Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 10-декабры № 753
Иш күндөрүн которуу жөнүндө
Дем алыш жана жумуш эмес майрам көндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эки дем алыш күнү бар беш күндүк иш жуманын графиги менен иштеген уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2009-жылдын 31-декабрындагы иш күнү 2009-жылдын 26-декабрындагы дем алыш күнүнө, 2010-жылдын 4, 5, 6 жана 8-январындагы иш күндөр 2010-жылдын 16, 23, 30-январындагы жана 6-февралындагы дем алыш күнүнө которулсун.
2. Министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери 2010-жылдын 1-10-январындагы жумуш эмес күндөрүндө жооптуу кызматкерлердин нөөмөтүн уюштурушсун.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министри | Д.Усенов |