Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 708 токтому менен бекитилген |
I. Жалпы жоболор
II. Негизги милдеттери
III. Функциялар
IV. Укуктары
V. Ишти уюштуруу
VI. Жоюу жана кайра уюштуруу
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы (мындан ары - Кызмат) маалыматташтыруу, архив иши, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочу курамын, жарандык абалдын актыларын, коммерциялык юридикалык жактарды, ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндө иш алып барган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийүүчү мамлекеттик орган болуп эсептелет.
2. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кызмат өз ишин Кыргыз Республикасынын Президентинин Институту, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүү менен жүзөгө ашырат.
4. Кызмат юридикалык жак болуп эсептелет, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын казыначылык системасында эсептери болот.
5. Кызматтын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- улуттук маалыматтык ресурстарын натыйжалуу пайдалануу системасын уюштуруу жана коомчулуктун жана мамлекеттин маалыматтык керектөөлөрүн канааттандыруу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик маалыматтык ресурстарын түзүү, каттоо, калыптандыруу, тейлөө жана интеграциялоо;
- Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүү менен заманбап маалыматтык технологиялардын базасында мамлекеттик башкаруу системасын өнүктүрүү;
- Кыргыз Республикасынын архив ишин башкаруу;
- автомототранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, калкты, жарандык абалдын актыларын, коммерциялык юридикалык жактарды, кыймылсыз мүлккө укуктарды жана чектөөлөрдү жана жер кадастрын жүргүзүүнү каттоо системасын уюштуруу;
- мамлекеттик маанидеги персонификацияланган документтерди, ошондой эле ким экендигин ырастоочу документтерди жасоо, каттоо, эсепке алуу жана берүү системасын уюштуруу;
- жеке мүнөздөгү маалыматты пайдаланууда адамдын укуктарын жана эркиндигин коргоо жана ушул маалыматты коргоо.
6. Жүктөлгөн милдеттерге ылайык Кызмат төмөнкү функцияларды аткарат:
- бирдиктүү мамлекеттик маалыматтык ресурстарды түзүү жагында мамлекеттик саясатты, мамлекеттик долбоорлорду жана программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча сунуштарды даярдайт;
- мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык ресурстарды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү процесстерин башкарат;
- заманбап маалыматтык технологияларды пайдалануу менен мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү камсыз кылат;
- Кызматтын ишинин маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлору боюнча сунуштарды даярдайт;
- мамлекеттик маалыматтык ресурстарды түзүүнү, сактоону, пайдаланууну жана анын коопсуздугун камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын координациялоосунун астында электрондук өкмөттү иштеп чыгууга жана аны ишке киргизүүгө катышат;
- маалыматтык инфраструктураны өнүктүрүүгө катышат;
- программалык-техникалык комплекстерди, маалыматтык системаларды жана тармактарды, анын ичинде электрондук цифралык кол тамганы иштеп чыгууну жана ишке киргизүүнү камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик реестрлерин түзөт, каттоодон өткөрөт, калыптандырат жана тейлейт;
- мамлекеттик маалыматтык ресурстар жана технологиялар чөйрөсүндө техникалык регламенттерди иштеп чыгууга жана алардын сакталышына катышат;
- Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын карамагындагы мамлекеттик маалыматтык ресурстарды каттоо жана эсепке алуу боюнча иштерди уюштурат;
- маалыматтык инфраструктура объекттерин мамлекеттик эсепке алуу жана каттоо системасын уюштурат;
- маалыматтык продуктулар, ресурстар, технологиялар, ошондой эле маалыматтык система жана тармактар кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүүгө катышат;
- Кызматтын иш чөйрөсүндө илим-изилдөө, методологиялык, методикалык иштерди координациялайт;
- жарандардын жана уюмдардын маалыматтык ресурстарга жетүү укуктарынын ишке ашырылышын камсыздайт;
- Кызматтын компетенциясынын карамагындагы мамлекеттик персонификацияланган документтерди жасоону, каттоону, эсепке алууну, коргоону, сактоону жана жок кылууну жүргүзөт жана камсыз кылат;
- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоодон өткөрөт;
- Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарын, чет элдик жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоодон өткөрөт жана эсепке алат, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу маселелери боюнча документтерди тариздейт, визаларды белгиленген тартипте берет, узартат жана жокко чыгарат, жашоо үчүн уруксатты алуу үчүн документтерди жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерге туруктуу жана убактылуу жашоо үчүн чыгуу документтерин тариздейт;
- коммерциялык юридикалык жактарды жана алардын ишинин токтотулушун мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөрөт, коммерциялык юридикалык жактардын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн жана алардын ишинин токтотулушун эсепке алуу каттоосунан (кайра каттоодон) өткөрөт;
- Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жана иштеген коммерциялык юридикалык жактардын, алардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн реестрин жүргүзөт;
- кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды жана чектөөлөрдү мамлекеттик каттоодон өткөрөт, кыймылсыз мүлккө болгон укуктун бирдиктүү реестрин жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жер кадастрын түзөт жана тейлейт, кадастрдык сүрөт тартат жана кыймылсыз мүлк объекттерин түзөт, ошондой эле кыймылсыз мүлк бирдиктерин техникалык жактан текшерет, жер участогуна укуктарды ырастоочу техникалык паспортторду жана документтерди берет;
