Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы N 733 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар Департаменти жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жобо
II. Департаменттин милдеттери
III. Департаменттин функциялары
IV. Департаменттин укуктары жана жоопкерчилиги
V. Департаменттин ишин уюштуруу
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти жөнүндө Жобо (мындан ары - Департамент) ченемдик-укук актыларына ылайык иштелип чыккан жана Департаменттин ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин, анын ыйгарым укугун, милдеттерин, функциясын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (мындан ары - Министрлик) дагы башка бөлүктөрү менен өз ара мамилесин аныктайт.
2. Департамент өзүнүн иш аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен буйруктарын, Министрликтин чечимдерин, ушул Жобону жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик-укук актыларын жетекчиликке алат.
3. Департамент өз ишин министрдин, көзөмөлгө алган министрдин орун басарынын жалпы жетекчилиги, ошондой эле департаменттин директорунун тике жетекчилиги астында ишке ашырат.
4. Департамент Баалуу металлдарды жана асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды өндүрүү, пайдалануу, жүгүртүү эсебин жүргүзүү жана сактоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу боюнча функцияны ишке ашыруучу, Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүлгөн баалуулуктар менен болгон операцияларды аткаруучу министрликтин ведомстволук баш ийүүдөгү бөлүгү болуп саналат.
5. Департамент өз алдынчалуу юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана кыргыз, орус тилдеринде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү болот.
Департаменттин структурасына мамлекеттик баалуулуктарды сактоочу жай жана пробирдик көзөмөл инспекциясы кирет.
6. Департамент ага бекитилип берилген мүлккө карата мыйзамдарда белгиленген чегинде ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун ишке ашырат.
7. Департаменттин негизги милдеттери:
- Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик Фондунун жана баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик запастарынын баалуулуктарынын сакталышын жана эсебин жүргүзүүнү камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдар жана асыл таштар менен болгон операцияларга мамлекеттик контролдукту жана жөнгө салууну жүзөгө ашыруу болуп саналат.
8. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөндөгү функцияларды аткарат:
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик Фондунун жана Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик запастарынын баалуулуктарын сатып алууну, кабыл алууну, эсепке алууну, сактоону жана сатып өткөрүүнү жүргүзөт;
- жыл сайын Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик Фондунун жана Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик запастарынын баалуулуктарын инвентарлаштырууну өткөрөт;
- белгиленген тартипте конфискацияланган жана башка негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн баалуу металлдарды, асыл таштарды, андан жасалган буюмдарды жана кенчтерди кабыл алууну, эсепке алууну, сактоону, баалоону жана сатып өткөрүүнү ишке ашырат;
- аффинаждоо жана башка ишканалар менен келишимдик негизде кондициялык эмес баалуу металлдарды жана алардан жасалган буюмдарды жана металл сыныктарын кайра иштетүүнү жана сырье түрүндө мамлекеттик баалуулуктарды сактоочу жайга келип түшкөн асыл таштарды чегүүнү жүргүзөт;
- өндүрүү, аффинаждоо, сатып өткөрүү жөнүндө белгиленген формалар боюнча, приборлордун, жабдуулардын жана реактивдердин күтүлүшү жөнүндө металл калдыктары түшүүлөр жана сарптоолор тууралуу, ошондой эле металл сыныктары жана металл калдыктары түрүндө кайра иштетүүгө тапшыруу жөнүндө белгиленген формалар боюнча баалуу металлдар боюнча отчетторду кабыл алат жана талдоосун жүргүзөт;
- аффинаждалган баалуу металлдарды, асыл таштарды, кендерди, концентраттарды, алар камтылган экинчи кайталанган сырьену ички жана тышкы базарларда сатып өткөрүүдө контроль жүргүзөт;
- адистештирилген ишканаларда, уюмдарда жана мекемелерде, баалуу металлдарды жана асыл таштарды өндүрүүгө, кайра иштетүүгө, пайдаланууга, эсепке алууга жана сактоого, үзгүлтүксүз контролдоону жана баалуу металлдарды, асыл таштарды жана аларды камтыган буюмдарды алуучу, кайра иштетүүчү жана пайдалануучу ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда көрсөтүлгөн операциялар боюнча мезгил-мезгили менен контролдукту ишке ашырат;
- соода уюмдарынын, мекемелердин жана жеке ишкерлердин баалуу металлдардан, асыл таштардан жасалган зергердик (тиричилик) буюмдарды сатууларына системалуу пробирдик контролдукту жүргүзөт;
- сатып алуучу пункттардын, стоматологиялык мекемелердин иштерине контролдукту ишке ашырат;
- ички өндүрүштө жасалган, ошондой эле сатуу үчүн сырттан алынып келинген баалуу металлдардын эритиндилеринен жасалган зергердик жана башка (тиричилик) буюмдарына мамлекеттик эн белги салууну жана сынамык алууну жүргүзөт;
- баалуу металлдарды, асыл таштарды жана андан жасалган буюмдарды келишимдик негизде юридикалык жактардан сактоого кабыл алат;
- баалуу металлдардын баасы жөнүндө маалымкат берет, баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды баалоону жүргүзөт;
- белгиленген тартипте баалуу металлдардын жана асыл таштардын экспорту, импорту боюнча лицензияларды алууга эксперттик корутунду даярдайт;
- баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүү тартибинин маселелери боюнча кеңеш берет;
- баалуу металлдарга жана асыл таштарга жана аларды колдонуу менен даярдалган буюмдарга улуттук стандарттардын жана техникалык шарттардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышат;
- алтын кен казып алуучу тармакты, зергердик өндүрүштү өнүктүрүүнүн жана республиканын баалуу металлдар базарын калыптандыруунун программаларынын долбоорлорун жана болжолдорун иштеп чыгууга катышат;
- баалуу металлдар жана асыл таштар менен болгон операциялар боюнча эсепке алууну жүргүзүү тартибин, ошондой эле отчеттуулукту берүү тартибин иштеп чыгат;
- баалуу металлдар жана асыл таштар менен болгон операцияларды ишке ашыруучу юридикалык жана жеке жактарды каттоону жүргүзөт;
- буюмдарда, куймаларда, чала фабрикаттарда, чөгөрүүдө, тыйындарда ж.б. баалуу металлдардын өлчөмүн аныктоо үчүн экспертиза жана контролдук талдоо жүргүзөт;
- пробирдик реактивдерди даярдайт жана сатып өткөрөт;
- зергердик буюмдарды жасоочулардын аттарына, мамлекеттик пробирдик эн тамга издерине экспертиза жүргүзөт;
- баалуу металлдардан жана асыл таштардан зергердик жана башка буюмдарды зергердик сынамыктан өткөрүү, талдоо жана эн тамга салуу үчүн белгиленген тарифке ылайык пробирдик төлөмдөрдү кабыл алат;
- Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик тууралуу кодексине ылайык баалуу металлдар жана асыл таштар жана алардан жасалган буюмдар менен иштөөнүн белгиленген эрежесин, жобосун жана нускамаларын бузуучуларга административдик айып салат;
- "Терроризмди каржылоого каршы аракеттер жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдеринин ага тиешелүү бөлүгүндө баалуу металлдар, асыл таштар жана алардан жасалган буюмдар менен операцияларды жүргүзүүчү жактар тарабынан сакталышына контролдук жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткарат.
9. Департаментке төмөнкүдөй укук берилет:
- Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун жана Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар Мамлекеттик запастарынын баалуулуктарын толуктоо үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган, аффинаждалган баалуу металлдарды артыкчылыктуу сатып алууга;
- баалуу металлдар, асыл таштар менен болгон операциялар чөйрөсүндө мыйзамдуулукту өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет жана белгиленген тартипте кароого коюуга;
- Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун баалуулуктарын реставрациялоого жана кайра оңдоого, мамлекеттик баалуулуктарды сактоочу жайдан ар түрдүү баалуулуктарды жана аткаруучунун баалуулуктарын колдонуу менен зергердик жана башка буюмдарды жасоого келишим түзүүгө;
- республикада жана чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик Фондунун баалуулуктарынын көргөзмөлөрүн уюштурат жана өткөрөт, материалдарды басма сөзгө басып чыгарууга жана тийиштүү тематика боюнча жарнактык продукцияларды жасап чыгарууну даярдоого;
- баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган зергердик жана тиричилик буюмдарын жасалма эн белгилеринин жасалма издери табылган учурда талкалоо жүргүзүүгө;
- пробирдик көзөмөлдүн ишин камсыз кылуу үчүн пробирдик акы төлөөдөн каражаттын бөлүгүн пайдаланууга;
- бекитилген сметанын чегинде негизги фонддорго таандык жабдууларды жана башка материалдык баалуулуктарды жеткирип берүүгө чарбалык келишим түзүүгө;
- адистерди кызматтык иш-сапарына жана стажировкага жөнөтүүгө.
10. Белгиленген милдеттер же функциялар аткарылбай калса, департаменттин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык материалдык жана тартиптик жоопкерчилик тартат.
11. Департаментти Кыргыз Республикасынын Финансы министринин сунуштоосу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу Департаменттин директору башкарат.
12. Департаменттин директору:
- Департаменттин ишин уюштурат;
- Департаментке жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткарууга жекече жоопкерчилик тартат;
- Департаменттин кызматкерлерине карата тартипте жоопкерчилик чараларын белгиленген тартипте кабыл алат;
- Департаменттин ишинин ар жылкы планын бекитет;
- өз компетенциясынын чегинде жогору турган органдарда кийин макулдашуу менен иш үчүн буйруктарды, нускамаларды чыгарат;
13. Департаменттин ишин каржылоо Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралган каражаттардын жана мыйзамда уруксат берилген дагы башка булактардын эсебинен белгиленген тартипте ишке ашырылат.
14. Департамент ар бир айдын 20-күнүнөн кечиктирбестен пробирдик көзөмөлдүн натыйжасында алынган каражаттын 20 пайызын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин атайын каражаты боюнча учурдагы эсеп-чотуна которот.
15. Департаменттин ишин кайра уюштуруу жана токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
|
|