Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2009-жылдын 29-декабры №814
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы N 22 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөдө иштеген айрым категориялардагы кызматкерлердин эмгектерине дем берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы №22 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
- аталган токтомго №1 тиркемеде:
3-пункттун "диктофон кызматынын машинисткасынын," деген сөздөрдөн кийин "көчүрүүчү-көбөйтүүчү техниканын, электрондук-эсептөөчү машинанын (ЭЭМ), жеке эсептөөчү машинанын (ЖЭМ) оператору," деген сөздөр менен толукталсын;
- аталган токтомго №3 тиркемеде:
"/Жеңил автомобилдин айдоочусу /1700/" деген сап алып салынсын;
аталган токтомдун №3 тиркеменин эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Жеңил автомобилдин айдоочусунун кызматтык маянасы адистин кызматтык маянасынан 15 пайызга аз белгиленет".
2. Жеңил автомобилдин айдоочусунун жана көчүрүүчү-көбөйтүүчү техниканын, электрондук-эсептөөчү машинанын (ЭЭМ), жеке эсептөөчү машинанын (ЖЭМ) операторунун маяналарынын көбөйүшү менен байланыштуу кошумча чыгымдар мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттын чегинде жүргүзүлөөрү белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |