Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 733 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору тууралуу ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Окуу борборунун максаты жана милдети
III. Окуу борборунун негизги функциялары
IV. Окуу борборунун ишмердүүлүгүн уюштуруу
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору тууралуу Жобо (Мындан ары - Окуу борбору) ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыкты жана Окуу борборунун ишмердүүлүгүнүн укуктук жана уюштуруучулук негиздерин, анын ыйгарым укуктарын, милдеттерин, функцияларын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (мындан ары - министрлик) башка бөлүктөр менен өз ара мамилелерин аныктайт.
2. Окуу борбору өзүнүн ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Билим берүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктары жана буйруктары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору жана буйруктары, министрликтин чечимдерин жана ушул Жобону жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
3. Окуу борбору өзүнүн ишмердүүлүгүн министрдин жалпы жетекчилигинде, жөнгө салуучу министрдин орун басарынын, ошондой эле түздөн түз Окуу борборунун директорунун түздөн-түз жетекчилигинде ишке ашырат.
4. Окуу борбору өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөттөлүшү менен мөөргө жана өзүнүн мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышына ээ.
5. Окуу борбору өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, жарандар жана юридикалык жактар менен өз ара тыгыз аракетте, ошондой эле министрликтин структуралары, ведомстволорго караштуу бөлүктөрү жана аймактык органдары менен өз ара аракетте уюштурат.
6. Окуу борбору ага бекитилген мүлккө карата мыйзамдарда белгиленген чекте ээлөө, пайдалануу жана тескөө укугун ишке ашырат.
7. Окуу борборунун максаты министрлик системасынын кызматкерлеринин, мамлекеттик башкаруу секторунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин билим деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.
8. Окуу борборунун негизги милдети, мамлекеттик финансыны натыйжалуу башкаруу, мамлекеттик сектордо финансылык отчеттуулук жана ички аудит системасынын эл аралык стандарттары, товарларды мамлекеттик сатып алуулар, иштерди, кызматтар жана консультациялык кызматтар жол-жобосу, Казыналык системасында жана башка багыттардагы эсепке алууну жана отчеттуулукту автоматташтыруу маселелери боюнча министрлик системасынын, мамлекеттик башкаруу секторунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин окутуу жана кайра даярдоо болуп саналат.
9. Окуу борбору көрсөтүлгөн милдеттерин ишке ашыруу максатында төмөндөгү функцияларды аткарат:
- министрлик системасынын, мамлекеттик башкаруу секторунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин окутуу жана квалификациясын жогорулатуу;
- окуу куралдарын, маалымат адабияттарын басылмасын, плакаттар, китепчелер, анын ичинде, коомдук сектордогу финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча (мындан ары - МСФООС), мамлекеттик сатып алуулар жүргүзүү боюнча иштеп чыгуулар;
- окутуунун натыйжалуу системасын түзүү;
- инновациялык технологияларды окуу процессине киргизүү;
- семинар-кеңешмелер, тренингдер, конференцияларды өткөрүү;
- түшүндүрүүчү-консультативдик иштерди жүргүзүү;
- окуу, илимий жана өндүрүштүк-коммерциялык ишмердүүлүк маселелери боюнча чет элдик жана эл аралык мекемелер, ишканалар жана жеке адамдар менен түз байланыштарды ишке ашыруу, тийиштүү эки тараптуу келишимдер негизинде илимий-педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу;
- Окуу борборуна жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн тийиштүү башка функцияларды аткаруу.
10. Окутуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматы менен биргеликте түзүлгөн окуу пландары жана программалары боюнча жүргүзүлөт.
Окутуу тилдери: угуучуларынын талабын жана Окуу борборунун мүмкүнчүлүгүнө жараша кыргыз, орус тилдеринде.
Окутуу узактыгы окуу планы менен аныкталат.
Окуу борбору окуу процессин ишке ашыруу үчүн министрликтин адистерин жана башка министрликтин , ведомстволордон адистерди тартууга укуктуу.
11. Окуу борборунан окутуу жана кайра даярдоодон өткөн угуучулар белгиленген үлгүдөгү тастыктамаларды (сертификат) алышат.
12. Окуу борборун жетектөө директор тарабынан ишке ашырылат, директорду Кыргыз Республикасынын Финансы министринин сунуштоосу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри дайындайт.
13. Директор Окуу борборунун окуу-методикалык, өндүрүштүк иштерди уюштурат жана окуу борборуна жүктөлгөн милдеттерге жетишүү үчүн жеке жоопкерчиликти тартат.
14. Окуу борборунун Директору төмөндөгүлөргө укуктуу:
- окуу процесси, окуу-методикалык иштер жана материалдык-техникалык базаны өркүндөтүү боюнча министрлик жетекчилигине сунуштарды киргизүүгө;
- Борбор атынан ишеним катсыз анын кызыкчылыгын көрсөтүү үчүн аракет кылууга;
- Борбор атынан юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө, ишеним кат берүүгө;
- өзүнүн компетенция чегинде буйрук, буйрутмаларды чыгарууга, Окуу борборунун кызматкерлерине тапшырмалар жана көрсөтмөлөр берүүгө;
- Окуу борборуна тийиштүү иштер маселелери боюнча тийиштүү уюмдар жана мекемелер менен кат жазуунун жүргүзүүгө;
- иш аракеттеги мыйзамдарды сактоо жана белгиленген эмгек акы фондусу менен окуу-көмөкчү жана административдик-чарбалык персоналдардын эмгек акысынын шарттарын өзгөртүүгө;
- белгиленген тартипте өзүнүн кызматкерлерин кызматтык иш сапарга жөнөтүүгө;
- белгиленген мыйзамдар тартибинде Окуу борборунун штаттык кызматкерлерин которуу жүргүзүүгө, материалдык жардам көрсөтүүгө, сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын кабыл алууга.
15. Директордун орун басары түздөн түз директорго баш иет жана ага жүктөлгөн милдеттер жана ыйгарым укуктар чегинде Окуу борборунун ишмердүүлүгүн уюштурат.
16. Окуу борборун ишмердүүлүгүн каржылоо белгиленген тартипте төмөндөгүлөр эсебинен жүргүзүлөт:
- окутуу үчүн төлөө түрүндөгү түшүүчү каражаттардан;
- жана ишканалар, мекемелер жана уюмдар адистери жана жеке адамдарды даярдоо жана кайра даярдоо мамлекеттик бюджет ассигнованиелерден;
- ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын адистерин жана жеке адамдарды даярдоо жана кайра даярдоо келишимдерди аткаргандык үчүн алынган каражаттардан;
- уюмдарга, ишканаларга, мекемелерге, жеке адамдарга, анын ичинде чет өлкөлүк мамлекеттерден акысыз берилүүчү каражаттардан;
- илимий-изилдөөчүлүк, басмалык, өндүрүштүк жана коммерциялык ишмердүүлүк жеке каражаттардан;
- мыйзамдарда уруксат берилген башка булактардан.
17. Окутуучулардын эмгек акысы аткарылган окуу жүгү көлөмүнө жараша белгиленген тартипте аныкталат.
18. Окуу борбору ар бир айдын 20 күнүнөн кеч эмес мөөнөттө алар алган каражаттар эсебинен 20 пайызын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине атайын каражаттар боюнча учурдагы эсепке которот.
19. Окуу борборунун ишин кайра уюштуруу жана токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
|
|