Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 706 токтому менен бекитилген |
I. Жалпы жоболор
II. Мамлекеттик агенттиктин максаты жана милдеттери
III. Мамлекеттик агенттиктин функциялары
IV. Мамлекеттик агенттиктин укуктары
V. Мамлекеттик агенттиктин ишин уюштуруу
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Мамлекеттик агенттик) мамлекеттик аткаруу бийлик органы болуп эсептелет, ага калктын социалдык жактан аялуу катмарларын натыйжалуу социалдык камсыздоо, сапаттуу социалдык кызматтарды өз убагында көрсөтүү жана даректүү социалдык коргоо жүктөлөт.
2. Мамлекеттик агенттик өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, башка Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Мамлекеттик агенттик аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар, ишканалар, мекемелер менен өз ара аракетте өзүнүн ишин жүргүзөт.
4. Мамлекеттик агенттик юридикалык жак болуп эсептелип, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы бар мөөрү болот.
5. Калктын социалдык жактан аялуу катмарларын натыйжалуу социалдык камсыздоо жана социалдык кызматтарды өз убагында жана сапаттуу берүү Мамлекеттик агенттиктин ишинин максаты болуп эсептелет.
6. Мамлекеттик агенттиктин милдеттери төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- социалдык нормативдерди жана минималдык социалдык стандарттарды иштеп чыгуу жана киргизүү аркылуу калктын социалдык аялуу катмарларын социалдык камсыздоо саясатынын натыйжалуу ишке ашуусун камсыз кылуу;
- мамлекеттик пособиелердин жана компенсациялык төлөмдөрдүн адекваттуу, өз убагында жана даректүү системасынын иштөөсүн камсыз кылуу;
- белгиленген нормативдердин алкагында эмгекке жөндөмдүүлүгүн убактылуу жоготкон, кош бойлуулук менен төрөт жана көмүү учурларында жарандарды социалдык камсыздоону жүргүзүү;
- социалдык тейлөө жана социалдык кызматтарды берүүнүн сапатына жогорулатуу;
- социалдык камсыздоо системасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу.
7. Мамлекеттик агенттик төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
- аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү, улгайган адамдарды, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды колдоо жаатындагы социалдык камсыздоо маселелерин жөнгө салган нормативдик укуктук актыларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- калктын социалдык аялуу катмарлары үчүн алардын керектөөлөрүн канааттандыруунун мүмкүнчүлүгүнүн негизинде керектөө корзиналарын аныктоо боюнча сунуштарды киргизет;
- калктын социалдык аялуу катмарлары үчүн минималдык социалдык стандарттарды иштеп чыгат жана киргизет;
- ден соолугу чектелген адамдар жана улгайган жарандар үчүн жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу максатында шаар куруу, транспорт жана социалдык инфраструктура жаатындагы мамлекеттик саясатты түзүүгө катышат;
- орто мөөнөттүү жана программалык бюджетти Мамлекеттик агенттиктин ыйгарым укуктарына тиешелүү бөлүгүн болжолдоого жана пландоого катышат;
- социалдык чөйрөдөгү илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды жүргүзүү үчүн мамлекеттик заказды ишке ашырат;
- аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн социалдык паспортторунун маалымат базасын түзөт жана анын мониторингин жүргүзөт;
- мамлекеттик пособиелерди дайындайт;
- медициналык тейлөө, санатордук-курорттук дарылоо, транспорт каражаттары менен камсыздоо жана жол кире төлөө, турак-жай-тиричилик тейлөө боюнча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка төлөмдөр боюнча компенсацияларды берет;
- мамлекеттик пособиелерди жана компенсациялык төлөмдөрдү каржылоону жүргүзөт;
- мамлекеттик пособиелердин жана компенсациялык төлөмдөрдүн, иштегендерге эмгекке жөндөмдүүлүгүн убактылуу жоготкондугу, кош бойлуулук жана төрөт боюнча, сөөк коюуга пособиелердин өз убагында төлөнүшүнө контролдук жүргүзөт;
- эмгекке жөндөмдүүлүгүн убактылуу жоготкондугу, кош бойлуулук жана төрөт боюнча, пособиелерди төлөө маселелерин жөнгө салган нормативдик укуктук долбоорлорду иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө белгиленген тартипте киргизет;
- кош бойлуулук жана төрөт боюнча, сөөк коюуга пособиелерди төлөп берүүнү жүргүзөт;
- кепилдик берилген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин иштеп чыгат жана киргизет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тизме боюнча кепилдик берилген социалдык кызмат көрсөтүүлөргө эсеп жана талдоо жүргүзөт;
- ден соолугу чектелген адамдарды күбөлөндүрүүнү жүргүзөт;
