Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 24-декабрындагы № 826
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 18-декабры № 786
Нарын мамлекеттик университетине
Сатыбалды Нааматовдун ысмын ыйгаруу жөнүндө
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана окумуштуу-агартуучу, жазуучу-котормочу Сатыбалды Нааматовдун өтөгөн эмгектерин эске алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
Нарын мамлекеттик университетине окумуштуу-агартуучу, жазуучу-котормочу Сатыбалды Нааматовдун ысмы ыйгарылсын жана ал мындан ары: "Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети" деп аталсын.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |