Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 734 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлиги жөнүндө ЖОБО
(2010-жылдын 3-сентябрындагы №186 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Жаратылыш ресурстар министрлигинин милдеттери
III. Жаратылыш ресурстар министрлигинин функциялары
IV. Жаратылыш ресурстар министрлигинин укуктары
V. Жаратылыш ресурстар министрлигинин ишинин уюштурулушу
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар министрлигинин иш аракетин жөндөйт, мамлекеттик башкаруу структурасындагы милдеттерин, функцияларын жана укуктарын белгилейт.
2. Министрлик, жер казынасын, жерди кошуп, жаратылыш ресурстарын изилдөөдө, пайдаланууда, толуктоодо жана коргоодо бирдиктүү мамлекеттик саясатты жана ченемдик-укуктук жөндөөнү иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча аткаруу-буйруу жана айкаштыруу функцияларын жүргүзүүчү мамлекеттик орган болуп саналат.
3. Министрлик өзүнүн иш аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына жана буйруктарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана буйруктарына, Кыргыз Республикасы катышып, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга, ушул Жобого жана башка ченемдик укуктук актыларга таянат.
4. Министрлик өзүнүн иш аракетин аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз өзүн өзү башкаруу органдары жана коомдук уюмдар менен байланышта жүргүзөт.
5. Министрлик юридикалык жак болот, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аты мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган бланкы жана мөөрү болот.
6. Министрлик жана ага караган өндүрүштүк ишканалар, уюмдар жана мекемелер жаратылыш ресурстарын кеңейтүүдөн жана толуктоодон, аларды казып алууга жана кайра иштетүүгө чейин, жаратылышты натыйжалуу пайдалануунун бирдиктүү тутумун камсыздайт. Жаратылыш ресурстарын изилдөө боюнча иликтөө жана усулдук иштерди аткаруу мамлекеттик бюджеттин каражатынан жана инвестициялардын башка түрлөрүнүн эсебинен жүргүзүлөт.
(2010-жылдын 3-сентябрындагы №186 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Министрлик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген геологиялык, тоо кен өнөр жай инфраструктурасын курууга, эксплуатациялоого, жаратылыш ресурстарын толуктоого, коргоого бюджеттик, бюджеттен тышкары жана башка каржылоо булактарынын титул кармоочусу жана бөлүштүрүүчүсү болуп саналат.
8. Министрлик өзүнүн курамына кирген ишканалардын жана уюмдардын милдеттенмелери боюнча, алар өз кезегинде Минжаратылыштын милдеттенмелери боюнча жоопкерчиликте болбойт.
9. Минжаратылыш өзүнүн курамына кирген ишканалар жана уюмдар менен биргелешип өнүктүрүү, камсыздандыруу, валюталык жана башка фонддорду түзүүгө укуктуу. Жылдын акырына пайдаланылбай калган фонд калдыктары алынбайт жана келерки жылга өтөт.
(2010-жылдын 3-сентябрындагы №186 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Министрлик, жогору турган уюмдун макулдугу боюнча, башка мамлекеттик жана мамлекет аралык структуралардын ассоцияланган мүчөсү боло алат.
Минжаратылыштын иш аракет максаты Кыргыз Республикасынын экономикасынын туруктуу өнүгүшү, социалдык-экономикалык жана калктын жетиштүүлүгүн жогорулатуу үчүн жаратылыш ресурстарын, анын ичинде жер казынасы, жер ресурстарынын бардык түрлөрүн натыйжалуу, сарамжалдуу пайдалануу, жер казынасын, жер өздөштүрүүдө жана пайдаланууда жаратылышты коргоо жана экологиялык мыйзамдуулукту сактоого контроль, тоо кен казып алуу өнөр жай жана отун ресурстар чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу болуп саналат.
1. Жаратылыш ресурстарын, анын ичинде жер казынасын, жер сарамжалдуу пайдаланууну жана коргоону камсыздоо;
2. Коркунучтуу өндүрүштүк объекттерде белгиленген ченемдердин чегинде мамлекеттик тоо кен көзөмөлүн жана өнөр жайлык коопсуздукка көзөмөлдү камсыздоо;
(2010-жылдын 3-сентябрындагы №186 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Жер казынасынын кадастрын жана суу кадастрын түзүү жана жүргүзүү.
4. Жөндөө чөйрөсүндө укуктук ченемдик негизди айкалыштыруу;
5. Жаратылыш ресурстарын пайдалануучуларга көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын сапатын жана ачыктыгын жогорулатуу.
(2010-жылдын 3-сентябрындагы №186 токтомунун редакциясына ылайык)
Минжаратылыш төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
а) мамлекеттик жана тармактык саясаттын функциялары;
- Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстарын (жер казынасын, жер) өнүктүрүүнүн жана пайдалануунун мамлекеттик саясаты боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгат;
- жер казынасын коргоо жана пайдалануу, ошондой эле өнөр жайлык коопсуздугу, тоо кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырат;
- жаратылыш ресурстарынын мамлекеттик фондун түзөт, жер, мамлекеттик кадастрларды, ошондой эле пайдалуу казындылардын кендеринин жана көрүнүштөрүнүн мамлекеттик кадастрын түзөт жана алып барат;
- пайдалуу казындылардын кендеринин мамлекеттик резерв жерлерин түзөт жана аларды башкарууну жүргүзөт;
- мамлекеттик стратегияны иштеп чыгат жана жаратылыш ресурстарын коргоону жана пайдаланууну, мамлекеттик тоо кен көзөмөлүн жана өнөр жайлык коопсуздукту камсыздоочу чаралардын тутумун ишке ашырат;
- жаратылыш ресурстарын изилдөө жана пайдалануу боюнча мамлекет аралык программаларды жана макулдашууларды түзүүгө жана ишке ашырууга катышат;
- таандыгы боюнча донорлордун жана эл аралык уюмдардын жардамы (каржы, техникалык) менен жүргүзүлүп жаткан жаратылышты коргоо конвенциялары, долбоорлору, программалары боюнча жаратылыш ресурстарын пайдалануу чөйрөсүндөгү милдеттенмелерди аткарат;
- жаратылыш ресурстарынын жана пайдалуу казындылардын кендерин, ошондой эле калкка жана өндүрүштүк-социалдык комплекстерге коркунуч алып келүүчү коркунучтуу экзогендик процесстердин динамикасын ачуу жана божомолдоо максатында Кыргыз Республикасынын аймагын тутумдуу изилдөөнү камсыздайт жана башкарат;
- Кыргыз Республикасынын жаратылыш корлору боюнча Мамлекеттик комиссияларынын ишин уюштурат;
- жаратылыш ресурстарынын маалымат тутумунун бирдиктүү мамлекеттик тутумунун кызматын камсыздайт;
- мыйзам белгилеген тартипте жеринде чектерин белгилөө менен Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бөлүнүшү, ошондой эле өзгөчө жаратылыш, укуктук жана башка режимдердеги аймактардын чектеринин жайгашуусунун жана орнотулушунун техникалык-экономикалык негиздөөсү боюнча материалдарды иштеп чыгууга катышат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек араларын делимитация жана демаркация боюнча иштерге катышат;
- таандыгы боюнча бардык юридикалык жана жеке жактардын Кыргыз Республикасынын бардык аймагында мыйзамды аткаруусуна жана сактоосуна мамлекеттик контроль жана көзөмөл жүргүзөт;
- белгиленген тартипте жер салыгын эсептеп чыгуу үчүн жердин баасынын (нормативдик наркынын) өлчөмүн баалоо жана аныктоо, жер бөлүктөрүнүн алгачкы наркын аларды сатууда, мамлекеттик жана башка айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн жерди алууда (сатып алууда) жоготууларды жана зыянды кайрууда ишке ашыруу методикасын иштеп чыгат;
- айыл чарбалык өндүрүштүн жоготууларын, жерди бөлүп берүүдөгү зыянды жана алынбаган пайданы, мамлекеттик жана коомдук, ошондой эле башка айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн жерди алуунун эсебин жүргүзөт, жер пайдалануучулардын жоготуусун кайруу ченемдерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- долбоорлоо-сметалык документацияга техникалык экспертизаны жүргүзөт;
- жерге жайгаштыруу, геодезия жана картография, курулуштар боюнча долбоорлоо-изилдөө жана илимий-иликтөө иштерин уюштурат жана башкарат;
- Кыргыз Республикасынын аймагында пайдалануу үчүн координаттардын жана бийиктиктин илимий негизделген тутумун аныктайт, фундаменталдык жана атайын геодезиялык торлордун негизинде жер кабыгынын кыймылына байкоо жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын бардык аймагында геодезиялык, астрономиялык жана гравиметриялык иштердин координаттардын жана керектүү масштабдагы топографиялык сүрөттөөнүн бирдиктүү тутумда аткарылышын камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы геодезиялык пункттардын эсебин алууну жүргүзөт жана белгиленген тартипте ошол пункттардын сакталышын камсыздайт;
- ар түрдүү маанидеги карталардын жана атластардын басылып чыгышын ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык бардык караштуу уюмдардын бухгалтердик жана статистикалык эсебин жана отчеттуулугун уюштурат жана ишке ашырат;
- Министрликтин компетенциясына байланышкан маселелер боюнча мамлекет аралык органдарда жана эл аралык уюмдарда республиканын өкүлү болот;
- жаратылыш ресурстарын пайдалануу чөйрөсүндө, анын ичинде жерге жайгаштыруу, кыртыш-агрохимиялык, геоботаникалык жана картографиялык иштер, катнаштарды жөндөө боюнча өзүнүн компетенциясынын чегинде укуктук ченемдик актыларды иштеп чыгат жана белгиленген тартипте бекитет;
- Кыргыз Республикасынын чектеш мамлекеттер менен жер катнаштары боюнча маселелерди кароосуна катышат;
- белгиленген тартипте жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды жана өзүн өзү башкаруу органдарын жаратылыш ресурстарынын абалы жана учурдагы баалары жөнүндө маалымат менен камсыздайт;
- жер маселелери боюнча талаштарды кароого жана чечүүгө катышат;
- рекультивацияланган, жерлерди эксплуатациялоого кабыл алуу боюнча комиссиялардын ишин белгиленген тартипте уюштурат, белгиленген тартипте ылайыктуу бийлик органдарына киргизүү үчүн керектүү материалдарды бүтүмдөйт;
б) жөндөө функциялары:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды берет, токтото турат жана жокко чыгарат;
- коркунучтуу өндүрүштүк объекттерди долбоорлоого жана эксплуатациялоого лицензияларды, жардыруу иштерин жүргүзүүгө укукту, жарылуучу материалдарды алуу жана сактоо укугуна күбөлүктү берет, токтото турат жана жокко чыгарат;
- жер бөлүктөрүн бир категориядан башка категорияга өткөрүүгө (трансформациялоого) корутунду берет;
- суу ресурстарынан башка жаратылыш ресурстарына таасирин тийгизиши мүмкүн болгон объекттердин куруу жана кайра куруу долбоорлоруна экологиялык экспертиза жүргүзөт жана корутунду берет;
- долбоорлоо-изилдөө, долбоорлоо-конструктордук жана башка суу ресурстарынан башка жаратылыш ресурстарына таасирдүүлүгү менен байланышкан иштердин техникалык тапшырмаларын экспертизалайт, корутундулайт жана макулдашат;
- өнөр жайлык, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо боюнча тоо кен жана геологиялык долбоорлорду экспертизалайт жана корутунду берет;
- пайдалуу казындылардын кендерин өнөр жайлык өздөштүрүүнүн техникалык-экономикалык негиздөөсүнүн жер казынасын коргоо бөлүгүн экспертизалайт жана корутунду берет;
- суу ресурстарынан башка жаратылыш ресурстарын пайдалануунун жана өздөштүрүүнүн жылдык отчетторун жана программаларын (пландарын) экспертизалайт, корутундулайт жана макулдашат;
- пайдалуу казындыларды казып алуу жана кайра иштетүү боюнча ишканаларды долбоорлоого техникалык тапшырмаларды экспертизалайт, корутундулайт жана макулдашат;
- пайдалуу казындылардын жайгашуусу мүмкүн болгон аянттарга объекттерди куруу долбоорлорун экспертизалайт, корутундулайт жана макулдашат;
- пайдалуу казындылардын кендерин иштетүү менен байланышпаган объекттерди жер казынасында куруу долбоорлорун экспертизалайт, корутундулайт жана макулдашат;
- пайдалуу казындыларды казып алуу боюнча ишканаларды консервациялоо жана жоюу долбоорлорун экспертизлайт, корутундулайт жана макулдашат;
- техникалык-экономикалык негиздер боюнча ишканалардын эсебинен пайдалуу казындылардын корлорун чыгарууну экспертизалайт, корутундулайт жана макулдашат;
- белгиленген тартипте пайдалуу казындылардын кендеринин өчүрүлгөн же экономикалык баалуулугун жоготкон корлорун алып салууну жүргүзөт;
