Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 6-апрели № 197 токтомуна ылайык
кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 10-ноябры № 696
"Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы №316 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик кызматкердин категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү жана тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 токтомунун № 1 тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин ведомстволук уюмдарынын кызматкерлеринин кызматтык маяналары";
- I, II жана III бөлүмдөрү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"
№
| Кызматтардын аталышы
| Кызматтык маяналар (сом менен) |
I. »Кыргызгипрозем» жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту (МДИ) (башкы офиси) | ||
1 | Директор | 13500 |
2 | Директордун биринчи орун басары | 12000 |
3 | Башкы инженер | 11000 |
4
| Директордун орун басары - ЭФП бөлүмүнүн начальниги | 10500
|
5 | Башкы бухгалтер | 7800 |
6 | Бөлүм начальниги | 7800 |
7 | Бөлүм начальнигинин орун басары | 7000 |
8 | Сектордун, топтун, лабораториянын башчысы | 6500 |
9 | Өндүрүш боюнча башкы экономист | 6200 |
10 | Башкы адис | 5600 |
11 | Жетектөөчү адис | 4800 |
12 | Адис | 4000 |
13 | Инженер | 4000 |
14 | Техник | 3200 |
15 | Кампа башчысы | 3000 |
16 | Иш кагаздарын жүргүзүүчү | 2800 |
17 | Китепканачы | 2800 |
II. Республикалык кыртыш-агрохимиялык станция | ||
1 | Директор | 8000 |
2 | Башкы бухгалтер | 5800 |
3 | Бөлүм начальниги | 6200 |
4 | Сектордун, топтун, лабораториянын башчысы | 5800 |
5 | Башкы адис | 4800 |
6 | Жетектөөчү адис | 4400 |
7 | Адис | 3900 |
8 | Улук аналитик | 3900 |
9 | Инженер | 3900 |
10 | Аналитик | 3500 |
11 | Техник | 2900 |
12 | Чарба башчысы | 2800 |
13 | Иш кагаздарын жүргүзүүчү | 2700 |
III. Ведомстволук аймактык ишкана, экспедициялар | ||
1 | Директор | 7800 |
2 | Начальник | 7500 |
3 | Өндүрүш бөлүмүнүн начальниги | 6000 |
4 | Бухгалтер | 5600 |
5 | Сектордун, топтун, лабораториянын башчысы | 5500 |
6 | Башкы адис | 4600 |
7 | Жетектөөчү адис | 4200 |
8 | Адис | 3800 |
9 | Инженер | 3800 |
10 | Техник | 2900 |
Эскертүү:
"Кыргызгипрозем" МДИнин жетекчисине долбоорлоо-издөө жана текшерүү иштеринин бардык түрлөрүн аткарууда кызматтык маяналарга төмөнкүдөй коэффициенттерди колдонууга укук берилет:
1ден 2,0гө чейин - талаа шартындагы долбоорлоо-издөө жана текшерүү жумуштарына;
1ден 1,5ке чейин - камералык жумуштарга, иштин аткарылган нормасына жараша.". 2. (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы №316 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
3. Бул токтом 2010-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Д.Үсөнов
|