Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 29-декабры №831
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районундагы жерлерди которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, Ош облусунун Өзгөн районундагы Жылалды айыл округунун аймагында жайгашкан Өзгөн токой чарбасынын Мырзаке токойчулугунун 14,0 га жерин "Токой фондунун жерлери" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Токой фондунун жерлери" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун.
3. Мырзаке токойчулугунун токой фондунун жерлерин толуктоо максатында алып коюлган 14,0 гектардын ордуна Ош облусунун Өзгөн районундагы Кароол айыл округунун аймагындагы токой өсүмдүктөрү баскан 14,0 га жер "Запастагы жерлер" категориясынан "Токой фондунун жерлери категориясына" которулсун.
4. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникацияларды эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыксын.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |