Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-ноябрындагы № 681 токтому менен бекитилген |
I. Жалпы жоболор
II. Өкмөттүн Аппаратынын милдеттери жана функциялары
III. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ыйгарым укуктары
IV. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жана анын
түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилиги
V. Башка жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты (мындан ары Өкмөттүн Аппараты) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишин маалыматтык-талдоо, уюштуруучулук жана укуктук жактан камсыз кылууга арналган мамлекеттик орган болуп саналат.
Өкмөттүн Аппараты Кыргыз Республикасынын Президентинин өлкөнү жаңылоо саясатын ишке ашыруу боюнча аткаруу бийлик органдарынын ишин, анын ичинде аткаруу бийлик органдары системасын реформалоо маселеси боюнча координациялоону жүзөгө ашырат.
2. Өкмөттүн Аппаратынын ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары жана буйруктары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору жана буйруктары, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдер жана макулдашуулар, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдору, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти, Өкмөттүн Аппаратынын Регламенти жана бул Жобо түзөт.
3. Өкмөттүн Аппараты жөнүндө жобо жана Өкмөттүн Аппаратынын Регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилет.
4. Өкмөттүн Аппаратынын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, ошондой эле аткаруу бийлик органдарынын ишин уюштурууну иштеп чыгуу, ишке ашыруу, контролдоо жана түзүмүнүн кайра уюштурулушуна жана мазмунунун өзгөрүшүнө белгиленген компетенциянын чегинде баа берүү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ишин уюштуруучулук, талдоо, маалыматтык жана укуктук жактан камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Институтунун органдары жана кызмат адамдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен аткаруу бийлик органдары системасын реформалоону ишке ашыруу маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу;
- электрондук документтерди жүгүртүүнү жана "электрондук өкмөттү" иштеп чыгуу жана киргизүү, аткаруу бийлик органдары системасын реформалоонун абалынын бирдиктүү маалыматтык базасын түзүү.
5. Өкмөттүн Аппараты жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жана Өкмөттүн Аппаратына аткаруу бийлик органдарынын маалымат берүү стандартын жана регламентин сакташын контролдоо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун аларды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүүдө, ошондой эле башка нормативдик укуктук актыларды жана документтердин даярдоо жана тариздөө стандарттарынын, талаптарынын аткарылышын контролдоо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана аткаруу бийлик органдары системасын реформалоо боюнча Өнүктүрүү кеңешине жана зарыл учурда Президенттик кеңешменин кароосуна сунуштарды даярдоо жана белгиленген тартипте киргизүү;
- аткаруу бийлик органдарынын системасын реформалоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин аткаруу боюнча иш-чаралардын деталдаштырылган пландарын иштеп чыгуу;
- аткаруу бийлик органдарынын системасын реформалоо боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин ишке ашырууну координациялоо;
- аткаруу бийлик органдары системасын реформалоону ишке ашыруунун мониторингин, контролдоону жана баалоону камсыз кылуу;
- мамлекеттик башкаруу органдарында маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүүнүн долбоорун иштеп чыгуу жана аны ишке ашырууну координациялоо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана башка мамлекеттик башкаруу органдарынын ишиндеги өзгөрүүлөрдү башкаруу саясатын иштеп чыгуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн комиссияларды, жумушчу топторун түзүү;
- аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын аткарышын уюштуруу жана координациялоо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана анын Президиумунун жыйындарын уюштуруу;
- кабыл алынган стандарттарга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйруктарын тариздөө жана аларды аткаруучуларга жеткирүү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин чечимдеринин аткарылышын мониторингдөө жана контролдоо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин иш кагаздарын уюштуруу жана жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, буйруктарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, улуттук жана мамлекеттик стратегияларды жана программаларды, анын ичинде аткаруучу бийлик органдарынын системасын реформалоо маселелери боюнча чечимдерди аткаруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине маалымдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Институтунун тиешелүү органдарына жана кызмат адамдарына маалымат даярдоо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Институтунун органдарынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, сот бийлигинин жогорку органдарынын, аткаруучу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка мамлекеттик органдардын арасында документтерди жүгүртүүнү камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламентине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен, жана зарыл болсо - башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен электрондук документ жүгүртүү жана "электрондук өкмөт" технологияларын иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча өз ара байланышта иштөө;
- башкаруучу ишти жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү стандартташтырууну жана маалыматташтырууну уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматтык ресурстарын түзүү жана иштетүү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйруктарына ылайык башка функцияларды аткарат.
