Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 24-ноябры № 714
"Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аталган мыйзам долбоорлорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
Долбоор
1-берене.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-жыл, № 10, 374-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 3-берененин биринчи бөлүгүндөгү "гранттар" деген сөз алып салынсын.
2. 4-берененин биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын салык жана башка мыйзамдарында каралган жергиликтүү салыктар жана жыйымдар жергиликтүү бюджеттерге тикелей түшөт.".
3. 6-беренеде:
- биринчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Республикалык деңгээлде бөлүштүрүлүүчү жалпы мамлекеттик салыктарга жана кирешелерге төмөнкүлөр кирет:
1) киреше салыгы;
2) сатуудан салык;
3) ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык;
4) милдеттүү патенттин негизиндеги салык;
5) бирдиктүү салыктын негизиндеги салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы;
6) мыйзам тартибинде белгиленүүчү башка жалпы мамлекеттик салыктар жана кирешелер.";
- төртүнчү бөлүк алып салынсын.
4. 22-берененин биринчи бөлүгүндөгү "иштер" деген сөз "маселелер" деген сөз менен алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Долбоор
1-берене.
"Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-жыл, № 10, 374-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 19-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү алып салынсын.
2. 31-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31-берене. Жалпы мамлекеттик салыктар жана башка кирешелер
1. Жалпы мамлекеттик салыктарга жана кирешелерге төмөнкүлөр кирет:
1) киреше салыгы;
2) сатуудан салык;
3) ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык;
4) милдеттүү патенттин негизиндеги салык;
5) бирдиктүү салыктын негизиндеги салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы;
6) мамлекеттик же муниципалдык менчиктеги мүлктү пайдалануудан кирешелер;
7) мамлекеттик же муниципалдык менчиктеги ажыратылган мүлктү сатуудан же башка ордун толтуруудан кирешелер;
8) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бюджеттик мекемелер, аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ведомстволук органдары тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөмө кызматтардан жана иштерден кирешелер;
9) материалдык, администрациялык жана кылмыш-жаза жоопкерчилигинин чараларын колдонуунун жыйынтыгында алынган каражаттар, атап айтканда: айыптар, конфискация, компенсация;
10) мыйзам тартибинде белгиленүүчү башка жалпы мамлекеттик салыктар жана кирешелер.
2. Жалпы мамлекеттик салыктар жана башка кирешелер республикалык, ошондой эле жергиликтүү бюджеттерге түшүшү мүмкүн.".
3. 32-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"32-берене. Республикалык бюджеттин кирешелери
1. Республикалык бюджетке төмөнкүлөр түшөт:
1) жалпы мамлекеттик салыктардан жана башка кирешелерден которуулар;
2) кошумча наркка салык;
3) акциздик салык;
4) пайда салыгы;
5) жер казынасын пайдалануу салыгы (бонус жана роялти);
6) атайын каражаттарга салык;
7) импорттук жана экспорттук бажы алымдары;
8) республикалык бюджеттен берилүүчү кредиттер (ссудалар) боюнча проценттер;
9) адиске баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүү укугуна күбөлүк бергендиги үчүн жыйым;
10) баалуу кагаздардын эмиссияларын каттагандыгы үчүн комиссиондук жыйым;
11) күрөөнү каттагандыгы, Бирдиктүү мамлекеттик реестрден көчүрмө алгандыгы жана күрөөнү кошумча билдиргендиги үчүн жыйымдар;
12) транспорттук каражаттарды каттоо (кайра каттоо) үчүн жыйым;
13) консульдук жыйымдар;
14) туристтик жана альпинисттик иштерди жүргүзгөндүгү үчүн жыйым жана которуулар;
