Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 25-декабры №811
"Шах Фазил" мамлекеттик тарыхый-маданий корук-музейин түзүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
"Шах Фазил" мамлекеттик тарыхый-маданий комплексинин аймагында жайгашкан жана Орто Азиянын уникалдуу тарыхый жана маданий эстеликтери болгон Шах Фазил, Сафид-Булан, Исламдын 2700 Шахиддеринин, Ходжа Аламдара күмбөздөрү, Кыргын мечити, Шахиддердин жайы, Жарак-Дөбө курганы, XIX кылымдын мечити, "Ыйык таш", Хауз көлмөсү, V-XVIII кылымдардын маданий катмарлары эстеликтерин сактоо жана натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Шах Фазил" мамлекеттик тарыхый-маданий корук-музейи Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин алдында мекеме формасында түзүлсүн.
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын республикалык бюджети жөнүндө" мыйзам долбоорунда "Шах Фазил" мамлекеттик тарыхый-маданий корук-музейинин чыгымдарын каржылоого каражаттарды караштырсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттиги эки айлык мөөнөттө:
- "Шах Фазил" мамлекеттик тарыхый-маданий корук-музейинин жобосунун, түзүмүнүн жана дирекциясынын штаттык санынын долбоорун иштеп чыксын жана бекиттирсин;
- тиешелүү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдар менен бирдикте "Шах Фазил" мамлекеттик тарыхый-маданий корук-музейинин аймактык чек арасын аныктасын;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. "Шах Фазил" мамлекеттик тарыхый-маданий корук-музейинин аймагында айлана-чөйрөнү жана Кыргыз Республикасынын эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдары менен тиешелүү макулдашуусуз бардык түрдөгү курулуштарды курууга тыюу салынсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |