Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 10-ноябры № 698
"Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана администрациялык ведомстволорунун жетекчилеринин 2009-жылдын ноябрь-декабрына жарандарды кабыл алуу графигин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-октябрындагы № 672 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана администрациялык ведомстволорунун жетекчилеринин 2009-жылдын ноябрь-декабрына жарандарды кабыл алуу графигин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-октябрындагы № 672 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, вице-премьер-министрлеринин жарандарды кабыл алуусу Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүнүн имаратында, ал эми Кыргыз Республикасынын министрлеринин жана администрациялык ведомстволорунун жетекчилеринин кабыл алуусу - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук кабылдамасында жүргүзүлөөрү белгиленсин.";
- 3-пункт күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр | Д.Үсенов |