- кыймылсыз мүлккө болгон укуктун бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде кыймылсыз мүлк боюнча Бирдиктүү геомаалыматтык системаны түзөт;
- иш жүзүндө (жеринде) жер участокторун бөлүп берүүнү жүргүзөт, юридикалык жана жеке жактардын жер пайдалануу чек араларын белгилейт жана бекитет, ошондой эле айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн жерлерди бөлүп берүүдө айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын, зыяндарды жана алынбай калган пайдаларды эсептөөнү жүргүзөт, жоготуулардын ордун толтуруунун нормативдерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- Кыргыз Республикасынын чектеш мамлекеттер менен мамлекеттик чек арасынын линиясын делимитациялоо жана демаркациялоо процесстерине катышат;
- кыймылсыз мүлккө салык салуу максатында кыймылсыз мүлктү мамлекеттик баалоону (кайра баалоону) жүргүзөт;
- айдоочулардын курамын, автомототранспорттук каражаттарды (АМТК) жана атайын технологиялык машиналарды (АТМ), АМТКны жана АТМди башкаруу жана ээлөө укугу берилген ишеним каттарды каттоо жана эсепке алуу боюнча иш-чаралардын комплексин жана АМТКны жана АТМди башкаруу укугуна окуудан өткөн адамдардан экзамен алууну камсыз кылат жана ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасында архив ишин башкарууну жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондун түзүүнү, анын ичинде республиканын чегинен тышкары табылган Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурасынын документтери менен толуктоону уюштурат;
- Кызматтык компетенциясынын алкагында жеке жана юридикалык жактарга кызмат көрсөтөт;
- мамлекеттик маалыматтык ресурстар чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатууга көмөк көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткарат.
7. Кызмат төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнүн компетенциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык буйруктарды жана тескемелерди иштеп чыгууга жана чыгарууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө;
- ведомстволук бөлүкчөлөрдү түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө;
- ведомстволук бөлүкчөлөрүнүн түзүмүн, штаттык санын аныктоого;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардан Кызматтын милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды белгиленген тартипте сурап алууга;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде эл аралык кызматташтыкты жүргүзүүгө;
- Кызматтын милдеттеринин жана функцияларынын алкагында мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарын жана регламенттерин иштеп чыгууга жана бекитүүгө;
- мамлекеттик маалыматтык ресурстардын коопсуздугун камсыздоо боюнча талаптарды жана нормаларды аныктоого;
- башка мамлекеттик органдардын карамагындагы маалыматтык ресурстарды экспертизалоого жана техникалык жөнгө салууга катышууга;
- документтерди кагаз жана электрондук түрдө сактоо мөөнөтүн белгилөөгө;
- функциясына Кызматтын жашыруун жана кызматтык кат-кабарларын ташуу жана оперативдик бөлүштүрүү кирген атайын байланыш кызматына ээ болууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды аткарууга.
V. Ишти уюштуруу
8. Кызматты Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнча белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу төрага жетектейт.
9. Кызматта Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу статс-катчы жана орун басарлары бар. Статс-катчы жана төраганын орун басарлары төрагага тикелей баш ийишет жана кызматтык милдеттеринин чегинде Кызматтын ишине катышышат.
10. Кызматтын борбордук аппаратын, ведомстволук бөлүмчөлөрүн, мекемелерин, уюмдарын күтүүгө финансылык чыгымдар республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген каржылоонун башка булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.
11. Кызматтын төрагасы:
- Кызматты жетектейт жана ага жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
- буйруктарды, тескемелерди жана башка укуктук актыларды чыгарат;
- Кызматтын статс-катчысынын жана төрагасынын орун басарлары ортосунда кызматтык милдеттерди бөлүштүрөт;
- мамлекеттик органдарда жана башка уюмдарда Кызматтын таламдарын коргойт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кызматтын каражаттарын тескейт жана мүлкүн башкарат;
- Кызматтын борбордук аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ведомстволук бөлүмчөлөрдүн, мекемелердин, уюмдардын түзүмүн, штаттык санын бекитет;
- Кызматтын иш регламентин бекитет;
- Коллегия жөнүндө жобону бекитет;
- кызматтык номенклатурага ылайык Кызматтын кызматчыларын кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот жана ведомстволук бөлүмчөлөрдүн, мекемелердин, уюмдардын жетекчилерин дайындоого белгиленген тартипте сунуштарды киргизет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүдө өзүнүн компетенциясынын чектеринде чет өлкөлөрдүн тиешелүү ведомстволору, эл аралык уюмдар менен эл аралык келишимдерди түзөт, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана макулдашууларга кол коет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Кызматтын ишин жетектөө боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
12. Кызматта 11 адамдан турган коллегия түзүлөт. Төрага, статс-катчы, төраганын орун басарлары кызматы боюнча коллегиянын курамына киришет. Коллегиянын курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү жана Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин өкүлү, ведомстволук жана түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери кирет.
13. Коллегиянын жеке курамы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет.
14. Кызматты жоюу жана кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.