Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 536 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 4-ноябры № 686
"Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимдери жөнүндө" 2009-жылдын 27-июнундагы № 418 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимдерин кийүү эрежелерин тартипте келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимдери жөнүндө" 2009-жылдын 27-июнундагы № 418 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
а) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимдерин кийүү эрежесинде:
- 1-пункттун экинчи сүйлөмү алып салынсын;
- 4-пункттун экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- күнүмдүк (жайкы);
- талаалык (жайкы, кышкы).";
- 5-пункттагы "жана Кыргыз Республикасыны Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өнөр жайдагы коопсуздукту көзөмөлдөө жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлерин" деген сөздөр алып салынсын;
- 8-пункттун төртүнчү абзацы алып салынсын;
б) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимдеринин сүрөттөлүшүндө:
- эркектердин күнүмдүк форма кийиминин сүрөттөлүшү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эркектердин күнүмдүк форма кийиминин сүрөттөлүшү
Эркектердин күнүмдүк форма кийими: бешмант, шым, көйнөк, жагоо, ошондой эле бут кийимден турат. Кездеменин өңү жана курамы белгиленген тартипте Министрликтин жетекчилиги тарабынан аныкталат.
Бешмант
Бешмант денеге жарым-жартылай кынама, капталы тилик, көөдөнү ачык, бешмант тибиндеги жакасы бар, бир борттуу, диаметри 22 мм эки металл топчу менен топчуланат. Бешманттын өңүрлөрү белинен таналган жана капкалдырыктуу тилик жан чөнтөктөрү бар. Учасында тигиш дал ортосунан өтүп, этеги тилик. Жеңи орнотулма, кош тигиштүү, диаметри 14-16 мм эки металл топчу тагылат. Бешмант ичтелген, ичинин сол жана оң өңүрлөрүндө бир топчу менен топчулануучу эки ички чөнтөк, ошондой эле сол жагында төш чөнтөк жайгашкан.
Шым
Шым классикалык формада, кыр чыгарылып үтүктөлгөн, алдыңкы жарымына жан чөнтөк салынып, бүйрүлгөн кош тигиш менен сыдырма салынган. Шымдын арткы бөлүгү белинен таналган. Артынын оң жагында капкалдырыктуу тилик чөнтөк салынып, ал топчу менен топчуланат. Белине кашат салынып, ички бетине атайын кең тасма тигилет. Шымдын белинде 6 куркармагыч, илмек жана бүчүлүк жайгашкан. Шымдын багалегине атайын тасма тигилет. Шымдын алдынкы бөлүгү тизеге чейин ичтелет.
Көйнөк
Көйнөк түз тигилип, ага сегиз топчу тагылат. Тик жакалуу. Сол өңүрүнө каптама төш чөнтөк салынат. Учасы кокеткалуу. Жеңи эки топчулуу манжети, планкасы менен мезгилге жараша узун же кыска болот.
Жагоо
Костюмдун түсүнө өңдөш кездемеден жасалат.
Бут кийим
Туфли кара же кочкул түстө болот.";
- аялдардын күнүмдүк форма кийиминин сүрөттөлүшүндө:
жакеттин сүрөттөлүшү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жакет
Жакет денеге жарым-жартылай кынама, капталы тилик, көөдөнү ачык, бешмант тибиндеги жакасы бар, бир борттуу, диаметри 22 мм эки металл топчу менен топчуланат. Жакеттин өңүрлөрү белинен таналган жана капкалдырыктуу тилик чөнтөктөрү бар. Учасында тигиш дал ортосунан өтүп, ийиндери таналган. Жеңи орнотулма, кош тигиштүү, диаметри 14-16 мм эки металл топчу тагылат.";
бут кийимдин сүрөттөлүшү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бут кийим
Бут кийим кара же кочкул түстө.";
в) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимдерин кийүү мөөнөтүндө:
- 9-пункт күчүн жоготту деп табылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |