Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 4-ноябрындагы № 702 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 13-ноябры № 704
"Аарычылык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Аарычылык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |
Долбоор
Бул Мыйзам бал аарычылык ишинин, аны коргоонун, аарыларды көбөйтүүнүн, бал аарычылыктын азыктуулугун жана ургаалдуу өнүгүүсүн жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүнүн укуктук негиздерин белгилейт.
1-берене. Бул Мыйзамда колдонулган негизги түшүнүктөр
Бул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат.
аары бүлөлөрүн көчүрүү - аары бүлөлөрүн бал чогултууга жана айыл чарба өсүмдүктөрүн чаңдаштырууга алып баруу;
аарыларды коргоо каражаттары - бал аарычылыкта колдонулуучу иммунобиологиялык, биологиялык, өсүмдүк, химиялык, химико-фармацевтикалык жана башка ветеринардык препараттар;
аарылар түркүмү - белгилүү бир климаттык шарттарда, табигый тандоонун таасири астында калыптануучу жана муундан муунга берилүүчү туруктуу белгилердин бүтүндүгүнө ээ болгон аары бүлөлөрүнүн чоң тобу;
аарылар түркүмүн райондоштуруу - жердин шартына ыңгайлаштыруу даражасы;
аары мому - жумушчу аарылардын мом бездеринен бөлүнүп чыгуучу жана алар уюктарды куруу үчүн колдонуучу май сыяктуу зат;
аары уусу - аарылардын чоң жана кичине уу бездеринен бөлүнүп чыгуучу заттардын аралашмасы;
аары уюгу - аары бүлөлөрүнүн мейкиндикте көбөйүүсүнүн табигый жолу же жаңы аары бүлөлөрүнүн калыптанышы;
аарычылык - негизги иши аарычылык азыктарды алуу үчүн бал аарыларын өстүрүү жана кармоо, ошондой эле аларды айыл чарба өсүмдүктөрүн чаңдаштыруу үчүн пайдалануу болуп эсептелген, айыл чарба тармагы;
аарычылык азыктары - аарылардын чогултуучулук жана физиологиялык касиеттери менен алынган азыктар (бал, мом, аары бутундагы чогултулган чаң, ачытылган гүлдүн чаңы, аары желими, энелик сүт, аары уусу, ызак (эркек аары) гомогенаты) ошондой эле аарылар;
аарычылык азыктарын бузуп жасоо - бал аарычылыктын таза азыктарын башка заттар менен алмаштыруу;
аралашмалар - кумшекер жана башка таттуу заттар;
асыл-тукум аары бүлөсү - өз белгилерин укумдан тукумга туруктуу өткөрүүчү таза кандуу, жогорку азыктуу аары бүлөсү;
бал аарыларынын зыянкечтери - аарыларды тоюттануу максатында өлтүрүүчү же аары бүлөлөрүн уурдоо, же балын бузуу жолу менен зыян келтирүүчү жаныбарлардын, канаттуулардын жана курт-кумурскалардын айрым түрлөрү;
бал аарыларынын популяциясы - белгилүү бир аймакта калыптанган жана жалпы генофондго ээ, аары бүлөлөр түркүмүнүн жыйындысы;
бал аарысынын бүлөсү - бир уюкта же уяда жашаган он миңдеген жумушчу аары, ызак жана бир туут эне аарыдан турган биологиялык бирдик;
бал жыйноо - өсүмдүктөр гүлдөгөн жана аарыларга ургаалдуу шире жана чаң жыйноочу мезгил;
бал өсүмдүктөрү - бал чогултууну камсыз кылуучу шире жана чаң берүүчү өсүмдүктөр;
балчелек - аары бүлөсүн кармоо үчүн курулуш;
жасалма куруу уячалары - түптөрүнө аары уюктарын куруу үчүн бөлүкчөлөр негизделген, тийиштүү көлөмдөгү момдон жасалган жалбырактар;
көчмө пасека - түздөн-түз бал жыйноо булактарында же энтомофилдик айыл чарба өсүмдүктөрүнүн массивинде жайгашкан пасека;
накта бал - бал аарылар ширеден же маңыздан иштеп чыккан азык;
пасека-балчелектер турган жер - белгилүү бир жерде аары бүлөсү бар бал челектерди жана аарычылык үчүн зарыл мүлктөрдү жайгаштыруу;
пасеканын ветеринардык паспорту - мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген документ, анда бал аары бүлөлөрүнүн жайгашкан жери, ээси, саны, профилактика, аарылардын оорусун аныктоо жана дарылоо максатында жүргүзүлгөн ветеринардык тазалоолордун мөөнөтү жана мүнөздөрү көрсөтүлөт.
прополис же аары желими - бал аарылары өсүмдүктөрдүн бүчүрүнөн чогултушкан аарылардын бездеринен бөлүнүп чыгуучу зат менен байытылган чайыр сымак аралашма;
стационардык пасека - балчелектер жыл бою бир орунда туруучу жер;
энелик сүтү - энелик личинкаларынын жана туут аарылардын тоюту;
энтомофилдик өсүмдүк - курт-кумурскалар чаңдаштыруучу өсүмдүктөр;
ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - аарычылык тармагында мамлекеттик жөнгө салууну өзүнө берилген укуктун чегинде ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган мамлекеттик орган.
2-берене. Аарычылык жаатындагы мыйзамдар
Аарычылык тармагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Мыйзамдан жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдерден жана макулдашуулардан турат.
Эгер мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимде жана макулдашуулар менен ушул Мыйзамда каралгандан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдердин эрежелери колдонулат.
3-берене. Аарычылык ишин жүргүзүүгө укуктар
Аарычылык ишин жүргүзүүгө жеке жана юридикалык жактар укуктуу.
Аарычылык ишин жүргүзүүгө мамлекеттик органдын уруксатын алуу талап кылынбайт.
4-берене. Пасекаларды жайгаштыруу үчүн жер участокторду берүү
Пасекаларды жайгаштыруу үчүн жеке жана юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын жер жөнүндөгү мыйзамдары менен белгиленген шарттарда жер участоктору ижарага аары бүлөлөрүнүн кайсы жерде катталганына карабастан берилет.
5-берене. Пасеканы түзүү жана ага жер пайдалануу
Көмөкчү жайлары, жабдуулары жана өздөрүнүн менчигиндеги же пайдалануусундагы жер участогу бар жеке жана юридикалык жактар бал аарычылык ишин жүргүзүү үчүн аары бүлөлөрүнөн пасеканы түзүшөт.
Аарычылык ишин жүргүзүү жеке жана юридикалык жактар жер жөнүндөгү мыйзамдарга ылайык жер участоктордун менчик ээлери жана жер пайдалануучулардын макулдашуусу менен башка жер участокторун пайдалана алышат.
Жеке жана юридикалык жактар каалаган сандагы аары бүлөлөрүн кармай алышат.
Пасекаларда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасында породалык райондоо планына ылайык тигил же бул жерге райондолгон аарылардын түркүмү гана багылышы керек.
Аары бүлөлөрүн каттоо жана эсепке алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тартипте ишке ашырылат.
6-берене. Пасекаларды жайгаштыруу
Жеке жана юридикалык жактар пасекаларды адамдын коопсуздугу камсыздалган жерлерде жайгаштырышат.
Пасекалар саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият жана мектепке чейинки тарбиялоо мекемелеринен 1,5 км, кант иштетүүчү ишканаларынан жана уулу химикат сактоочу жайлардан 3,5 км аралыкта жайгаштырылышы керек.
Көчмө пасекалар бири биринен бир жарым километр, ал эми стационардык пасекалар үч километрден кем эмес аралыкта жайгаштырылышы керек. Стационардык жана көчмө пасекаларды мурда жайгашкан пасекалардын аарыларынын бал жыйноого учкан жолунда жайгаштырууга жол берилбейт.
Пасека бал чогултуучу жерлерге тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган маршрут боюнча жана ветеринардык-санитардык талаптарды сактоо менен көчүрүлөт.
Көчмө пасекалар үчүн ылайыкташтырылып жасалган чиркегичтер, платформалар, павильондор жана көчмө күркөлөр технологиялык айыл чарба жабдууларына кирет жана чоң жарык бергичтер, алды ак, арты кызыл өңдөгү жарык чачыратуучу катафоттор стоп-белгинин жарыктары, бурулуш көрсөткүчтөрү менен жабдууланышы керек.
Эгерде платформанын, павильондун же көчмө күркөлөрдүн салмагы автомобилден же сүйрөтмө трактордун салмагынан жогору болсо, алар тормоз системасы, кармап туруучу тормозу менен жабдууланышы керек.
7-берене. Аарыларды коргоо жана көбөйтүү
Бал аарыларын коргоо жана көбөйтүү менчик ээси тарабынан төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырылат:
- аарылар жүргөн чөйрөнү, көбөйтүү шарттарын, көчмө орундарын жана аарыларды көчүрүү жолдорун коргоо;
- пасекаларды ветеринардык-санитардык тейлөө;
- жайгаштыруу аймактарында аары бүлөлөрүнүн оптималдуу санын камсыздоо;
- аарыларды илимий негизде жана рационалдуу пайдалануу;
- аары бүлөлөрүнүн күчүнүн начарланышына жана аары бүлөлөрүн атайылап жок кылуунун алдын алуу боюнча чараларды көрүү;
- өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын, минералдык жер семирткичтерди жана башка препараттарды колдонууда аарыларды коргоо;
- аарыларды сактоого багытталган ишке көмөк көрсөтүү.
8-берене. Аарылардын ылаңдары профилактикалоо, дарылоо, аары бүлөлөрүнүн зыянкечтери менен күрөшүү
Пасекаларды каттоого жана дарылоо-профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү максатында ар бир пасекага ветеринардык паспорт берилет.
Паспортту берүү тартиби жана анын формасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
Бал аарычылык ишин жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аарылардын ылаңдарын профилактикалоо, дарылоо аары бүлөлөрүнүн зыянкечтери менен күрөш үчүн жүргүзүшөт.
Аарылардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдарынын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
9-берене. Аарычылык тармагындагы ветеринардык-санитардык экспертиза
Аарылардан өндүрүлгөн жана даярдалган аарычылык азыктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ветеринардык-санитардык экспертизадан өткөндөн кийин гана сатылууга тийиш.
Аарычылык азыктарына башка аралашманы кошуу жана жасалма азыктарды чыгарууга тыюу салынат.
10-берене. Аарылар жүргөн чөйрөнү, көбөйүү шарттарын, көчүүчү жерлерди жана аарыларды көчүрүүчү жолдорду коргоо
Аарылардын санын кыскартууга алып келе турган иш жүргүзүүчү жеке жана юридикалык жактар аарыларды, алар жүргөн чөйрөнү коргоо, аарылар үчүн өзгөчө баалуу участокторго жана өсүмдүктөргө тийбөө боюнча иш-чараларды өткөрүүгө милдеттүү.
11-берене. Өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын, минералдык жер семирткичтерди жана башка препараттарды колдонууда аарыларды коргоо
Бал ширелүү өсүмдүктөрдү дарылоочу коргоо каражаттарды, минералдык жер семирткичтерди жана башка препараттарды колдонуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылышы керек.
Бал ширелүү өсүмдүктөрдү дарылоого колдонулуучу коргоо каражаттарынын, минералдык жер семирткичтердин жана башка препараттардын тизмеси ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
Бал ширелүү өсүмдүктөрдү дарылоочу коргоо каражаттарын, минералдык жер семирткичтерди жана башка препараттарды колдонуучу жеке жана юридикалык жактар иштеринин башталышынан 7 күн мурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана бал челекчилерге (дарылана турган участоктон 7 км аралыкта пасека жайгаштырган) жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу бал аарыларына коркунуч келтире турган пландагы иш-чаралары тууралуу кабарлоого милдеттүү.
12-берене. Аарычылык жаатындагы селекциялык-асылдандыруу иштери
Бал аарыларынын популяциясынын жана түркүмүнүн пайдалуу белгилерин сактоо жана жакшыртуу максатында аарылар жүргөн ареалдарда асыл-тукум эне аарыларды жана аары бүлөлөрүн багуу жана сатуу менен алектенген асыл-тукум селекциялык пасекаларын түзсө болот.
Бал аарылардын түркүмүнүн популяциясын жана түркүмүн баккан жеке жана юридикалык жактардын иши Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы "Асылдандыруу иши жөнүндө" Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.
Асылдандыруу селекциялык пасекалардын тегерегинде 25 км кем эмес радиуста коргоо участоктору орнотулат, бул аймакта туут аарыларды жана башка бал аарыларын, ошондой эле белгисиз тектеги аары бүлөлөрүн жана эне аарыларын алып өтүүгө тыюу салынат.
13-берене. Аарычылык ишин жүргүзүүчү жеке жана юридикалык жактарга салык салуу
Бал аарычылык ишин жүргүзүүчү жеке жана юридикалык жактарга салык салуу Кыргыз Республикасынын салык жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
14-берене. Корутунду жоболор
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|