Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтомуна ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 4-декабры № 736
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратын кайра уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-ноябрындагы № 681 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ишин оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратын кайра уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-ноябрындагы № 681 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын штаттык расписаниесинде:
- 8-пунктта:
"Басма сөз - кызматы" деген позицияда:
- "Премьер-министрдин басма сөз-катчысы - 1" деген позиция алып салынсын;
- "Эксперт" деген позициядагы "3" деген цифра "4" деген цифра менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |