КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 4-декабры № 738
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-июлу № 281 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомун күчүн жоготту деп табуу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөшү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 30-октябрындагы № 480 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-июлу № 281 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому 2009-жылдын 30-октябрынан баштап күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |