Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 721 токтому менен бекитилген |
20. Жалпы жоболор
II. Министрликтин милдеттери
III. Министрликтин функциялары
IV. Министрликтин укуктары
V. Министрликтин ишмердүүлүгүн уюштуруу
VI. Министрликтин каржы жана чарба ишмердүүлүгү
VII. Корутунду жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги (мындан ары – министрлик) отун-энергетикалык комплекс тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыздаган аткаруу бийлигинин борбордук органы болуп эсептелет.
2. Министрлик өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Министрлик өз ишмердүүлүгүн аткаруу бийликтин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар менен эриш-аркак жүргүзөт.
4. Министрлик юридикалык жак болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөттөлүшү түшүрүлгөн жана мамлекеттик, расмий жана англис тилинде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, казыналык тутумунда алыш-бериш жана башка эсептери бар жана жарандык-укуктук мамилелерде өзүнүн атынан чыгуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде мамлекеттин атынан жарандык-укуктук мамилелерде тарап катары чыгуу укугуна ээ.
5. Министрликтин маселелери:
- энергетикалык коопсуздук жана отун-энергетикалык комплексти өнүктүрүү боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
- электр, жылуулук энергияны жана табигый газды сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыздоо;
- ченемдик-укуктук актыларды жана ченемдик-техникалык документтерди тутуу менен энергетикалык объектилерди пайдалануунун коопсуздугун камсыздоо;
- энергиянын кайра жаралуучу булактарын жана энергонатыйжалуулук жана энергоүнөмдүүлүк принциптерин пайдалануу үчүн ылайыктуу шарттарды түзүү.
6. Министрлик төмөндөгү функцияларды ишке ашырат:
- отун-энергетикалык комплекстин каржы-экономикалык абалына талдоо жүргүзүү;
- электр энергиясын экспорттоону жана импорттоону жөнгө салуунун механизмин иштеп чыгуу;
- отун-энергетикалык комплексин өнүктүрүү боюнча чараларды кабыл алуу;
- энергетика тармагында белгиленген тартипте техникалык регламенттерди иштеп чыгуу жана макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн комплекстик болжолдоосуна карата тиешелүү материалдарды иштеп чыгуу;
- энергетикалык сектордо максаттуу көрсөткүчтөрдү иштеп чыгуу жана алардын аткарылышына талдоо, мониторинг жана көзөмөл жүргүзүү;
- бюджеттик мекемелер үчүн электр, жылуулук энергияны жана табигый газды керектөөнүн лимиттерин белгилөө боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- белгиленген тартипте жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларын, арыздарын, даттанууларын кароо;
- отун-энергетикалык комплексте инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- отун-энергетикалык комплексти комплекстүү өнүктүрүү боюнча кабыл алынган программаларды ишке ашырууну координациялоо;
- отун-энергетикалык комплексинин ишканаларынын жайлуу инвестициялык чөйрөсүн камсыздоого жана инвестициялык жактан жагымдуулугун жогорулатууга көмөктөшүү;
- отун-энергетикалык комплексиндеги ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен, анын ичинде Борбордук Азиянын энергетикалык тутумдарынын параллелдүү иши жана суу-энергетикалык катнашты жөнгө салуу боюнча тармактар аралык жана аймактар аралык өз ара ишмердүүлүктү жүргүзүү;
- кадрларды тандоо жана аларды акциялардын мамлекеттик үлүшү бар отун-энергетикалык комплексинин акционердик коомдорунун директорлор кеңешинин жана башкармалыктарынын аткаруу органдарынын курамын белгиленген тартипте түзүү, ошондой эле директорлор кеңешинин жана башкармалыктарынын аткаруу органдарынын курамынан чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органына көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплекси жаатында инвестицияларды тартуу жана инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- министрликтин карамагына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдарды, отун-энергетикалык комплекстин чарба субъектилерин маалыматтык-консультациялык жактан көмөк берүү менен камсыз кылуу;
