Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 722 токтому менен бекитилди |
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департамент жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №133 токтомуна ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Мамдепартаменттин милдеттери
III. Мамдепартаменттин функциялары
IV. Мамдепартаменттин укуктары
V. Мамдепартаменттин ишин уюштуруу
VI. Мамдепартаменттин мүлкү жана каржылоо булактары
VII. Корутунду жоболор
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департамент (мындан ары - Мамдепартамент) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык отун-энергетика комплекси (мындан ары - ОЭК) тармагында жөнгө салуу функциясын аткарууга ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы бөлүк болуп саналат.
2. Мамдепартамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашууларды, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Мамдепартамент юридикалык жак болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, казыналык тутумда алыш-бериш жана башка эсептери болот.
II. Мамдепартаменттин милдеттери
4. Мамдепартаменттин милдеттери:
- отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуунун төмөндөгү механизмдери аркылуу мамлекеттик жөнгө салууну ишке ашыруу:
ОЭК тармагында ишкердик ишин лицензиялоо жана лицензиялык шарттардын сакталышына көзөмөл;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тарифтик саясатка ылайык электр жана жылуулук энергиясына жана табигый газга тарифтерди белгилөө;
ОЭК ишканаларынын ортосундагы, алар менен энергия керектөөчүлөрдүн арасындагы талаш маселелерди кароо жана алар боюнча бүтүм чыгаруу;
ОЭКтин иштешин жакшыртууга багытталган ченемдик укуктук актыларды, ченемдик-техникалык документтерди, эрежелерди, нускамаларды, усулдук көрсөтмөлөрдү ж.б. иштеп чыгуу жана өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды киргизүү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген электр, жылуулук энергиясына жана табигый газга тарифтик саясатты ишке ашыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында коомчулук менен карым катышты ишке ашыруу.
III. Мамдепартаменттин функциялары
5. Мамдепартамент төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицезиялоого жаткан ишкердик ишин жүргүзүү укугуна лицензия берет жана берүү боюнча материалдарды карайт;
- лицензиялык ишке (техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдү аткарууга, тарифтерди туура колдонууга, жөнгө салынуучу мезгилдин пландык көрсөткүчтөрүнө ылайык кирешелерди максаттуу сарптоого ж.б.) мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт;
- лицензиялык ишке текшерүү жүргүзөт жана текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча лицензиялык шарттарды жана макулдашууларды бузууларды жоюу боюнча көрсөтмө берет;
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №133 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- энергетика ишканаларынын сарптоолоруна жана чыгымдарына мониторинг жана талдоо жүргүзөт, тарифтерди түзүүдө аларды нормалайт;
- энергетика ишканаларын реконструкциялоонун, модернизациялоонун жана жаңыдан куруунун бекитилген пландарын ишке ашыруунун зарылдыгын эсепке алуу менен пайданын нормасына эсеп жүргүзөт;
- электр жана жылуулук энергиясына жана табигый газга тарифтерди эсептейт жана бекитет, ошондой эле ОЭК уюмдары көрсөткөн кызматтардын наркын макулдашат;
- энергия керектөөчүлөрүнүн даттанууларын жана арыздарын белгиленген тартипте карайт;
- ОЭК ишканаларынын ортосундагы, алар менен энергия керектөөчүлөрдүн арасындагы талаш маселелерди чечүүнүн механизмдерин аныктайт;
- ОЭКтин ишине тиешеси бар талаш маселелерди кароодо сот отурумдарына макулдашуу боюнча катышат;
- электр жана жылуулук энергиясына, табигый газга тарифтерди эсептөө боюнча усулдук көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
- электр, жылуулук жана газ тармактарына технологиялык кошулууга төлөмдүн өлчөмүн эсептөө боюнча усулдук көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
- электр жана жылуулук энергиясына, табигый газга тарифтерди колдонуу боюнча нускаманы иштеп чыгуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
- керектөөчүлөрдү энергия менен жабдууга типтүү контракттарды өзгөртүү боюнча сунуштарды киргизет;
- ОЭКтин иштешин жакшыртууга багытталган ЧУАны, эрежелерди, нускамаларды иштеп чыгууга катышат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тарифтик саясат жана анын ишке ашырылышы, ошондой эле өзүнүн иши жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө тиешелүү маалыматты маалыматтык сайттарда жайгаштыруу жана ЖМК аркылуу коомчулукка маалымдайт;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тарифтик саясат жана анын Кыргыз Республикасында ишке ашырылышы боюнча энергия булактарын керектөөчүлөр менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында коомдук угууларды, конференцияларды, семинарларды, талкууларды ж.б. уюштурат;
- энергиянын кайра жаралуу булактарын (ЭКБ) өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча сунуштарды киргизет.
IV. Мамдепартаменттин укуктары
6. Өз функцияларын ишке ашыруу үчүн Мамдепартамент укуктуу:
- аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактарга Мамдепартаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча бузууларды токтотуу жана алардын кесепетин жоюу жөнүндө аткарууга милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берүүгө;
- ОЭК тармагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына, уюмдар менен мекемелерге, ошондой эле алардын жетекчилерине жана жеке адамдарга айып жана экономикалык санкцияларды салуу жөнүндө чечимдерди (токтомдорду) белгиленген тартипте кабыл алууга;
- ОЭК жаатындагы мыйзамдардын чарбакер субъекттер тарабынан сакталуу маселеси боюнча, ошондой эле чарбакер субъекттердин бааларды (тарифтерди) туура түзүүсү жана колдонуусу боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, зарыл болгон документтерди, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү кагаз жана оозеки түрүндө алууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулар боюнча маселелерди кароого, жана текшерүү жүргүзүүгө адистерди, эксперттерди, илимий жана башка уюмдарды тартууга, алардын катышуусу менен эксперттик жумушчу топторду түзүүгө;
- зарылдыгына жараша укук коргоо органдарына ОЭК тармагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулар боюнча материалдарды берүүгө;
- өзүнүн функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон (анын ичинде тендердик комиссия боюнча) маалыматты ОЭКтин бардык субъекттеринен белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- бардык энергетика, өнөр жай ишканаларынан, мекемелерден, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардан, юридикалык жана жеке жактардан, ошондой эле статистика органдарынан өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде маалыматты, анын ичинде өзүнүн функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон жашыруун жана/же коммерциялык сырды камтыган (а.и. тендердик комиссиянын иши боюнча) маалыматты белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- мамлекеттер аралык макулдашууларды түзүү, эл аралык долбоорлорду жана программаларды иштеп чыгуу жөнүндө, ошондой эле анын компетенциясына кирген маселелер боюнча чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары, эл аралык жана коомдук уюмдар менен кызматташууну ишке ашыруу боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө;
- өз ара пайдалуу негизде чет өлкөлүк мекемелер, эл аралык уюмдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын уюмдары менен кызматташуу жана өз ара аракеттешүүгө, башка өлкөлөрдүн энергетикадагы тажрыйбасын жана жетишкендиктерин үйрөнүүгө жана иш жүзүндө пайдаланууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды аткарууга.
V. Мамдепартаменттин ишин уюштуруу
7. Мамдепартаментти Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалган жана бошотулган директор башкарат.
8. Мамдепартаментте директордун орун базарынын кызмат орду уюштурулган. Директордун орун басары Мамдепартаменттин директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.
9. Мамдепартаменттин директору:
- Мамдепартаментке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министрине Мамдепартаменттин түзүмүн, штаттык санын бекитүүгө берет;
- Мамдепартаменттин аппаратынын кызматкерлерин дайындайт жана бошотот, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларга сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
- Мамдепартаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча буйруктарды чыгарат жана чечимдерди кабыл алат;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин макулдашуусу боюнча өз компетенциясынын чегинде эл аралык келишимдерди түзөт, чет өлкөлөрдүн тиешелүү мекемелери, эл аралык уюмдар жана юридикалык жактар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана макулдашууларга кол коет;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Мамдепартаменттин аткарган иштери жөнүндө отчет жыл сайын жөнөтөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Мамдепартаменттин ишин жетектөө боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №133 токтомуна ылайык)
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №133 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №133 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
VI. Мамдепартаменттин мүлкү жана каржылоо булактары
12. Мамдепартаменттин карамагындагы ага мүлк оперативдүү башкаруу укугунда таандык болот.
13. Мамдепартаментти кармоого кеткен чыгымдар республикалык бюджеттин, атайын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардын эсебинен каржыланат.
VII. Корутунду жоболор
14. Мамдепартаменттин өзгөртүп уюшулушу жана жоюлушу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.
15. Мамдепартаменттин документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.