасынын адекваттуулугун жана натыйжалуулугун, ошондой эле Фонддун аткаруучу кызмат адамдарына жүктөлгөн милдеттердин бекитилген кызматтык нускамаларга ылайык аткарылышынын сапатын, мыйзамдардын сакталышын жана эсептин тууралыгын текшерүү жана баалоо жана Фонддун саясатына ылайык башка маселелер кирет.
Фонддун ички аудитору дайындалат жана Директорлор кеңешине отчет берет. Аудит жүргүзүү тартиби жана ага талаптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык Директорлор кеңеши тарабынан жана Фонддун уставы менен аныкталат.
22-3-берене. Коомдук контролдоо
1. Фонд квартал сайын расмий басылмаларга өзүнүн иши жөнүндө маалыматтарды жарыялайт.
2. Улуттук долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүнө коомдук контроль жүргүзүү максатында жарандык коомдун өкүлдөрүнөн Фонддун Байкоочу кеңеши түзүлөт.
Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн курамы, аларды көрсөтүү тартиби жана иши Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңеши жөнүндө жобо менен аныкталат.".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|