Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 29-декабры №815
"Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомун колдоо боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын нефть-газ өндүрүү тармагын колдоо, нефть продуктулары базарында баалардын өзгөрүшүнө ыкчам чара көрүү, Кыргыз Республикасынын нефть продуктуларын импорттоодон көз карандылыгын азайтуу жана энергияга көз карандысыздыгын сактоону камсыздоо максатында жана ишкананын ишин жакшыртуу боюнча "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коому көрүп жаткан чараларды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Табигый жана уруксат берилген монополиялар субъекттеринин мамлекеттик реестринен "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомун чыгарсын.
2. "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коому:
- орто мөөнөттүү келечекке "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомун өнүктүрүү системасы боюнча бизнес-план иштеп чыксын жана 2010-жылдын I кварталында "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомунун кароосуна киргизсин;
- бардык иштелип чыккан продукцияларды (чийки нефть), кайра иштетилген нефть продуктуларын жана жаратылыш газын алдын ала төлөө шартында гана сатсын, мында артыкчылыкты Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жана иш жүргүзгөн сатып алуучуларга берсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |