Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 23-ноябры № 711
Бишкек шаарынын администрациялык чек арасы жөнүндө
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Пригородный айыл өкмөтүнүн карамагында турган 7,0 га жердин эсебинен Бишкек шаарынын администрациялык чек арасын кеңейтүү маселеси боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын кайрылуусун карап чыгып, Аламүдүн районунун Пригородный айыл кеңешинин 2009-жылдын 7-сентябрындагы № 11 "Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине жерлерди өткөрүп берүү жөнүндө" токтомун көңүлгө алуу менен, Бишкек шаарынын коомдук муктаждыктарын канааттандыруу жана шаарга чектеш зонаны өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 20-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Пригородный айыл өкмөтүнүн карамагында турган айыл чарба жерлерин кайрадан бөлүштүрүү фондунун жерлеринин эсебинен Бишкек шаарынын администрациялык чек арасы 7,0 га жерге кеңейтилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы жана Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун чек арасын өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
3. Бишкек шаарынын мэриясы жана Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жүктөлсүн.
Премьер-министри | Д.Үсөнов
|