Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 307 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өзгөчө кырдаалдардын мониторинги, божомолдоо жана калдык сактоочу жайларды колдонуу департаменти жөнүндө Жобо
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өзгөчө кырдаалдардын мониторинги, божомолдоо жана калдык сактоочу жайларды колдонуу департаменти (мындан ары - Департамент) табигый, техногендик коркунучтуу процесстерди мониторинги, божомолдоо, Министрликтин карамагындагы калдык сактоочу жайларды жана кендердин иштетүүгө жараксыз катмарларын колдонуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүкчөсү болуп эсептелет.
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Министрликтин нормативдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департаменттин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Герби түшүрүлүп, аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү жана белгиленген үлгүдөгү башка мөөрлөрү, штамптары, бланктары бар.
4. Департаменттин толук расмий аталышы төмөнкүдөй:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өзгөчө кырдаалдардын мониторинги, божомолдоо жана калдык сактоочу жайларды колдонуу департаменти;
- расмий тилде: Департамент мониторинга, прогнозирования чрезвычайных ситуаций и обращения с хвостохранилищами при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики.
5. Департамент мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген жана ага бекитилген мүлккө оперативдүү башкарууну жүргүзгөн, казыналык системада эсептери, өз алдынча балансы, негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттары бар юридикалык жак болуп эсептелет.
Департаментти кармоого кеткен чыгымдарды каржылоо тиешелүү жылдагы республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
6. Департаменттин юридикалык дареги төмөнкүдөй: Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Муминов көчөсү, 11.
7. Департамент жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Департаменттин түзүмү жана штаттык саны министр тарабынан бекитилет.
8. Бул Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
9. Департаменттин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Министрликтин карамагындагы калдык сактоочу жайлардагы жана кендердин иштетүүгө жараксыз катмарларындагы радиоактивдүү жана уулуу калдыктарды коопсуз сактоону жүргүзүү;
- калкты жана аймакты коргоону камсыз кылуу үчүн табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында табигый коркунучтуу процесстердин жана кубулуштардын өнүгүүсүнүн жана активдешүүсүнүн божомолдорун иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы табигый жана техногендик коркунучтуу процесстерди жана кубулуштарды изилдөө маселелери менен иштеген уюмдардын ишин координациялоо.
10. Департамент жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- мониторинг өткөрөт жана тиешелүү мамлекеттик башкаруу органдары өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча чараларды көрүүсү үчүн табигый коркунучтуу процесстердин жана кубулуштардын мүмкүн болгон активдешүүсү жөнүндө кыска жана узак мөөнөттүү божомолдорду берет;
- Министрликтин карамагындагы калдык сактоочу жайларга жана кендердин иштетүүгө жараксыз катмарларына көзөмөл жүргүзөт жана колдонот;
- табигый коркунучтуу процесстерди жоюу жана Министрликтин карамагындагы калдык сактоочу жайларды жана кендердин иштетүүгө жараксыз катмарларын колдонуу боюнча илимий-изилдөө, долбоордук-изилдөө жана авариялык-калыбына келтирүү иштеринин пландарын иштеп чыгат жана белгиленген тартипте Министрликке бекитүүгө берет;
- табигый коркунучтуу процесстердин мониторинги, божомолдоо жана калдык сактоочу жайларды жана кендердин иштетүүгө жараксыз катмарларын колдонуу жаатындагы нормативдик укуктук актыларды иштеп чыгууга катышат;
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалар жана уюмдар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон жазма буйруктарды берет;
- адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, материалдык жана маданий баалуулуктарды коргоо, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда экономиканын тармактарынын иштөөсүнүн туруктуулугун жогорулатуу максатында кызыкдар уюмдар менен бирге илимий-изилдөө жана долбоордук-изилдөө иштерин өткөрүүнү уюштурат;
- калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо жаатындагы билимдерди конференцияларды, семинарларды жана башка иш-чараларды өткөрүү жолу менен пропагандалайт жана жайылтат;
- табигый коркунучтуу процесстердин жана кубулуштардын өнүгүү участкаларында илимий-изилдөө, долбоордук-изилдөө иштерин, Министрликтин карамагындагы калдык сактоочу жайларда жана кендердин иштетүүгө жараксыз катмарларында алдын алуу, коргоо жана авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүгө мыйзамдарга ылайык тендерлерди өткөрөт;
- республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен коргоочу курулмаларды куруу жана авариялык-калыбына келтирүү иштеринин пландарын түзүүдө сунуштарды даярдоого катышат;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте Министрлик тарабынан окууларды өткөрүү алкагында алдын алуу, коргоо жана авариялык-калыбына келтирүү иштери боюнча сунуштарды даярдоого катышат;
- өзгөчө кырдаалдарды божомолдоо, алдын алуу жана жоюу, калдык сактоочу жайларды жана кендердин иштетүүгө жараксыз катмарларын колдонуу менен байланышкан иштерди аткаруу жөнүндө долбоордук-изилдөө, илимий-изилдөө, курулуш уюмдары менен келишимдерди түзөт;
- өзгөчө кырдаалдардын мониторинги, божомолдоо, калдык сактоочу жайларды жана кендердин иштетүүгө жараксыз катмарларын колдонуу чөйрөсүндө эл аралык уюмдар менен өзүнүн компетенциясынын чегинде өз ара аракеттенет;
- калдык сактоочу жайларда жана кендердин иштетүүгө жараксыз катмарларында реаблитациялык иштерди өткөрүүгө жана коркунучтуу процесстердин мониторинги жана божомолдоо боюнча изилдөө иштерин каржылоого эл аралык уюмдардын финансылык жана техникалык жардамын белгиленген тартипте тартууну жүргүзөт;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана алдын алып жоюуга, Министрликтин карамагындагы калдык сактоочу жайларды жана кендердин иштетүүгө жараксыз катмарларын тейлөөгө, реаблитациялоого багытталган программаларды жүзөгө ашыруу үчүн инвестицияларды тартууну жүргүзөт;
- оперативдүү башкаруу укугунда Департаментке берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылат.
11. Департамент ушул Жободо аныкталган өзүнүн милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзгөчөлөнгөн мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды алууга жана алар боюнча жоопкер болууга, жалпы юрисдикциядагы соттордо доогер жана жоопкер болууга;
- Департаменттин карамагындагы мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга чараларды көрүүгө;
- Министрликке төмөнкүдөй сунуштарды киргизүүгө:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, стандарттарды, нормаларды жана эрежелерди бузуу менен жүргүзүлүүчү объекттердин курулушуна, реконструкциясына, кеңейтүүсүнө же техникалык кайрадан жабдуусуна жана башка иштерге тыюу салуу жөнүндө;
жылдын ичинде өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурларда Министрликтин авариялык-калыбына келтирүү иштеринин программасына (планына) толуктоолор жөнүндө;
калкты тартуу менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана уюмдардын алдын алуу жана калыбына келтирүү иштерин уюштуруусу үчүн материалдык ресурстарды бөлүп берүү жөнүндө;
- калдык сактоочу жайлардын жана кендердин иштетүүгө жараксыз катмарларынын мониторинги жана колдонуу жаатында көз карандысыз экспертизаларды өткөрүү үчүн илимий-изилдөө, долбоордук-изилдөө жана башка уюмдардын адистерин тартууга;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана Министрликтин карамагындагы калдык сактоочу жайларды жана кендердин иштетүүгө жараксыз катмарларын коопсуз колдонуу жөнүндө маселелер боюнча нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга;
- өзгөчө кырдаалдардын мониторинги, Министрликтин карамагындагы консервацияланган калдык сактоочу жайларды жана кендердин иштетүүгө жараксыз катмарларын реаблитациялоо жана пайдалануу боюнча иштерди координациялоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды мамлекеттик органдардан, юридикалык жактардан суроого жана кайтарымсыз алууга;
- өзгөчө кырдаалдарга жол бербөө жана мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдардын зонасынан калкты көчүрүү, объекттерди которуу боюнча биринчи кезектеги алдын алуу иштерин аткаруу жөнүндө милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон жазма буйруктарды мамлекеттик органдарга, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ишканаларга жана уюмдарга берүүгө;
- өзгөчө кырдаалдардын зоналарындагы иштерде табигый жана техногендик коркунучтуу процесстерди жана кубулуштарды изилдөөдө кызматкерлерди бөөдө кырсыктардан жана каза болуудан камсыздандырууну жүргүзүүгө;
- байланыш жана маалымат берүү үчүн байланыштын республикалык системаларын жана ведомстволук тармактарын артыкчылыктуу тартипте колдонууга;
- биринчи кезектеги алдын алуу жана калыбына келтирүү иштери, маалыматтык, методикалык жана илимий мүнөздөгү изилдөө иштери менен байланышкан чыгымдарды, пайдаланууга кирбей турган объекттерди белгиленген тартипте эсептен чыгарууга;
- табигый жана техногендик коркунучтуу процесстердин мониторинги бөлүгүндө Министрликтин ведомстволук бөлүкчөлөрүнүн иштерин координациялоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карма-каршы келбеген башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
12. Департаментти директор жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Департаменттин директорунун орун басары болот. Директордун орунбасары Департаменттин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат, ал түздөн түз директорго баш ийет, Департаменттин ишин функционалдык милдеттерине ылайык уюштурат. Директор жок болгон учурларда
анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
Департаменттин башкы бухгалтери Департаменттин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
13. Департаменттин директору:
- өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрине түздөн-түз баш ийет;
- Департаменттин ишин жетектейт жана Департаментке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы жана иштин натыйжалары үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Министрликтин чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат;
- ишеним каты жок эле Департаменттин атынан иштейт, республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында, жалпы юрисдикциянын сотторунда анын кызыкчылыгын билдирет, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коет;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде департаменттин бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү түрдө аткарыла турган буйруктарды, тескемелерди чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Департаменттин мүлкүн, финансылык каражаттарын башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алат жана финансылык-чарбалык иш үчүн толук жоопкерчилик тартат;
- Департаменттин директорунун орун басарынын жана башкы бухгалтеринин кызматына дайындоо үчүн талапкерлерди министрге сунуш кылат;
- орун басардын жана түзүмдүк бөлүкчөлөрдүн функционалдык милдеттерин бекитет;
- Департаменттин түзүмүн жана штаттык санын министрге бекитүүгө берет;
- түзүмдүк бөлүкчөлөр (башкармалыктар, бөлүмдөр, кызматтар) жөнүндө жоболорду жана Департаменттин кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;
- Департаменттин кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, аларга сыйлоо жана жаза берүү чараларын колдонот;
- Департаменттин милдеттеринен жана функцияларынан келип чыккан, ошондой эле ушул Жободо каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
14. Департаменттин кызматкерлерин укуктук жана социалдык коргоо Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
15. Департаменттин мамлекеттик кызматкерлерин кабыл алуу, алардын кызмат өтөөсү жана бошотуу Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт.
16. Негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген жана Департаменттин балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар Департаменттин мүлкүн түзөт.
17. Департаменттен анын негизги фонддорун, жүгүртүлүүчү каражаттарын жана пайдаланылуучу мүлкүн алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
18. Департаментти кайрадан уюштуруу (кошуу, бириктирүү, ажыратуу, бөлүү, өзгөртүп түзүү) же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
19. Жоюудан кийин калган мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонулат.
20. Департаменттин ишинде пайда болгон документтер ал жоюлган учурда "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.
|
|