Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 3-ноябры № 675
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министри | Д.Усенов |
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ("Эркин Тоо" гезити, 2008-жылдын 22-октябры, № 78-81) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 125-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Салык кызматы органдары кат жүзүндө же электрондук түрдө маалымат алуу жолу менен кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоочу жана транспорт каражаттарын каттоочу органдар менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырышат:".
2. 323-328-беренелер төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"323-берене. Мүлк салыгын төлөөчү
1. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, ушул Кодекстин 324-беренесинде көрсөтүлгөн, төмөнкүлөргө ээ болгон уюм же жеке адам мүлк салыгын төлөөчү болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында катталган салык салынуучу мүлк менчигинде болсо;
2) финансылык ижара келишиминин же ипотекалык кредиттөөнүн чегинде сатып алынган, Кыргыз Республикасынын аймагында ушул мүлккө ээ болуу укугу пайда болгон айдан кийинки айдын биринен баштап катталган мүлкү болсо.
2. Эгерде мүлктүн менчик ээсинин турган жерин аныктоого мүмкүн болбосо, мүлк салыгын төлөөчү мындай мүлктү пайдаланган уюм же жеке адам болуп саналат.
3. Мүлккө укук катталбаган учурда мүлктү иш жүзүндө пайдалануу пайдалануучуну мүлк салыгын төлөөчү катары таануу үчүн негиз болуп саналат.
4. Бекитип берилген мүлктү оперативдүү башкарган же менчигинде мүлкү болгон мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, бюджеттен каржыланган жана/же атайын каражаттары бар муниципалдык мекемелер, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, депозиттерди коргоо боюнча мамлекеттик орган, Депозиттерди коргоо фонду, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду - мүлк же анын бир бөлүгү келишим боюнча мамлекеттик ишканаларга, муниципалдык ишканаларга жана башка юридикалык же жеке жактарга акылуу же акысыз пайдаланууга берилгенден башка учурларда, ошондой эле мүлктү эс алуу, бош убакытты өткөрүү жана көңүл ачуу үчүн пайдалангандан башка учурларда мүлк салыгын төлөөчүлөр болуп саналбайт.
Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн субъекттер өткөрүп берген мүлктөн мүлк салыгын мүлктү акылуу же акысыз пайдаланууга берген жак, андай мүлктү пайдаланууга алган жактан алат.
5. Эгер ушул Кодекстин 324-беренесинде көрсөтүлгөн 1-топтогу жана биргелешкен менчигинде турган мүлк объекти боюнча тараптардын ортосундагы келишимде башкача каралбаса, ар бир мүлк ээси ошол мүлктөгү үлүшүнө жараша пропорциядагы салык төлөөчү болот.
324-берене. Салык салуу объектти
1. Төмөндөгүлөрдө турган мүлктөр мүлк салыгы салынчу объект болуп саналат.
1) мамлекеттик менчикте турган. Мамлекеттик ишканаларга чарба жүргүзүү укугунда же оперативдүү башкаруу укугунда, ал эми мекемелерге - оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилгендер;
2) муниципалдык менчикте турган. Муниципалдык ишканаларга чарба жүргүзүү укугунда, ал эми мекемелерге - оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилгендер;
3) жеке менчикте тургандар.
2. Салык салуучу мүлккө төмөнкү объекттер кирет:
1) 1-топ: ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылбаган, туруктуу же убактылуу жашоо үчүн арналган турак үйлөр, квартиралар, дача үйлөрү;
2) 2-топ: турак үйлөр, квартиралар, дача үйлөрү, пансионаттар, эс алуу үйлөрү, санаторийлер, курорттор, өндүрүштүк, администрациялык, өнөр жайлык, ошондой эле ишкердик жүргүзүү үчүн арналган жана/же пайдаланылган башка капиталдык курулуштар;
3) 3-топ: ишкердик жүргүзүүгө арналган жана/же пайдаланылган киоскалар, контейнерлер сыяктуу металл же башка конструкциялардан жасалган убактылуу жайлар;
4) 4-топ: транспорт каражаттары, анын ичинде өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер.