- илимий-практикалык конференцияларды, семинарларды, форумдарды өткөрүү;
- энергетикалык ресурстардын керектөөчүлөрүнө тейлөө кызматын көрсөтүүгө жана анын сапатын жогорулатууга стандарттарды жана ченемдик документтерди иштеп чыгуу, аларды мыйзамдарга ылайык ишке киргизүүнү камсыздоо;
- мыйзамдар менен белгиленген тартипте энергия, жылуулук жана газ менен жабдууга бөлүштүрүүчү уюмдардын жана керектөөчүлөрдүн укуктарын жана милдеттерин регламенттеген типтүү контракттарды иштеп чыгуу;
- ишмердүүлүктүн ылайыктуу түрлөрүн жүргүзүүгө белгиленген тартипте лицензияларды берүү;
- мыйзамдар менен белгиленген тартипте электр, жылуулук энергияга, табигый газга, электр, жылуулук жана газ тармактарына технологиялык жактан туташтырууга тарифтерди бекитүүгө сунуштарды киргизүү;
- Борбордук Азиянын суу-энергетикалык ресурстарын пайдалануу жөнүндө мамлекеттер аралык келишимдерге кол коюуда электр энергиянын жоготууларынын жыштыгын жана кубаттуулугун, транзитин жана компенсациясын жөнгө салууну тейлөөгө тарифтер боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- отун-энергетикалык комплекс жаатында мыйзамдарды тутууга көзөмөл жүргүзүү;
- энергия менен жабдыган уюмдар тарабынан ишканаларды, уюмдарды, мекемелерди жана жеке керектөөчүлөрдү электр, жылуулук энергия жана табигый газ менен үзгүлтүксүз жана сапаттуу камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү, электр жана жылуулук энергиянын сапатын, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдарды тутууну көзөмөлдөө;
- энергиянын кайра жаралуучу булактарын киргизүү жана пайдалануу боюнча ишмердүүлүктү уюштуруу;
- энергонатыйжалуулукту жана энергоүнөмдүүлүктү илгерткен механизмдерин иштеп чыгуу;
- отунду, газды, электр жана жылуулук энергияны өндүрүүдө, берүүдө, бөлүштүрүүдө жана керектөөдө аларды сарамжалдуу пайдаланууга көзөмөл жүргүзүү;
- каржы-чарбалык ишмердүүлүктүн ички көзөмөл тутумунун натыйжалуулугун баалоо, министрликтин компетенциясынын чегинде анын натыйжалуулугу боюнча көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу;
- мыйзамдар менен караштырылган башка функцияларды аткаруу.
7. Министрликтин белгиленген ишмердүүлүктөгү функцияларды ишке ашыруу максатындагы төмөнкү укуктарга ээ:
- Кыргыз Республикасы башка мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен түзгөн эл аралык келишимдер жана макулдашуулар боюнча сунуштарды киргизүү;
- мыйзамдарга ылайык министрликке тиешелүү мамлекеттик мүлктү башкаруу жана бийлөө;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан жана ишканалардан, кызмат адамдарынан жана жарандардан министрликтин ишмердигинин чөйрөсүнө тиешелүү маалыматтарды суроо жана алуу;
- министрликтин ишмердүүлүгүнүн белгиленген чөйрөсүндө жумушчу жана кеңеш берүүчү (кеңештерди, комиссияларды, топторду), анын ичинде ведомстволор аралык органдарды түзүү;
- энергетика маселелери боюнча эл аралык институттардын (уюмдардын), эксперттик топтордун, ведомстволор аралык комиссиялардын, конференциялардын, кеңешмелердин ишине катышуу;
- мамлекеттер аралык (аймактык) уюмдарда министрликтин компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча берилген ыйгарым укуктардын чегинде Кыргыз Республикасынын атынан чыгуу;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде эл аралык келишимдерди түзүү, башка мамлекеттердин ылайыктуу ведомстволору, эл аралык уюмдары жана юридикалык жактары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана макулдашууларга кол коюу;
- эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, донор өлкөлөрдүн гранттарын тартууга катышуу;
- көз карандысыз эксперттерди тартуу;
- менчиктештирилүүчү жана мамлекеттен ажыратылуучу отун-энергетикалык комплекстин мамлекеттик ишканаларынын мүлкүнүн наркын баалоо экспертизасын жүргүзүүгө башка кызыкдар министрликтер жана административдик ведомстволор менен бирге катышуу;
- сот органдарында доокер болуу;
- ички көзөмөл тутумунун натыйжалуулугун жана анын министрликтин максаттарына ылайыктыгын баалоо;
- мыйзамдарга ылайык башка укуктарга ээ.
