Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 24-ноябры № 717
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Жакыр үй-бүлөлөргө даректүү социалдык жардамды уюштуруу жана үй-бүлөлөрдүн аз камсыз үй-бүлөлөргө берилчү ай сайынкы пособиелерге муктаждыгын баштапкы аныктоо маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын шайкеш келтирүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
Долбоор
1-берене.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2008-ж., № 5, 474-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 18-берене төмөнкүдөй мазмундагы 24-25-пунктчалар менен толукталсын:
"24) даректүү жардамды уюштуруу максатында жакыр үй-бүлөлөрдү аныктоо;
25) айыл жериндеги балалуу үй-бүлөлөрдүн аз камсыз үй-бүлөлөргө ай сайын берилчү пособиелерге муктаждык даражасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте баштапкы аныктоо.".
2. 20-беренесинин 6-пунктунун 2-пунктчасы алып салынсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам 2010-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|