Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз
Каталог/Токтом
ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-декабрындагы № 724 «Пекин шаарында (КЭР) 2009-жылдын 15-октябрында кол коюлган, Карыз алуучу катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кредит берүүчү катары Кытайдын Экспорттук-Импорттук Банкынын ортосундагы Бишкек-Нарын-Торугарт жолун (9-272 км участогу, узундугу 223 км) реабилитациялоо долбоору боюнча жеңилдетилген кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу» токтому

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 724
Кабыл алынган
2009-жылдын 1-декабры
Чыгарган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

Реестрде

Минюст коду
90362

Минюсттун расмий барагы

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Редакция01.12.2009 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 1-декабры № 724

"Пекин шаарында (КЭР) 2009-жылдын 15-октябрында кол коюлган, Карыз алуучу катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кредит берүүчү катары Кытайдын Экспорттук-Импорттук Банкынын ортосундагы Бишкек-Нарын-Торугарт жолун (9-272 км участогу, узундугу 223 км) реабилитациялоо долбоору боюнча жеңилдетилген кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" мыйзамдарынын негизинде мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Пекин шаарында (КЭР) 2009-жылдын 15-октябрында кол коюлган, Карыз алуучу катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кредит берүүчү катары Кытайдын Экспорттук-Импорттук Банкынын ортосундагы Бишкек-Нарын-Торугарт жолун (9-272 км участогу, узундугу 223 км) реабилитациялоо долбоору боюнча жеңилдетилген кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

 

Премьер-министр

Д.Үсөнов

 

 

 

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

Пекин шаарында (КЭР) 2009-жылдын 15-октябрында кол коюлган, Карыз алуучу катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кредит берүүчү катары Кытайдын Экспорттук-Импорттук Банкынын ортосундагы Бишкек-Нарын-Торугарт жолун (9-272 км участогу, узундугу 223 км) реабилитациялоо долбоору боюнча жеңилдетилген кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө

 

1-берене. Пекин шаарында (КЭР) 2009-жылдын 15-октябрында кол коюлган, Карыз алуучу катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кредит берүүчү катары Кытайдын Экспорттук-Импорттук Банкынын ортосундагы Бишкек-Нарын-Торугарт жолун (9-272 км участогу, узундугу 223 км) реабилитациялоо долбоору боюнча жеңилдетилген кредиттик макулдашуу ратификациялансын.

2-берене. Бул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

 

 

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.