Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 13-ноябры № 702
Кишинев шаарында 2008-жылдын 14-ноябрында кол коюлган "Биргелешип фильм чыгаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кишинев шаарында 2008-жылдын 14-ноябрында кол коюлган "Биргелешип фильм чыгаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
Долбоор
1-берене.
2008-жылдын 14-ноябрында Кишинев шаарында кол коюлган Биргелешип фильм чыгаруу тууралуу макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболор аткарылгандыгы тууралуу Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|