V. Министрликтин ишмердүүлүгүн уюштуруу
8. Министрликти Кыргыз Республикасынын Премьер-министри сунуштаган, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу Кыргыз Республикасынын энергетика министри (мындан ары – министр) башкарат.
9. Министрликке жүктөлгөн милдеттерди аткарууда жана ишмердүүлүктүн белгиленген чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууда министр жеке жоопкерчилик тартат.
10. Статс-катчыны кызматка дайындоо жана бошотуу тартиби, функциялары жана ыйгарым укуктары мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарына ылайык аныкталат. Министрдин орун басарлары министрдин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалышат жана кызматтарынан бошотулушат, түздөн-түз министрге баш ийет жана министрликтин ишмердүүлүгүн өзүнө жүктөлгөн милдеттердин негизинде уюштурат.
11. Министр:
- министрликтин ишмердигине, анын коллегиясына жалпы жетекчилик кылат жана министрликке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жооп берет;
- статс-катчынын жана министрдин орун басарларынын милдеттерин бөлүштүрөт;
- министрликтин борбордук аппаратынын, ведомстволук бөлүмдөрүнүн түзүмүн жана штаттык тизмесин бекитет;
- министрликтин борбордук аппаратынын, ведомстволук бөлүмдөрүнүн түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорун бекитет;
- министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлерин белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, аларга сыйлык жана тартип жазаларын колдонот;
- белгиленген тартипте ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана мамлекеттик мекемелердин жетекчилерин дайындоого Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуштайт;
- белгиленген тартипте ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана мамлекеттик мекемелердин жетекчилерин орун басарларын дайындайт;
- буйруктарды, буйрутмаларды чыгарат;
- министрликтин мүлктөрүн жана каражаттарын тескейт, мыйзамдарга ылайык бүтүмдөрдү чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жана анын тапшырмасы боюнча эки тараптуу жана көп тараптуу эл аралык келишимдерге кол коет;
- мыйзамдарга ылайык статс-катчынын сунушу менен министрликтеги мамлекеттик кызматты өтөөгө байланыштуу маселелерди чечет;
- белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого, ардак наамдарды ыйгарууга жана министрликтин системасындагы өзгөчө айырмаланган кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын алдында өзгөчө эмгек сиңиргендиги үчүн пенсия чектөөгө көрсөтөт;
- министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнө тапшырма берет, алардын аткарылышын көзөмөлдөйт;
- мыйзамдар менен караштырылган башка укуктарга ээ.
12. Статс-катчы жана министрдин орун басарлары министр тарабынан алардын ыйгарым укуктарына киргизилген маселелер боюнча өз алдыларынча чечим кабыл алышат, иштин өздөрү тейлеген багыттары боюнча иштерди уюштурушат.
13. Министрликте 9 адамдан турган коллегия негизделет, анын курамына кызматтары боюнча министр (төрага), статс-катчы, министрдин орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү, ошондой эле башка уюмдардын жана ишканалардын жетекчилери кирет.
14. Министрликтин коллегия мүчөлөрүнүн жекече курамы министрдин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет.
15. Министрликтин коллегиясы жөнүндө жобо министр тарабынан бекитилет.
16. Министрликте мамлекеттик кызматкерлердин этикасы боюнча комиссия иштейт.
17. Министрликтин борбордук аппаратын жана ведомстволук бөлүмдөрүн жана органдарын тутуунун чыгымдарын каржылоо республикалык бюджеттин, атайын каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
18. Министрликтин казына тутумунда атайын эсеби болот.
19. Министрликти өзгөртүп түзүү жана ишмердүүлүгүн токтотуу мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт.
20. Министрликтин документтери «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
\
|