6. Өкмөттүн Аппараты бул Жободо каралган функцияларды аткаруу үчүн төмөнкүдөй укуктарга ээ, алар:
- аткаруу бийлигинин органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, буйруктарын жана тапшырмаларын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тапшырмаларын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматтарды белгиленген компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинде белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын жана тапшырмаларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тапшырмаларынын аткарылышына, өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аткарышына текшерүү жүргүзүү үчүн комиссияларды, жумушчу топторду түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, буйруктарын жана тапшырмаларын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тапшырмаларын, өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбагандык же бузгандык фактылары аныкталган учурда аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине тартиптик жаза колдонуу жөнүндө сунуштарды, ошондой эле жогоруда аталган органдардын жетекчилерин аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча сапаттуу иштери жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин ак ниет аткарганы үчүн сыйлоо жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине киргизүүгө.
7. Өкмөттүн Аппаратын Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалчу жана кызматтан бошотулчу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Өкмөттүн Аппарат жетекчиси (мындан ары - Өкмөттүн Аппарат жетекчиси) башкарат.
8. Өкмөттүн Аппарат жетекчиси ушул Жобо менен белгиленген компетенциясынын чегинде аткаруучу, контролдоочу жана тескөөчү функцияларды аткарат.
9. Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин үч орун басары, анын ичинен бирөө биринчи орун басары болот.
Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басарларын Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри дайындайт.
10. Өкмөттүн Аппарат жетекчиси:
- Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иштерин уюштурат жана координациялайт;
- Өкмөттүн Аппаратынын Регламентине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Институтунун органдары менен алар тейлөөчү маселелер боюнча бирдиктүү милдеттерди чечүү максатында өз ара аракеттенет;
- Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басарларынын ортосунда милдеттенмелерди бөлүштүрөт;
- Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин жана башка кызматкерлерин мамлекеттик кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлерин сыйлайт жана аларга тартиптик жаза берет;
- Өкмөттүн Аппаратынын компетенциясына таандык маселелер боюнча аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат;
- Өкмөттүн Аппаратынын Регламентине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Институтунун органдары жана кызмат адамдары менен биргелешкен чечимдерге кол коет;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Институтунун органдары менен биргелешкен комиссияларды жана жумушчу топторду Өкмөттүн Аппаратынын Регламентине ылайык түзөт;
- Өкмөттүн Аппаратынын чыгымдар сметасынын чектеринде финансы каражаттарын тескейт;
- Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине киргизет;
- Өкмөттүн Аппаратынын түзүмү жана штаттык саны боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуштарды киргизет;
- Өкмөттүн Аппаратынын бюджети боюнча белгиленген тартипте сунуштарды түзөт жана киргизет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоору менен материалдарды Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине киргизет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун жана буйруктарынын тиркемелерине кол коет;
- министрликтерге, администрациялык ведомстволорго жана аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча тапшырма берет жана алардын аткарылышын контролдойт;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин чечимдери менен ага берилген башка ыйгарым укуктарды аткарат.
11. Өкмөттүн Аппаратынын өз алдынча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси Өкмөттүн Аппаратынын Регламентине ылайык тиешелүү бөлүмгө жетекчилик кылат, Өкмөттүн Аппаратынын кызмат адамдары жана анын жетекчилиги, башка мамлекеттик органдары жана кызмат адамдары менен өз ара мамилелерде анын атынан чыгат.
12. Өз алдынча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси төмөнкүлөргө укуктуу:
- Өкмөттүн Аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмүнүн карамагына таандык маселелер боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилеринен белгиленген тартипте маалымат сурап алууга;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин, ошондой эле мамлекеттик эмес уюмдарынын өкүлдөрүн тийиштүү түзүмдүк бөлүмүнүн карамагына таандык маселелерди чечүүгө катышуу үчүн белгиленген тартипте тартууга;
- тийиштүү түзүмдүк бөлүм жөнүндө жободо каралган башка ыйгарым укуктарды аткарууга.
13. Өкмөттүн Аппараты юридикалык жактын статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү болот.
14. Өкмөттүн Аппаратынын ишин, анын кызмат адамдарын жана түзүмдүк бөлүмдөрүн финансылык, материалдык-техникалык жактан камсыздоону Борбордук финансы-чарбалык башкарма жүргүзөт.
|
|