- мамлекеттик пособиелерди жана компенсациялык төлөмдөрдү төлөө, ден соолугу чектелген адамдарды күбөлөндүрүү, үйүндө жана стационардык, жарым стационардык мекемелерде социалдык тейлөө маселелери боюнча жеке жана юридикалык жактардын арыздарын жана даттанууларын мыйзамдарда белгиленген тартипте карайт;
- калктын социалдык аялуу катмарларын протездик-ортопедиялык буюмдар жана көз айнек оптика менен камсыздайт, протездик-ортопедиялык буюмдарды жасоо өндүрүшүн көбөйтүүгө жана технологиясын өркүндөтүүгө көмөк көрсөтөт;
- муктаж жарандарга акысыз, бөлүгүн төлөө же толук төлөө менен көрсөтүлчү социалдык тейлөөнүн жана социалдык кызмат көрсөтүүнүн ар кыл түрлөрүн аткарат;
- элди социалдык тейлөөнүн жана социалдык кызмат көрсөтүүнүн заманбап формаларын жана түрлөрүн киргизет;
- коммерциялык эмес уюмдардын социалдык кызматтарды көрсөтүүсүн мониторингдөө жана баалоо системасын түзөт;
- калктын социалдык аялуу катмарларына социалдык кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү боюнча ишти координациялайт;
- ведомствого караштуу жана аймактык подразделениелерде иштөө үчүн кадрларды даярдоонун жана кайра даярдоонун методикалык негиздерин өркүндөтөт;
- социалдык камсыздоо маселеси боюнча консультация берет;
- гуманитардык жардамды кабыл алуунун, бөлүштүрүүнүн жана эсептөөнүн тартибин координациялайт;
- алынып келген гуманитардык жардамдын максаттуу пайдаланылышын контролдойт;
- калкка мамлекет гарантиялаган социалдык кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик социалдык кызматтар тармагын түзүүнү жана андан ары өнүктүрүүнү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте уюштурат;
- калкты медициналык-социалдык реабилитациялоону ишке ашырат;
- реабилитациялык инфраструктураны уюштурат жана өнүгүүсүнө шарт түзөт;
- социалдык долбоорлорду конкурс менен тандайт, каржылайт, мониторингдейт жана ишке ашырылышын контролдойт;
- жарандарды социалдык тейлөө мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоого, капиталдык курулушун жана капиталдык ремонтун уюштурууга жана ишке ашырууга, өрткө каршы иш-чараларга, өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга багытталган иштерди жүргүзөт;
- калкты социалдык тейлөө мекемелеринин иштерин башкарат, координациялайт жана контролдойт;
- социалдык төлөө процесстерин информациялык жана программалык камсыздоону иштеп чыгат жана киргизет;
- социалдык камсыздоо системасынын кадрларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тандайт, жайгаштырат, жылыштырат жана квалификациясын жогорулатат;
- социалдык чөйрөдө кадрларды даярдоого мамлекеттик заказ берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткарат.
8. Мамлекеттик агенттик төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- ведомствого караштуу, аймактык бардык подразделениелер аткарууга милдеттүү тескемелерди жана буйруктарды белгиленген тартипте чыгарууга;
- Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына берилген маселелер боюнча эксперттик, кеңешүүчү жана башка органдарды түзүүгө;
- республиканын мамлекеттик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ишканалардан, уюмдардан жана мекемелерден Мамлекеттик агенттиктин маселелерин чечүү үчүн керектүү статистикалык маалыматтарды, маалыматтык жана аналитикалык материалдарды суроого жана алууга;
- Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча башка мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары менен мыйзамда белгиленген тартипте өз ара аракеттенүүнү жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эл аралык кызматташууну ишке ашырууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнчү жана акысыз кызматтарды көрсөтүүгө;
- калктын социалдык аялуу катмарларын социалдык камсыздоо жагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиги менен өз ара байланышта белгиленген тартипте эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, донор өлкөлөрдүн гранттарын тартууга;
- изилдөөлөрдү жүргүзүү, илимий негизделген рекомендацияларды иштеп чыгуу, минималдуу социалдык стандарттарды киргизүү процессин жүргүзүү, социалдык, реабилитациялык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү үчүн келишимдерди түзүүгө;
- белгиленген тартипте товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
- Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына таандык маселелер боюнча конкурстарды, кеңешмелерди, семинарларды жана конференцияларды өткөрүүгө жана жарнама-басма ишин жүргүзүүгө;
- Мамлекеттик агенттиктин грамоталарын, төш белгилерин жана башка сыйлыктарын белгиленген тартипте уюштурууга;
- милдеттер менен функцияларды тийиштүү аткаруу үчүн зарыл болгон башка укуктарга ээ болууга.
9. Мамлекеттик агенттик борбордук аппараттан, ведомстволук, аймактык бөлүмчөлөрдөн жана башка уюмдардан турат.
Ведомствого караштуу бөлүмдөр жөнүндө жоболорду Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет. Аймактык бөлүмдөр жана башка уюмдар жөнүндө жоболорду Мамлекеттик агенттиктин директору бекитет.
Ведомствого караштуу бөлүмдөрдүн жетекчилерин директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
10. Мамлекеттик агенттикке директор башчылык кылат, ал Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Мамлекеттик агенттикте статс-катчынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орду уюшулган. Статс-катчыны дайындоо, бошотуу тартиби мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдар менен аныкталат.
11. Директордун орун басары болот, ал директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Директордун орун басары түздөн-түз директорго баш ийет жана өз ишин өзүнө жүктөлгөн милдеттердин алкагында жүзөгө ашырат.
12. Директор:
- Мамлекеттик агенттиктин ишине жалпы жетекчилик кылат;
- Кыргыз Республикасынын, башка мамлекеттердин мамлекеттик органдары жана эл аралык уюмдар менен мамилелерде Мамлекеттик агенттиктин атынан чыгат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча өкмөттөр аралык келишимдерге жана макулдашууларга, ошондой эле башка документтерге кол коет;
- өз компетенциясынын чектеринде приказдар менен буйруктарды жана башка документтерди чыгарат;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын бөлүгүн статс-катчынын жана директордун орун басарынын ортосунда бөлүштүрүүгө укуктуу;
- статс-катчы менен директордун орун басарынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт, Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген уюштуруу, кадрдык, финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана башка маселелерди чечүү боюнча Мамлекеттик агенттиктин системасындагы башка кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын белгилейт;
- ведомстволук, аймактык бөлүмчөлөрдүн жана башка уюмдардын чыгымдар сметасын бекитет;
- Мамлекеттик агенттиктин борбордук аппаратынын, Мамлекеттик агенттиктин ведомстволук, аймактык бөлүмчөлөрүнүн жана уюмдарынын түзүмүн жана штаттык расписаниесин Мамлекеттик агенттиктин мыйзамдарда белгиленген эмгек акы фондусунун чегинде жана кызматкерлердин чектелген санына чектеп бекитет;
- ведомстволук бөлүмчөлөрдүн жетекчилерин кошпогондо, статс-катчынын же директордун орун басарынын сунушу боюнча Мамлекеттик агенттиктин системасынын мамлекеттик кызматчыларын жана жумушчуларын кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- аймактык бөлүмчөлөрдүн жетекчилерин жана алардын орун басарларын мыйзамдарга ылайык кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- статс-катчынын сунушу боюнча жана директордун орун басарынын макулдугу менен ведомстволук уюмдардын жетекчилерин жана алардын орун басарларын, башкы бухгалтерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- директордун номенклатурасына кирген кызмат орундарынын тизмесин жана алардын функциялык милдеттерин аныктайт жана бекитет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик кызматчыларынын санынын чеги боюнча сунуш киргизет;
- Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө белгиленген тартипте маселелерди чечет;
- белгиленген тартипте Мамлекеттик агенттиктин каражаттарын тескейт жана мүлкүн башкарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
Директор Мамлекеттик агенттикке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат.
13. Мамлекеттик агенттикте кызмат орду боюнча кирүүчү директордун (коллегиянын төрагасы), статс-катчынын жана директордун орун басарынын, ошондой эле Мамлекеттик агенттиктин системасындагы башка жетекчи кызматкерлердин курамында жети адамдан турган коллегия түзүлөт. Коллегиянын мүчөлөрүнүн жекече курамын (кызмат орду боюнча коллегиянын курамына киргендерди кошпогондо) Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бекитет. Коллегия жөнүндө жобону Мамлекеттик агенттиктин директору бекитет.
14. Ведомстволук, аймактык бөлүмчөлөрдүн, башка уюмдардын жетекчилери өздөрү жүзөгө ашырып жаткан ыйгарым укуктар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
15. Мамлекеттик агенттиктин чечимдери буйруктар жана тескемелер түрүндө чыгарылат.
16. Мамлекеттик агенттикти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.