Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 3-ноябры № 679
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу шаары, Ленин көч., 89 "а" дареги боюнча жайгашкан имаратты өткөрүп берүү жөнүндө
Мамлекеттик имараттарды натыйжалуу пайдалануу жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүн жайлар менен камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Майлуу-Суу шаары, Ленин көч., 89 "а" дареги боюнча жайгашкан имаратты Майлуу-Суу шаарынын ички иштер бөлүмүн жайгаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги:
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган имаратты кабыл алуу-өткөрүп берүүнү белгиленген тартипте камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан администрациялык имараттарды пайдалануу боюнча топтомо реестрге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Майлуу-Суу шаарынын мэриясына Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин облустук башкармалыгынын түзүмдүк бөлүмдөрүн Майлуу-Суу шаары, Тынчтык көч., 52 дареги боюнча жайгашкан имараттын биринчи кабатындагы жайларына жайгаштыруу сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын жергиликтүү каттоо органдарында ушул токтомдун 1-пунктунда аталган өткөрүп берилүүчү мамлекеттик имаратты оперативдүү башкаруу укугун белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча бөлүмүнө жана коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Д.Үсөнов
|