Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 4-ноябры № 691
"Лотереялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Лотереялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |
Долбоор
1-берене.
"Лотереялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2009-жыл, 12 май, № 34-35) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-беренеде:
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Лотерея - келишимге жараша жүргүзүлүүчү оюн, анда биринчи тарап (лотереяны уюштуруучу) элге жарыяланган шарттарга ылайык лотереянын байге фондусунан утуш оюндарын жүргүзөт, ал эми экинчи тарап (лотереяга катышуучу) лотереянын шарттарына ылайык утуп алды деп таанылса, анда ал утуп алуу укугун алат. Лотереяны уюштуруучу менен лотереяга катышуучунун ортосундагы келишим ыктыярдуу негизде түзүлөт жана лотереялык билетти, квитанцияны, башка документти берүү же лотереянын шарттарында каралган башка ыкмалар аркылуу таризделет".
- жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Утуш (байге) - лотереянын шарттарына ылайык жеңүүчү (утуучу) деп таанылган оюнчуга (лотереянын катышуучусуна) менчикке берилген же ыйгарылган акча каражаттары, мүлк, мүлк укуктары. Мында лотереялык билетке утуштун туш келиши чыныгы кокустук иш гана болуш керек жана кимдир бирөөлөр тарабынан атайлап жасалышы мүмкүн эмес".
- он үчүнчү абзацтагы "лотерея тиражы" деген сөздөр "тираждык лотереянын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- он төртүнчү абзац "лотереяны уюштуруучу тарабынан" деген сөздөн кийин "келишим" деген сөз менен толукталсын;
- он алтынчы абзац "эквивалентинин" деген сөздөн мурда "ойнотулган" деген сөз менен толукталсын;
- он жетинчи жана он сегизинчи абзацтар күчүн жоготту деп табылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Чыгарылган лотерея билеттеринин көлөмү - чыгарылган лотерея билеттеринин санына жана аларды лотереяга катышуучу адамдарга лотереянын шарттарында көрсөтүлгөн баа боюнча сатык наркына жараша эсептелген акча каражаттарынын жалпы көлөмү".
2. 3-беренеде:
- 1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Муниципалдык лотереялар бир шаардын аймагында жана бир айыл округунун аймагында ойнотулат";
- 3-бөлүктөгү "мамлекеттик мекеме, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы" деген сөздөр "атайын түзүлгөн орган (юридикалык жак)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4 жана 5-бөлүктөр күчүн жоготту деп табылсын.
3. 5-берененин 2-бөлүгүндө:
- үчүнчү абзац "берет" деген сөздөн кийин ", токтотот, чакырып алат" деген сөздөр менен толукталсын;
- жетинчи абзацтагы "колдонуудагы мыйзамдардын" деген сөздөр "ушул мыйзам" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 6-беренеде:
- 5-бөлүктөгү "жумушчу" деген сөз "календарлык" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 14-бөлүктө:
- он биринчи абзацтагы "сүрөттөлүшү" деген сөз "тизмеси" деген сөз менен алмаштырылсын;
- он экинчи абзацтагы экинчи жана үчүнчү сүйлөмдөр алып салынсын.
5. 9-берененин 1-бөлүгүндө:
- бешинчи абзацтагы "буйругу" деген сөз "мыйзамдуу талаптар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- алтынчы абзацтагы "республикалык бюджетке" деген сөздөр "республикалык же жергиликтүү бюджеттерге" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 10-берененин 1-бөлүгүндө:
- экинчи абзацтагы "уруксатты" деген сөз "күбөлүктү" деген сөз менен алмаштырылсын;
- төртүнчү абзацтагы "республикалык бюджетке" деген сөздөр "республикалык же жергиликтүү бюджеттерге" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бешинчи абзац "уюштуруучунун" деген сөздөн мурда "лотереяны" деген сөз менен толукталсын.
7. 12-беренеде:
- 3-бөлүктөгү "лотерея белеттерин" деген сөздөр "лотерея билеттерин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Тираждуу лотереянын билеттерин сатуу тираждуу лотереянын байге фондун ойнотуу жүргүзүү күнүнө үч календардык күн калганда токтотулууга тийиш.
Көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде лотереяны уюштуруучу сатылбаган тираждык лотереялык билеттерди кайтарып алууну, толук тизмеге алууну, жок кылууну камсыз кылууга милдеттүү.
Сатылбаган тираждык лотереялык билеттерди жок кылуу тираждык лотереянын сыйлык фондусун ойнотууну өткөрүүдөн бир сутка мурда бүткөрүлүүгө тийиш.
Тираждык лотереянын сыйлык фондун ойнотууга ошол тираждын сатылган (таратылган) лотерея билеттерине гана жол берилет, сатылбагандарды ойнотууга жол берилбейт.
Кызыктуруучу лотереяларга, лотереяны сатып алгандан кийин, ошондой эле тираждык лотереянын байге фондун ойнотууну өткөргөндөн кийин утуштары аныкталуучу айкалыштырылган лотереяларга да ушул бөлүктүн жоболору колдонулат".
8. 13-берененин 4-бөлүгүндө:
- биринчи абзац "сатылбаган" деген сөздөн мурда "лотереяны уюштуруучулар тарабынан" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Лотереянын байге фондун ойнотууга катышкан, ар бир лотереялык билеттин сериялык номери жөнүндө маалымат лотереяны уюштуруучу тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик органга берилүүгө тийиш".
9. 14-беренеде:
- 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"6. Лотереянын байге фондунун өлчөмү 500 эсептик көрсөткүчкө барабар акча эквивалентинен ашуун байгелер суммасы көлөмүндөгү бөлүгү, лотереяны уюштуруучу тарабынан ар бир тираждык (чыгарылыштын) лотерея билеттери сатыла (таратыла) баштаганга чейин түзүлүүгө тийиш.
Ар бир тираждын (чыгарылыштын) лотерея билеттери сатыла (таратыла) баштаганча чейин лотереяны уюштуруучу ыйгарым укук берилген мамлекеттик органга байге фондунун жогоруда көрсөтүлгөн бөлүгүнүн түзүлүшүн ырастоочу документтерди берүүгө милдетүү.
- 7-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын.
10. 15-беренеде:
- 2-бөлүктө "тираждын" деген сөздөн мурда "(ойнотулуучу)" деген сөз менен толукталсын;
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Тез ойнотулуучу (тиражы жок) утуштуу лотерея билеттери тез ойнотулуучу (тиражы жок) утуштуу лотерея өткөрүлгөн бүткүл мөөнөт ичинде лотереяны уюштуруучу тарабынан төлөп берүүгө кабыл алынат. Тез (тиражы жок) утуштуу билеттерди ойнотуу бүткөн учурда, ал боюнча утуштуу лотереялар, тез (тиражы жок) утуштуу лотереяларды өткөрүү бүткөндүгү жөнүндө лотереяны уюштуруучу расмий жарыялаган күндөн тартып үч айдын ичинде төлөп берүүгө лотереяны уюштуруучу тарабынан кабыл алынат";
- 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Эгерде лотереяны өткөрүү шарттарында башка мөөнөт көрсөтүлбөсө, утуштуу лотереялык билет көрсөтүлгөн учурда утуштар дароо же 10 күндүн ичинде төлөнөт, берилет же бир учурда берилет. Мындай болгон учурда төлөп берүү мөөнөтү утушу бар лотереяны көрсөткөндөн кийин бир айдан ашпашы керек.";
- 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4. Лотереяны ойнотуунун жыйынтыгы аныкталган күндөн тартып 10 күндөн кеч эмес мезгилде лотереяны ойнотуунун жыйынтыгын жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого лотереяны (тез лотереядан башканы) уюштуруучу милдеттүү".
11. 18-беренеде:
- экинчи бөлүктөгү "10" деген сан "20" деген сан менен алмаштырылсын;
- 4-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын.
12. 19-беренеде:
- 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Лотерея ишин жүргүзүү укугу үчүн акы ойнотулуучу лотереялардын түрлөрүнө (мамлекеттик, мамлекеттик эмес) жана лотереяны уюштуруучунун мамлекеттик каттоодон өткөн жерине жараша Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине же жергиликтүү бюджетке которулат";
- 5-бөлүктөгү "жергиликтүү бюджетке", "(мамлекеттик лотереядан башкасы)" деген сөздөр алып салынсын.
13. 20-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлүүчү лотереялар үчүн милдетүү нормативдерге төмөнкүлөр кирет:
- тираждык, тез жана комбинацияланган лотереялар үчүн байге фондунун көлөмү ар бир тираждын (чыгарылыштын) чыгарылган лотерея билеттеринин көлөмүнүн 50 пайыздан кем эмес түзүүгө тийиш. Ошол эле учурда тираждык лотереялар үчүн байге фондунун минималдык өлчөмү 3500дөн кем эмес эсептик көрсөткүчтү, тез ойнотулуучу жана комбинириялашкан лотереялар үчүн - 10000ден кем эмес эсептик көрсөткүчтү түзүшү керек.
Электрондук лотереялар үчүн байге фондунун көлөмү кабыл алынган лотереялык ставкалардын (төлөнгөн) суммасынан 50 пайызга кем болбоого тийиш. Ошол эле учурда электрондук лотерея үчүн байге фондунун минималдык өлчөмү 2500 эсептик көрсөткүчтөн аз болбоого тийиш.
Жогоруда аталган милдеттүү нормативдерге жооп бербеген лотереяларды уюштурууга жана өткөрүүгө тыюу салынат.
Ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган лотереяны уюштуруучунун байге фондунун көлөмүнө карата минималдуу талаптардын ылайык эместигин айкындаган учурда ылайык эместиктин айырмасы жергиликтүү же республикалык бюджетке алынууга (төлөнүүгө) жатат.
- кызыктыруучу лотереяларга байге фондунун өлчөмүн уюштуруучу байге компаниясынын пландарына ылайык аныктайт, бирок ал 1000 эсептик көрсөткүч өлчөмүнөн кем болбойт. Башка учурларда ушундай лотеряларды уюштурууга жана өткөрүүгө тыюу салынат".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|