3. Салык салуу объекти болуп саналбаган мүлк объекттеринин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
325-берене. Салыктык база
Төмөнкүлөр мүлк салыгынын салыктык базасы болуп саналат:
1) ушул Кодекстин 324-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн 1, 2 жана 3-топтордогу мүлк объекттери үчүн - ушул бөлүмдө белгиленген тартипте аныкталуучу мүлк объекттеринин салык салынуучу наркы;
2) ушул Кодекстин 324-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн 4-топтогу мүлк объекттери үчүн:
а) ичинен күйүүчү кыймылдаткыч менен иштөөчүлөр үчүн - кыймылдаткычтын жумушчу көлөмү же баланстык наркы;
б) ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жоктор үчүн - баланстык наркы. Ушул бөлүмдүн максаты үчүн Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык амортизацияны эске алуу менен эсептелинген, мүлк салыгы боюнча салыктык мезгилдин башына карата мүлк объектинин наркы баланстык нарк катары түшүнүлөт;
в) ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жана эсептик наркы жоктор үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипке ылайык аныкталуучу нарк.
326-берене. Салыктык мезгил
Мүлк салыгы боюнча календардык жыл салыктык мезгил болуп саналат.
327-берене. Мүлк объектинин салык салуучу наркын аныктоо тартиби
1. Ушул Кодекстин 324-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн 1, 2 жана 3-топтордогу мүлк объекттеринин салык салынуучу наркын эсептөө (мындан ары бул беренеде - 1, 2 жана 3-топтор) төмөнкүдөй формула боюнча жүзөгө ашырылат:
СН = С х А х Кр х Кз х Кт, мында:
СН - мүлк объектинин салык салынуучу наркы, сом;
С - мүлк объектисинин аянтынын 1 квадрат метринин салык салынуучу наркы, сом/кв.м;
А - 1-топтогу мүлк объекттеринин ушул Кодекстин 330-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык салык салынууга жатпаган аянтына азайтылган 1-топтогу мүлк объектисинин жалпы аянты же 2 же 3-топтогу мүлк объектинин жалпы аянты, кв.м;
Кр - объекттин салык салынуучу наркынын Кыргыз Республикасынын аймагындагы турган жерине жараша өзгөрүшүн эске алган региондук коэффициент;
Кз - объекттин салык салынуучу наркынын калктуу конуштагы турган ордуна жараша өзгөрүшүн эске алуучу зоналык коэффициент;
Ко - 2 жана 3-топтордогу мүлк объекттери үчүн колдонулуучу тармактык коэффициент. Башка топтордогу мүлк объекттери үчүн Ко 1ге барабар деп кабыл алынат.
2. 1, 2 жана 3-топтордогу мүлк объекттеринин бир квадрат метр аянтынын салык салынуучу наркы дубалынын материалына жана мүлк объектин эксплуатацияга берген жылга жараша төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
Дубалдардын материалы | Эксплуатациялоо мөөнөтү | Баалоо наркы 1 кв.м, сом |
Кыш | 5 жылга чейин 5-15 жыл 15-30 жыл 30-45 жыл 45 жылдан ашуун | 15000 14000 13000 12000 10000 |
Жыгач | 5 жылга чейин 5-15 жыл 15-30 жыл 30-45 жыл 45 жылдан ашуун | 13000 12000 11000 10000 8000 |
Курама жана монолиттүү бетон жана темир бетон, бетон блоктор, кум блоктор, пеноблоктор, айнек
| 5 жылга чейин 5-15 жыл 15-30 жыл 30-45 жыл 45 жылдан ашуун | 14000 13000 12000 11000 10000 |
Ылай топурак (саман, маматомолок, сокмо) | 5 жылга чейин 5-15 жыл 15-30 жыл 30-45 жыл 45 жылдан ашуун | 10000 9000 8000 6000 5000 |
Шлакоблок, полистиролдук курулуш блогу | 5 жылга чейин 5-15 жыл 15-30 жыл 30-45 жыл 45 жылдан ашуун | 9000 8000 7000 6000 5000 |
Металл
| 30 жылга чейин 30 жылдан ашуун | 10000 8000 |
Башка материалдар жана убактылуу жайлар үчүн материалдар | 4000 | |
3. Мүлк объектисинин салык салынуучу наркын эсептөөдө мүлк объектисинин дубалдарында басымдуулук кылган дубал материалдары негиз катары кабыл алынат. Басымдуу материалдарды аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
4. 1-топтогу мүлк объектиси үчүн жалпы аянт кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоону жүзөгө ашырган мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү, салык төлөөчүнүн кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортунда көрсөтүлгөн, ички ченөө боюнча мүлк объектисинин жалпы аянтынын өлчөмү жөнүндө маалыматтардын негизинде аныкталат.
Кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортунда ички ченөө боюнча мүлк объектисинин жалпы аянтынын өлчөмү жөнүндө маалыматтар жок болгон учурда жалпы аянт сырткы ченөө боюнча аныкталат.
5. 2 жана 3-топтордогу мүлк объекттери үчүн мүлк объектисинин жалпы аянты ишкердик ишти: товарлар чыгарууну, кызмат көрсөтүүнү, жумуштарды аткарууну, товардык-материалдык байлыктарды сактоону жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоону жүзөгө ашырган мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү, салык төлөөчүнүн кыймылсыз мүлкүнүн бирдигинин техникалык паспортунда көрсөтүлгөн администрациялык, өндүрүштүк жана кампа жайларынын жалпы аянтынын өлчөмү жөнүндө маалыматтардын базасында аныкталат.
6. Мүлккө укукту каттоо жок болгон жана/же мүлк объектиси боюнча салык төлөөчү аныктаган салык базасы жана/же функциялык арналышы жана салык органдары башка булактардан алган документтик маалыматтарда айырмачылык чыккан учурда мүлк объектисинин дубалдарынын материалы жана аянты салык салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте, тийиштүү салык органынын, кыймылсыз мүлк объекттерине укукту каттоо боюнча мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укук берилген өкүлдөрүнүн жана мүлк объектисин иш жүзүндө пайдаланган пайдалануучулар курамына кирген комиссия жүзөгө ашырган, 1, 2 жана 3-топтордун объектисинин тышкы чен өлчөмдөрүн ченөөгө ылайык аныкталат.
Ченөөнүн жыйынтыгы үч нускадагы акты менен таризделип, алар салык органына мүлктүн объекти боюнча салыктык милдеттенменин суммасын аныктоо үчүн, кыймылсыз мүлк объекттерин каттоо боюнча аймактык органга, ошондой эле мүлк объектин пайдалануучунун өзүнө берилет.
7. Кр региондук коэффициенти төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
Облустардын жана райондордун аталышы | Кр мааниси | Облустардын жана райондордун аталышы | Кр мааниси |
Баткен облусу |
| Бакай-Ата району | 0,2 |
Баткен району | 0,2 | Кара-Буура району | 0,2 |
Лейлек району | 0,2 | Нарын облусу | |
|
| Нарын ш. | 0,3 |
Кадамжай району | 0,2 | Ак-Талаа району | 0,1 |
Кызыл-Кыя ш. | 0,1 | Ат-Башы району | 0,1 |
Сүлүктү ш. | 0,1 | Жумгал району | 0,1 |
Жалал-Абад облусу | Кочкор району | 0,2 | |
Аксы району | 0,2 | Нарын району | 0,2 |
Ала-Бука району | 0,2 | Ош облусу | |
Базар-Коргон району | 0,2 | Алай району | 0,2 |
Ноокен району | 0,2 | Араван району | 0,3 |
Сузак району | 0,3 | Кара-Кулжа району | 0,2 |
Тогуз-Торо району | 0,1 | Кара-Суу району | 0,6 |
Токтогул району | 0,1 | Ноокат району | 0,3 |
Чаткал району | 0,1 | Өзгөн району | 0,3 |
Жалал-Абад ш. | 0,8 | Чоң-Алай району | 0,1 |
Майлуу-Суу ш. | 0,1 | Ош ш. | 0,9 |
Кара-Көл ш. | 0,1 | Чүй облусу | |
Таш-Көмүр ш. | 0,1 | Аламүдүн району | 0,8 |
Ысык-Көл облусу | Жайыл району | 0,4 | |
Ак-Суу району | 0,3 | Ысык-Ата району | 0,4 |
Жети-Өгүз району | 0,3 | Кемин району | 0,3 |
Ысык-Көл району | 0,3 | Москва району | 0,4 |
Тоң району | 0,2 | Панфилов району | 0,2 |
Түп району | 0,2 | Сокулук району | 0,7 |
Каракол ш. | 0,6 | Чүй району | 0,4 |
Балыкчы ш. | 0,3 | Токмок ш. | 0,6 |
Талас облусу | Кара-Балта ш. | 0,6 | |
Манас району | 0,1 |
|
|
Талас району | 0,2 | Бишкек ш. | 1,0 |
Талас ш. | 0,4 |
|
|
8. Зоналык Кз коэффициентинин мааниси Бишкек жана Ош шаарларынан башкаларда 1ге барабар болот.
Зоналык Кз коэффициентинин маанилерин жана Бишкек жана Ош шаарларындагы нарктык зоналардын чектерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитетине макулдашуу боюнча 0,3төн 1,2ге чейин өлчөмдө, салыктык мезгилдин ичинде бир жолудан кем эмес, кийинки календарлык жыл башталаардан 30 күндөн кем эмес мурда белгилейт.
Эгер учурдагы салыктык мезгилге карата Кз коэффициенти белгиленбесе, мүлккө салыкты эсептөө үчүн мурдагы салыктык мезгил үчүн белгиленген Кз маанилери колдонулат.
9. Тармактык (функциялык) Ко коэффициенти төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
Мейманканалар, оюн-зоок жайлар, ломбарддар, акча алмаштыруу пункттары | 1,6 |
Май куюучу станциялар | 1,4 |
Мини-базарлар, базарлар, соодалык-базар борборлору, комплекстер | 1,2 |
Коомдук тамактануу, соода, кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндөгү ишканалар | 1,1 |
Администрациялык, офистик имараттар, бизнес-борборлор, банктар | 1,0 |
Темир жол вокзалдары жана автовокзалдар, автостанциялар, темир жол транспортунун жүк станциялары | 0,7 |
Транспорт, автосервис, байланыш жана энергетика ишканалары | 0,5 |
Санаторийлер | 0,4 |
Өнөр жай, курулуш ишканалары | 0,3 |
Коргонуу-спорт-техникалык уюмдар | 0,3 |
Айыл чарбалык өндүрүштүк имараттар | 0,3 |
10. Мүлк объектинин тармактык таандыктыгы (функциялык арналышы) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте аныкталат.
11. Эгер Кр, Кз, Ко коэффициенттери белгиленбесе, алардын маанилери 1ге барабар болот.
328-берене. Салыктын ставкасы
Салыктын ставкасы төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет:
1) 1-топтогу мүлк объекттери үчүн - салык салынчу базанын 0,35 проценти;
2) 2 жана 3-топтордогу мүлк объекттери үчүн - салык салынчу базанын 0,8 проценти;
3) 4-топтогу мүлк объекттери үчүн:
а) ичинен күйүүчү кыймылдаткыч менен иштегендер:
Транспорттун түрү | Даярдоочу завод чыгарган жылды кошкондо пайдалануу мөөнөтү | Кыймылдаткычынын жумушчу көлөмүнүн ар бир 1 куб см үчүн сом менен салык ставкасы |
Жеңил автомобилдер, жеңил автомобилдердин базасындагы фургондор жана пикаптар | 5 жылга чейин 5тен 10 жылга чейин 10дон 15 жылга чейин 15 жылдан ашык | 0,90 0,75 0,60 0,45 |
Жүк автомобилдери, автобустар, чакан автобустар | 5 жылга чейин 5тен 10 жылга чейин 10дон 15 жылга чейин 15 жылдан ашык | 0,75 0,60 0,45 0,30 |
Өзү жүрмө машиналар жана/же механизмдер: тракторлор, комбайндар, жол-курулуш машиналары | 15 жылга чейин 15 жылдан ашык | 0,30 0,15 |
Анын ичинде: айыл чарба өндүрүшүндө пайдаланылуучу өзү жүрмө машиналар жана/же механизмдер (тракторлор жана комбайндар) | 15 жылга чейин 15 жылдан ашык | 0,10 0,05 |
Мотоциклдер, мотороллерлор, мопеддер, моточаналар жана моторлуу кайыктар, катерлер, кемелер, теплоходдор | 10 жылга чейин 10 жылдан ашык | 0,15 0,09 |
Яхталар жана суу мотоциклдери | 5 жылга чейин 5 жылдан ашык | 1,8 1,2 |
б) ушул берененин 3) пунктунун а) пунктчасында каралбаган ичинен күйүүчү кыймылдаткычы бар же ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жок - баланстык наркынан 0,5 процент;
в) ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жана баланстык наркы жок - ушул Кодекстин 325-беренесинин 2) пунктунун в) пунктчасына ылайык аныкталуучу наркынан 0,5 процент.».
