Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 3-ноябры № 680
"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аталган мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Д.Үсөнов
|
Долбоор
1-берене.
"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 9, 320-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 2-берененин биринчи бөлүгүндөгү "нотариалдык кеңселердин" деген сөздөр "нотариустардын" деген сөзгө алмаштырылсын;
2. 3-беренеде:
- экинчи бөлүктөгү "мамлекеттик же жеке нотариалдык кеңседе иштеген нотариустар" деген сөздөр "мамлекеттик жана жеке нотариустар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- үчүнчү бөлүктөгү "(айыл өкмөтү)" деген сөздөр "(айыл өкмөтүнүн)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 4-беренеде:
"Жогорку юридикалык билими, юридикалык адистик боюнча кеминде үч жылдык стажы бар, мамлекеттик нотариалдык кеңседе же жеке нотариуста алты айлык стажировкадан өткөн, квалификациялык экзамен тапшырган Кыргыз Республикасынын жараны жеке нотариус боло алат. Жеке нотариустун мындан тышкары, жеке нотариалдык ишмердик жүргүзүү укугуна лицензиясы болууга тийиш. Стажировкадан өтүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Мамлекеттик нотариус мамлекеттик кызматчы болуп эсептелет.
Мамлекеттик нотариус кызматында 5 жылдан кем эмес иштеген адамдар квалификациялык экзамен тапшырбастан жеке нотариалдык ишмердик жүргүзүү укугуна лицензия алышат.
Нотариалдык ишти жүргүзүүгө төмөнкүдөй адамдарга жол берилбейт:
- мыйзамда белгиленген тартипте жөндөмсүз же жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган;
- атайылап жасалган кылмыштар үчүн соттуулугу бар.
Нотариустар нотариалдык иш-аракеттерди жасашканда бирдей укуктарга ээ жана бирдей милдеттерди тартышат.
Мамлекеттик жана жеке нотариустар тариздеген документтер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Нотариустар нотариалдык палаталарды түзүүгө укуктуу.
Нотариустун укуктары жана милдеттери ушул Мыйзам менен аныкталат.".
4. 5-берене күчүн жоготту деп табылсын.
5. 8-беренеде:
- биринчи бөлүктөгү "Юстиция министрлиги" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын;
- экинчи бөлүктөгү "мамлекеттик жана жеке нотариалдык кеңселерде иштеген нотариустардын" деген сөздөр "мамлекеттик жана жеке нотариустардын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 10-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-берене. Жеке нотариустун өздүк мөөрү, штампы жана бланкы
Жеке нотариустун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, лицензиянын номери, аты-жөнү жана нотариалдык округдун аталышы көрсөтүлгөн, күбөлөндүрүүчү жазмалардын штамптары, өздүк бланктары болот. Жеке нотариустун мөөрү жеке коргонуу каражаттарын дагы камтышы мүмкүн.".
7. 11-берененин биринчи бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү алып салынсын.
8. 12-берененин экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Квалификациялык комиссия жеке нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдын арызын карайт, жеке нотариалдык иш жүргүзүү укугуна квалификациялык экзамен алат, андан ары тиешелүү чечимди кабыл алуу менен жеке нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензиясы бар адамдардын аракеттерине түшкөн даттанууларды карайт.
Квалификациялык комиссиянын укуктук статусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Жобо менен аныкталат.".
9. 13-беренеде:
- биринчи бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- нотариалдык иш-аракеттерди жана башка нормативдик укуктук актыларды жүргүзүүнүн тартибин бузганда";
- төртүнчү бөлүктүн алтынчы абзацындагы "кесиптик милдетин" деген сөздөр "нотариус милдетин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. 14-беренеде:
- биринчи бөлүктөгү "шаардын" деген сөз "райондун" деген сөз менен алмаштырылсын;
- экинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жеке нотариустун нотариалдык округдун чегинде нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн орду болууга тийиш.";
- бешинчи бөлүк "аракеттерди" деген сөздөн кийин "жеке" деген сөз менен толукталсын.
11. 15, 16 жана 17-беренелер күчүн жоготту деп табылсын.
12. 18-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18-берене. Жеке нотариустардын мамлекеттик реестри
Жеке нотариустардын реестри Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан жүргүзүлөт.