15) мыйзамсыз алынган кирешелер, анын ичинде лицензиялык тартип белгиленгендерге карата лицензиясыз ишти жүргүзгөндүгү үчүн;
16) республикалык лотереяларды жүргүзгөндөн кирешелер (лотереялык иш жүргүзүү укугуна акы);
17) баалуу металлдардан жасалган зергердик (тиричилик) буюмдарга сынамык жана эн тамга койгондук үчүн акы (баалуу металлдарга техникалык экспертиза жана контролдук талдоолор);
18) мамлекеттик менчиктеги объекттерди ижарага берүүдөн жана менчиктештирүүдөн кирешелер;
19) концессиялык кирешелер (чет өлкөлүк инвесторлорго берилген мүлктүн, жердин жана анын жер казыналарын ижарасынан);
20) айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн акы (булгоочу заттардын агындылары, саркындылары жана калдыктарды таштоо үчүн төлөөлөрдү кошо алганда);
21) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү реестрге ылайык мамлекеттик уюмдар көрсөткөн акы төлөмө кызматтарды жана иштерди аткаруудан кирешелер;
22) альтернативалуу (аскерден тышкары) кызмат өтүүдөн кирешелер;
23) жаратылыш ресурстарын пайдалануудан кирешелер;
24) конфискацияланган мүлктү, белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине биротоло өткөн мүлктү, анын ичинен бажы режиминде мамлекеттин пайдасына баш тартуу таризделген товарларды жана транспорт каражаттарын сатып өткөрүүдөн кирешелер;
25) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан кирешелер;
26) акциялардын мамлекеттик пакетине дивиденддерден кирешелер;
27) республикалык бюджетке Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынуучу мамлекеттик алымдар;
28) жазык-аткаруу инспекцияларынын кирешелери;
29) материалдык баалуулуктардын уурдалышына жана кем чыгышына күнөөлүү адамдардан төлөтүлүп алынуучу суммалар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мамлекеттик органдардан жана алардын аймактык бөлүмчөлөрүнөн алынуучу администрациялык айыптар жана санкциялар;
30) Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган башка салыктык эмес, бөлөк кирешелер.".
4. 33-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"33-берене. Жергиликтүү бюджеттердин кирешелери
1. Айылдын, поселканын жана шаардын жергиликтүү бюджеттерине төмөнкүлөр түшөт:
1) жалпы мамлекеттик салыктардан жана башка кирешелерден которуулар;
2) муниципалдык мүлктү башкаруудан жана тескөөдөн кирешелер;
3) жер салыгы;
4) мүлккө салык;
5) атайын каражаттарга салык;
6) Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануу укугу үчүн алынуучу жерге ижара акысы;
7) жергиликтүү бюджетке Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынуучу мамлекеттик алымдар;
8) айылдык, поселкалык жана шаардык кеңештер бекиткен реестрге ылайык кызмат көрсөтүүлөргө жана аткарылган иштерге акы төлөнгөндүгү үчүн муниципалдык мекемелердин кирешелери;
9) администрациялык айыптар жана башка санкциялар;
10) трансферттер, ыктыярдуу взностор;
11) Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган башка салыктык эмес жана бөлөк кирешелер.
2. Райондун жергиликтүү бюджеттерине төмөнкүлөр түшөт:
1) жалпы мамлекеттик салыктардан жана башка кирешелерден которуулар;
2) атайын каражаттарга салык;
3) райондун мүлкүн башкаруудан жана тескөөдөн кирешелер;
4) райондук кеңеш бекиткен реестрге ылайык кызмат көрсөтүүлөргө жана аткарылган иштерге акы төлөнгөндүгү үчүн райондук мекемелердин кирешелери;
5) администрациялык айыптар жана башка санкциялар;
6) трансферттер жана ыктыярдуу взностор;
7) Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган башка салыктык эмес жана бөлөк кирешелер.".
5. 35-берененин үчүнчү бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Билим берүү үчүн категориялык гранттын өлчөмдөрүн конкреттештирүү жыл сайын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарды аткарууну камсыз кылуу үчүн зарыл болгон көлөмдөрдө белгиленет.".
6. 37-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"37-берене. Кыргыз Республикасынын бюджеттик системадагы сарптоо
милдеттенмелеринин түзүмү
Кыргыз Республикасында сарптоо милдеттенмелерин бөлүштүрүүнүн төмөнкүдөй түзүмү белгиленет:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сарптоо милдеттенмелери мамлекеттик башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, башка келишимдерге жана макулдашууларга ылайык функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырышканда келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бюджеттик милдеттенмелери, республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен жүргүзүлүүгө тийиш;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сарптоо милдеттенмелери - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик милдеттенмелери, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилген функцияларына ылайык пайда болот, аларды каржылоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджеттеринен жүргүзүлөт;
3) аралаш сарптоо милдеттенмелери - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик милдеттенмелери, алар республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланат.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жоопкерчилик толугу менен жүктөлүп, жалпы мамлекеттик мааниге ээ болгон иш-чаралар тиешелүү мамлекеттик башкаруу органдары аркылуу республикалык бюджеттен каржыланат. Бул категорияга төмөнкүдөй сарптоолор киргизилет:
1) жалпы арналыштагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө, аларда мамлекеттик бийликтин аткаруу жана мыйзам чыгаруу органдарына, финансылык жана салык-бюджеттик ишке (жергиликтүү органдардын аппараттарын кошкондо), тышкы саясий ишке, фундаменталдык илимий изилдөөлөргө, пландалган жана статистикалык кызматтарга, мамлекеттик жана мобилизациялык ресурстарды түзүүгө, жалпы арналыштагы мамлекеттик башка кызмат көрсөтүүлөргө акча бөлүп берүү каралат;
2) коргонууга, коомдук тартипке жана коопсуздукка;
3) мамлекеттик ишканаларды, билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык камсыздандыруу жана социалдык камсыздоо, дене тарбия, телевидение, радио берүү, басма, турак жай-коммуналдык мекемелерди, айыл, суу, токой чарбаларын, балык уулоо жана аңчылык, кен казуу өнөр жайы жана минералдык ресурстар (отундан башкасын), кайра иштетүү өнөр жайын, курулушту күтүүгө;
4) отун-энергетика комплексине;
5) транспортко жана байланышка;
6) экономикалык иш менен байланышкан башка кызматтарга (соода, туризм, стандартташтыруу жана метрология, геодезия жана картография, гидрометеорология жана башка);
7) негизги топторго киргизилбеген башка иш-чараларга (мамлекеттик карыз милдеттенмелер менен операциялар, жергиликтүү бюджеттерге трансферттер, республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүчү башка классификацияланбаган негизги топтор боюнча чыгымдар), ошондой эле бюджеттик ссудаларды берүү жана жоюу, мамлекеттик акцияларды сатып алуу, мамлекеттик менчикти менчиктештирүү менен байланышкан операцияларды эсепке алуучу чыгымдар;
8) облустардын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын аппараттарын, региондук архивдерди күтүүгө.
3. Ушул Мыйзамга ылайык белгиленүүчү трансферттер аркылуу каржылоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө карата жоопкерчиликти бөлүшкөн иш-чаралар республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланат.
4. Жергиликтүү бюджеттердин каражаттары төмөнкүлөргө багытталат:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жергиликтүү маанидеги маселелерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечүүгө;
2) муниципалдык ишканаларды, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, социалдык камсыздандыруу жана социалдык камсыздоо, дене тарбия, телевидение, радио берүү, басма, турак жай-коммуналдык мекемелерин, айыл, суу, токой чарбаларын, балык уулоо жана аңчылыкты күтүүгө;
3) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы транспортко;
4) мыйзам же жергиликтүү бюджеттен каржыланууга тийиш жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын нормативдик укуктук актылары менен аныкталган башка иш-чараларга, ошондой эле бюджеттик ссудаларды берүү жана жоюу, мамлекет акцияларды сатып алуу, муниципалдык менчикти менчиктештирүү менен байланышкан операцияларды эсепке алуучу чыгымдар.".
7. 40-берененин алтынчы бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) жергиликтүү бюджеттерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жалпы мамлекеттик кирешелерден которуунун нормативдери;".
8. 42-берененин экинчи бөлүгүнүн "а)" пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жергиликтүү бюджеттерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жалпы мамлекеттик кирешелерден которуунун нормативдери;".
9. 43-берененин биринчи бөлүгүндөгү "Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|