3. 329-берене күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. 330-333-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«330-берене. Салык боюнча жеңилдиктер
1. Төмөнкүлөрдөн салык алынбайт:
1) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн мүлк объектилеринен;
2) ушул объекттин менчик ээсине таандык, төмөнкү өлчөмдөн ашпаган 1-топтогу бир мүлк объектисинин аянтынан:
Калктуу конуштарда калктын санына жараша мүлктөн салык алынбоочу 1-топтогу мүлк объектисинин аянты, кв.м | ||||||||
Миң адам | 5ке чейин | 5тен 10го чейин
| 10дон 20га чейин | 20дан 50гө чейин | 50дөн 100гө чейин | 100дөн 200гө чейин | 200дөн 500гө чейин | 500 жана андан ашык |
Турак үй, дача үй, кв.м. | 360 | 330 | 300 | 270 | 240 | 210 | 180 | 150 |
Квартира, кв.м. | 290 | 260 | 230 | 200 | 170 | 140 | 110 | 80 |
3) I жана II топтогу майыптар коомунун, ошондой эле Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун уюмдарынын мүлк объекттеринен, мында майыптар, азиздер жана дүлөйлөр иштегендердин жалпы санынын 50 проценттен кем эмесин түзсө жана алардын эмгек акысы жалпы эмгек акы төлөө фондунун 50 проценттен кем эмесин түзсө. Аталган ишканалардын тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт;
4) илим, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт, социалдык жактан камсыздоо жана балдарды же улгайып калган курактагы аз камсыз болгон жарандарды коргоо чөйрөсүндө иштерди жүргүзүүчү уюмдардын 2-топтогу мүлк объекттеринен.
2. Мүлк салыгын төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат:
1) «Кыргыз Республикасынын Баатыры» деген Кыргыз Республикасынын жогорку айырмалоо даражасы ыйгарылган адамдар, Советтер Союзунун жана Социалисттик Эмгектин Баатырлары, баатыр энелер, үч даражадагы Даңк жана Эмгек даңкы ордендери менен сыйлангандар, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, Афганстандагы жана башка өлкөлөрдөгү согушка мамлекеттер аралык макулдашуулар боюнча катышкан аскер кызматчылары, же болбосо СССРди, Кыргыз Республикасын коргоодо же аскер кызматынын башка милдеттерин аткарууда алган жаракаттын, контузиянын же мертинүүнүн кесепетинен, же болбосо майданда болушуна байланыштуу оорунун кесепетинен майып болгон аскер кызматчыларынын майып болгондору, аскер кызматчыларынын аталган категорияларына пенсиялык камсыздоо боюнча теңештирилген башка майыптар, Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынын жесирлери, ошондой эле I жана II топтогу майыптар - салык салуу объектиси болуп эсептелген бирден гана 1 жана/же 4-топтогу мүлк объектиси же мүлккө салыктан бошотулган адамдын менчик үлүшүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык туура келүүчү мүлк объектисинин бөлүгү боюнча.
Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн адамдар мүлктүн тиешелүү салык салынуучу объектиси боюнча төлөөгө эсептелген мүлк салыгынын суммасынын 50 проценти өлчөмүндө 1 жана/же 4-топтогу мүлк салыгын төлөөдөн бошотулат;
2) мотоколяскасы же кол менен башкарылуучу автомобили бар майыптар, - ушул автотранспорт каражаты боюнча.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган жеңилдиктер төмөнкүлөргө берилет:
1) отчеттук салыктык мезгилдин 1-августуна чейин жеңилдикке укугу пайда болгондо - отчеттук салыктык мезгилге;
2) отчеттук салыктык мезгилдин 1-августунан кийин жеңилдикке укугу пайда болгондо - отчеттук мезгилден кийинки салыктык мезгилге.
4. Жергиликтүү кеңештер төмөнкүлөргө укуктуу:
1) салык төлөөчү ал жеткис күчтүн кесепетинен материалдык зыян тарткан учурларды 3 жылга чейинки мөөнөткө мүлккө салык төлөөдөн толук же жарым-жартылай бошотууга;
2) өндүрүш көлөмүн жана/же чыгарылуучу продукцияны кайра иштетүүнү жылына 30,0 миллион сомдон кем эмес камсыз кылган шартта продукция чыгаруу жана/же кайра иштетүү боюнча иш жүргүзүүчү жаңыдан түзүлгөн уюмдар үчүн 5 жылга чейин мөөнөткө мүлк салыгын төлөөдөн бошотууга.
5. Күрөөгө коюлуп, банктын менчигине кабыл алынган мүлк ушул мүлк банктын менчигине кабыл алынган күндөн тартып мүлк объектисин пайдалана баштаган күнгө чейинки же ушул окуялардын кайсынысы мурда болгонуна жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө күрөөгө коюлган мүлктү сатуу күнүнө чейинки мезгилге мүлк салыгын төлөөдөн бошотулат.
6. Салык төлөөчү түздөн түз мүлк объектисинин алдында жайгашкан жер участогу үчүн төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш болгон жер салыгынын суммасына мүлк салыгынын суммасын азайтууга, бирок ушул мүлк объектисине карата эсептелген мүлккө мүлк салыгынын суммасынан жогору эмес азайтууга укугу бар.
331-берене. Салыкты эсептөө тартиби. Салык милдеттенмесин алуу күнү
1. Мүлк салыгын эсептөөнү ушул Кодекстин ушул бөлүгүндө жана 37-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипке ылайык салык төлөөчү өз алдынча жүргүзөт.
2. Жаңы курулуш объектисине же анын бөлүгүнө карата мүлк салыгы боюнча салыктык милдеттенмелер объектти пайдаланууга алган күндөн кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып же ушул окуялардын кайсынысы мурда болгонуна жараша объектти пайдалана баштаган күндөн тартып пайда болот.
3. Реконструкцияланган объектке же анын бөлүгүнө карата мүлк салыгы боюнча салыктык милдеттенмелер жаңы салык салынуучу наркы боюнча кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып пайда болот. Объектти же анын бөлүгүн пайдаланууга алган күнгө чейин объекттин мурунку салык салынуучу наркы колдонулат.
Ушул объектке реконструкция жүргүзүү себеби боюнча 2-топтогу мүлк объектисин же анын бөлүгүн пайдалануу токтотулган учурда реконструкциялоо боюнча иштерди жүргүзүү мезгилине мүлк салыгы реконструкциялоо боюнча иштер башталган айдын биринчи күнүнөн тартып ушул объект ишке киргизилген айдан кийинки айдын бирине чейин мүлккө салык эсептелбейт.
4. Эгер 1-топтогу жаңы курулуштун мүлк объекти белгиленген тартипте катталса, бирок пайдаланылбай турса мүлк салыгы боюнча мүлктүк милдеттенме мүлк объектиси катталган айдан кийинки он эки айдын биринчи күнүнөн тартып же ушул окуялардын кайсынысы мурда болгонуна жараша мүлк пайдаланыла баштаган күндөн тартып пайда болот.
332-берене. Салык төлөө тартиби жана мөөнөтү
1. Салык төлөөчү - жеке адам төмөнкүлөргө салык төлөйт:
1) 1-топтогу мүлк объекттерине мүлк объектиси эсептик каттоодон өткөн жери же жайгашкан жери боюнча учурдагы жылдын 1-сентябрынан кеч эмес мөөнөттө;
2) 4-топтогу мүлк объекттерине - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мөөнөттө, бирок техникалык кароодон өткөнгө чейинки мезгилде, ошондой эле мүлк объектисине менчик укугу толук же жарым-жартылай берилгенде жыл ичинде мүлк объектисинин жаңы ээсине ушундай өткөрүп берүү таризделген учурда - мүлк объектиси катталган жер боюнча.
2. Уюмдар жана жеке ишкерлер төмөнкү салыктарды төлөшөт:
1) 2 жана 3-топтогу мүлк объекттерине - учурдагы жылдын ичинде бирдей үлүштөр менен квартал сайын учурдагы кварталдын үчүнчү айынын 20сына чейинки мөөнөттө мүлк объектиси турган жери боюнча, ал эми Бишкек шаарынын чегинде - салык төлөөчүнүн салыктык катталган жери боюнча;
2) 4-топтогу мүлк объекттерине - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мөөнөттө, бирок техникалык кароодон өткөнгө чейинки мезгилде - объектинин тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган жери боюнча.
3. 1, 2 жана 3-топтордогу мүлк объекттерине ээлик кылуу жана/же пайдалануунун иш жүзүндөгү мезгили үчүн төлөөгө тийиш болгон салыктын суммасы ушул укукту өткөрүп берген салык төлөөчү тарабынан укукту мамлекеттик каттоо күнүнө чейин же ошол күнү бюджетке төгүлүүгө тийиш. Мында мүлк объектисинин алгачкы ээси мүлк объектисин өткөрүп берген ай башталганга чейин учурдагы жылдын 1-январынан тартып эсептелген салыктын суммасын төлөйт.
Мүлк салыгынын андан кийинки салык төлөөчүсү мүлк объектисине укугу пайда болгон айдын башынан тартып мезгил үчүн эсептелген салыктын суммасын төлөйт.
Мүлк объектисине укукту мамлекеттик каттоодо салыктын жылдык суммасы макулдашуу боюнча тараптардын бири тарабынан бюджетке төгүлүшү мүмкүн. Андан ары мүлк объектисине укукту мамлекеттик каттоодо салыктын суммасы экинчи жолу төлөнбөйт.
Мүлк салыгы төлөнбөгөн учурда мүлк объектисине менчик укугу мамлекеттик катталганга чейин же ошол учурда ушул берененин талаптарына ылайык укук өткөрүп берилген толук салык мезгили үчүн мүлккө салык төлөө боюнча милдеттенме кийинки салык төлөөчүгө жүктөлөт.
4. Банк мекемеси жок алыскы жана кыйындык менен жетүүчү калктуу конуштар үчүн мүлккө салыктын суммасын жеке адам тарабынан ыйгарым укуктуу салык органы белгилеген тартипте салык органына төлөөсүнө жол берилет.
5. Салык төлөөчү мүлк салыгы боюнча төмөнкүдөй маалыматтык эсеп берет:
1) 1, 2 жана 3-топтордогу мүлк объектилери үчүн:
а) учурдагы жылдын 1-мартына чейин - уюмдар жана жеке ишкерлер;
б) учурдагы жылдын 1-майына чейин - жеке ишкерлерди кошпогондо жеке адамдар;
2) 4-топтогу мүлк объектилери үчүн - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген мөөнөттө.
6. Маалыматтык эсептин формасы жана толтуруу тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат.
7. Ушул Кодекстин 331-беренесинин 2, 3 жана 4-бөлүктөрүндө каралган учурларда салык төлөөчү:
1) мүлк салыгы боюнча салыктык милдеттенме пайда болгон күнү маалыматтык эсеп берет;
2) мүлк салыгы боюнча салыктык милдеттенме пайда болгон күнү салыкты төлөйт, бирок ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө белгиленген мүлккө салыкты төлөө мөөнөтүнөн эрте эмес.