Реестрде жеке нотариустардын аты жана юридикалык дареги, лицензиянын берилген күнү, лицензия номери жана белгиленген тартипте даярдалган жеке нотариустун өздүк мөөрүнүн үлгүсү болууга тийиш. Реестрде белгиленген ар түрдүү өзгөрүүлөр Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине бир айдын ичинде маалымдалып туруусу керек.".
13. 19-беренеде:
экинчи бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик архив агентствосу менен макулдашуусу боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төртүнчү бөлүк күчүн жоготту деп табылсын.
14. 21-берененин экинчи бөлүгүндөгү "жана берген антына" деген сөздөр алып салынсын;
15. 23-беренеде:
- экинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жеке нотариустардын документтердин долбоорун даярдоодогу кызматтары жана башка кызматтары келишим боюнча кайрылышкан жактар тарабынан төлөнөт жана жеке нотариустун карамагында калат. Мамлекеттик нотариустардын документтердин долбоорун даярдоо боюнча кызматтары жана башка акы төлөмө кызматтар үчүн ставкалар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.";
- бешинчи бөлүктөгү "мамлекеттик нотариалдык кеңселерде нотариус иретинде иштеген, ошондой эле жеке нотариалдык кеңселерде иштеген нотариустар тарабынан" деген сөздөр "мамлекеттик нотариустар, ошондой эле жеке нотариустар тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
16. 24-беренеде:
- үчүнчү бөлүктөгү "Жеке нотариалдык кеңселер" деген сөздөр "Жеке нотариустар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
- төртүнчү бөлүктөгү "Жеке нотариалдык кеңселер" деген сөздөр "Жеке нотариустар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
- бешинчи бөлүк күчүн жоготту деп табылсын.
17. 27-берененин үчүнчү абзацындагы "аткарган нотариалдык кеңселер жана башка органдар жок жерде" деген сөздөр "ишке ашырган мамлекеттик жана жеке нотариустар жана башка органдар жок жерде" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
18. 28-беренеде:
28-берененин аталышы жана биринчи бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28-берене. Жеке нотариустар тарабынан ишке ашырылуучу нотариалдык
аракеттер
Жеке нотариустар төмөнкүдөй нотариалдык аракеттерди аткарат:".
19. 29-беренеде:
- берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"29-берене. Мамлекеттик нотариустар тарабынан ишке ашырылуучу
нотариалдык аракеттер.";
- биринчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик нотариустар ушул Мыйзамдын 28-беренесинде каралган нотариалдык иш-аракеттерди жасайт, ошондой эле мүлктү ээликтен ажыратууга тыюу салууну белгилешет жана аны алып салышат, мурастоого укук берүү жөнүндө күбөлүктөрдү берет жана мурасталган мүлктү коргоо жагынан чара көрөт. Мамлекеттик нотариус болбогон учурда же болбосо алар тарабынан аталган нотариалдык иш-аракеттерди жасоо мүмкүн болбосо ушул нотариалдык иш-аракеттерди аткаруу юстиция органынын чечими менен мамлекеттик нотариустардын бирине тапшырылат.";
- экинчи бөлүктөгү "мамлекеттик нотариалдык кеңселердин компетенциясындагы" деген сөздөр "мамлекеттик нотариустун компетенциясындагы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
20. 33-берененин үчүнчү бөлүгүндөгү "Юстиция министрлиги" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын.
21. 41-берененин экинчи бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
22. 43-беренеде:
- биринчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жасалган нотариалдык аракет же андай аракетти жасоодон баш тартуу туура эмес деп эсептеген кызыкдар адам сотко кайрылууга укуктуу.";
- экинчи бөлүктөгү "же арбитраждык сот тарабынан" деген сөздөр алып салынсын.
23. 45-беренедеги "Юстиция министрлиги" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын.
24. 46-берененин биринчи бөлүгүндөгү "нотариалдык кеңсенин" деген сөздөр "нотариустардын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
25. 54-берененин биринчи бөлүгүндөгү "нотариалдык кеңсенин" деген сөздөр "нотариустардын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
26. 59-берененин экинчи бөлүгүндөгү "нотариалдык кеңсеге" деген сөздөр "мамлекеттик нотариуска" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
27. 60-берененин экинчи бөлүгүндөгү "мамлекеттик нотариалдык кеңсе жок жерде" деген сөздөр "мамлекеттик нотариус жок жерде" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
28. 103-беренеде:
- биринчи бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы мүчөсү болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишими", "Юстиция министрлиги" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Кыргыз Республикасы мүчөсү болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде", "Өкмөт" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти