Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз
Каталог/Токтом
ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-ноябрындагы №684 «Москва шаарында 2009-жылдын 9-июнунда кол коюлган, Евразиялык экономикалык шериктештиктин мүчө-мамлекеттеринин бажы кызматтарынын ишинде маалыматтык технологияларды колдонуудагы бирдиктүү багыт жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу» токтому

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 684
Кабыл алынган
2009-жылдын 4-ноябры
Чыгарган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

Каттоо жана жарыялоо

Реестрде
2009-жылдын 6-ноябры

Реестрде

Минюст коду
90324

Минюсттун расмий барагы

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Редакция04.11.2009 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 4-ноябры № 684

Москва шаарында 2009-жылдын 9-июнунда кол коюлган, Евразиялык экономикалык шериктештиктин мүчө-мамлекеттеринин бажы кызматтарынын ишинде маалыматтык технологияларды колдонуудагы бирдиктүү багыт жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Москва шаарында 2009-жылдын 9-июнунда кол коюлган, Евразиялык экономикалык шериктештиктин мүчө-мамлекеттеринин бажы кызматтарынын ишинде маалыматтык технологияларды колдонуудагы бирдиктүү багыт жөнүндө макулдашуунун 15-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Москва шаарында 2009-жылдын 9-июнунда кол коюлган, Евразиялык экономикалык шериктештиктин мүчө-мамлекеттеринин бажы кызматтарынын ишинде маалыматтык технологияларды колдонуудагы бирдиктүү багыт жөнүндө макулдашуу бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлиги Кыргыз Республикасы аталган Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө Евразиялык экономикалык шериктештиктин Интеграциялык комитетине кабарласын.

3. Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы аныкталсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

Д.Үсөнов

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.