333-берене. Мүлк салыгы боюнча маалыматка жетүү
1. Ар бир салык төлөөчү салыкты эсептөө боюнча маалыматка эркин жетүү укугуна ээ, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) мүлк объектисинин салык салынуучу наркын аныктоо тартибин;
2) белгиленген региондук, зоналык жана тармактык коэффициенттердин өлчөмүн;
3) калктуу конуштун аймагын нарктык зоналарга бөлүүнү;
4) мүлк салыгы алынбоочу мүлк объектисинин аянтынын өлчөмүн;
5) салык ставкасын.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалымат баардык деңгээлдеги салык кызматы органдарында ачык жете алгыдай жерлерде салык төлөөчүнү тааныштыруу үчүн, ошондой эле ыйгарым укуктуу салык органынын ачык веб-сайтында жайгаштырылат.».
5. 339-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«4. Кз зоналык коэффициентинин мааниси жергиликтүү кеңештер тарабынан калктуу конуштун экономикалык-пландоо зоналарынын өзгөчөлүктөрүнө жараша кийинки календарлык жыл башталганга чейин 30 күндөн кем эмес мөөнөттө жылына бир жолудан кем эмес 0,3төн 1,2ге чейинки өлчөмдө белгиленет.».
6. 341-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктундагы «327-берененин 8-бөлүгү» деген сөздөр «339-берененин 4-бөлүгү» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
1. Эгерде турак үй, квартира, дача үй турак жай катары убактылуу пайдаланууга (ижарага) берилсе, анда бул объект ушул Мыйзамдын 1-беренесинде белгиленген салык салынуучу мүлк объектисинин 1-тобуна киргизилет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган тартип 2012-жылдын 1-январына чейин колдонулат.
3-берене.
1. 2010-жылдын 1-январынан 2012-жылдын 1-январына чейинки мезгилге ушул Мыйзамдын 1-беренесинде белгиленген 1-топтогу мүлк салыгын эсептөөнүн төмөнкү тартиби белгиленсин:
1) ушул берененин максаты үчүн мүлк салыгынын өлчөмү төмөнкү формула боюнча эсептелет:
РН = БРН х Кр х Кз, мында:
РН - салыктын өлчөмү;
БРН - ушул бөлүктүн 2 жана 3-пункттарына ылайык эсептелген 1-топтогу мүлк объектиси боюнча салыктын базалык өлчөмү;
Кр жана Кз - ушул Мыйзамга ылайык белгиленген коэффициенттер.
2) Бишкек жана Ош шаарлары үчүн салыктын базалык өлчөмү:
| Квартиранын жалпы аянты | Туруктуу жана убактылуу жашоо үчүн арналган турак үйдүн, дача үйүнүн жалпы аянты | |||||
80,0ден 150,0 кв/м ге чейин | 150,0дөн 200 кв/м ге чейин | 200,0 кв/м ден жогору | 150,0дөн 250,0 кв/м ге чейин | 250,0дөн 350,0 кв/м ге чейин | 350,0дөн 450,0 кв/м ге чейин | 450,0дөн кв/м ден жогору | |
Салыктын базалык өлчөмү | 4000 сом | 6000 сом | 8000 сом | 6000 сом | 10000 сом | 14000 сом | 20000 сом |
3) Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо райондор жана калктуу конуштар үчүн салыктын базалык өлчөмү
| Квартиранын жалпы аянты | Туруктуу жана убактылуу жашоо үчүн арналган турак үйдүн, дача үйүнүн жалпы аянты | |||
150,0дөн 250,0 кв/м ге чейин | 250,0 кв/м ден жогору | 250,0дөн 350,0 кв/м ге чейин | 350,0дөн 450,0 кв/м ге чейин | 450,0дөн кв/м ден жогору | |
Салыктын базалык өлчөмү | 4000,0 сом | 6000,0 сом | 8000,0 сом | 12000,0 сом | 16000,0 сом |
2. Ушул Мыйзамдын 1-беренесинде белгиленген 1-топтогу мүлк объекттери үчүн мүлк салыгы боюнча салык жеңилдиктери ушул беренеге ылайык мүлккө салыкты эсептөөдө колдонулбайт, буга Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 330-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда жана 6-бөлүгүндө белгиленген жеңилдиктер кирбейт.
4-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2010-жылдын 1-январына чейин өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
5-берене. Бул Мыйзам 2010-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет, буга ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 5 жана 6-пункттары кирбейт, алар 2009-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|