- жер казынасын пайдаланууда салык салууга мониторинг жүргүзөт;
- коркунучтуу өндүрүштүк объекттерди эксплуатациялоочу уюмдардын авариянын же кокустуктун натыйжасында калкка, айлана чөйрөгө жана материалдык байлыктарга тийгизүүгө ыктымал зыянды сөзсүз камсыздоо тартибин жана процедурасын макулдашат;
- жарылуучу материалдардын кампасын кайтаруунун түрүн жана юридикалык жана жеке жактардын чарбалык ишкердиги үчүн керектүү жарылуучу материалдардын жана жардыруу иштеринин приборлорунун санын макулдашат;
- Кыргыз Республикасына өнөр жайлык пайдаланууга багытталган жана күчтүү аракеттеги уулуу заттарды киргизүүнүн жана алып чыгуунун тартибин макулдашат;
- коркунучтуу өндүрүштүк, эксплуатацияга алуу боюнча жумушчу жана мамлекеттик кабыл алуу комиссияларынын курамына катышуу үчүн өкүлдөрүн дайындайт;
- коркунучтуу өндүрүштүк объекттерди эксплуатацияга алуу боюнча жумушчу жана мамлекеттик кабыл алуу комиссиясынын курамына кирүү үчүн жана жарылуучу материалдарга өнөр жайлык сыноо жүргүзүү боюнча жана коопсуздук боюнча жогорку талаптар коюлуучу тоо кен-шахталык жана технологиялык жабдыктардын жана электротехникалык буюмдардын жаңы үлгүлөрүн кабыл алуу сыноосунун жумушчу комиссиясына катышуу үчүн өкүлдөрүн дайындайт;
- коркунучтуу өндүрүштүк объекттерде колдонулуучу аспаптарды жана жабдыктарды техникалык жактан күбөлөндүрөт, уюмдардын буу казан көзөмөл, көтөрүүчү курулма объекттерин өз убагында күбөлөндүрүшүн жүргүзөт;
- коркунучтуу өндүрүштүк объекттердеги долбоорлоо документацияларын, техникалык аспаптарды, имараттарды жана курулуштарды, анын ичинде гидротехникалык курулуштарды, өнөр жайлык коопсуздугун, өнөр жайлык коопсуздук боюнча декларацияларга жана коркунучтуу өндүрүштүк объекттерди эксплуатациялоо менен байланышкан башка документтерди экспертизалайт;
- аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн рудалардын, тоо тектеринин, концентраттардын, өндүрүш калдыктарынын үлгүлөрүн жана лабораториялык сынамыктарды Кыргыз Республикасынын чегинен алып чыгууга уруксааттарды берет;
- коллекциялык материал катарында тоо тектердин жана руданын үлгүлөрүн алып чыгууга уруксаат берет;
- мыйзамда белгиленген башка функциялар;
в) координациялоо, көзөмөл жана контролдоо функциялары:
- тоо кен өнөр жайлык комплекстин, геология, көмүр жана мунайгаз тармактарынын ишканаларынын ишкердигине мониторинг жүргүзөт;
- коркунучтуу өндүрүштүк объекттерди долбоорлоодо, курууда, эксплуатациялоодо, кайра курууда, консервациялоодо жана жоюуда, техникалык аспаптарды жасоодо, чогултууда, даярдоодо, диагностикалоодо, тейлөөдө жана оңдоодо, коркунучтуу өндүрүштүк объектте коркунучтуу заттарды ташууда, ошондой эле билим берүүчү эмес уюмдарда коркунучтуу өндүрүштүк объекттин кызматчыларын даярдоодо жана кайра даярдоодо өнөр жайлык коопсуздуктун талаптарын сактоону контролдойт;
- техникалык регламентти сактоо жана тоо кен өткөөлдөрүндө коопсуздукту камсыздоо жана уроону болтурбоо менен байланышкан сактоо бүтүндүгүнүн бардык түрлөрүнүн параметрлерин аныктоо жагынан геологиялык чалгындоо, тоо кен жана бургулоо иштеринин бардык түрлөрүн туура жүргүзүүгө контроль жүргүзөт;
- өнөр жайлык жарылуучу материалдардын, жарылуучу жөнөкөй заттардын, жардыруу иштеринде колдонулуучу жабдыктарды жана приборлорду даярдоого, сыноого, сактоого, эсебине, пайдалануусуна, жок кылуусуна жана сатуусуна көзөмөл жүргүзөт;
- болушу мүмкүн авариялардын натыйжасын жоюуга уюмдардын, тоо кен куткаруучулардын, газ куткаруучулардын жана фонтанга каршы түзүлүштөрдүн, авариялык-куткаруучу кызматтардын даярдыгына көзөмөл жүргүзөт, ишканалардын аталган кызматтарынын жайгашуу схемасын жана санын макулдашат;
- жер астындагы транспорттук жана курууну жана эксплуатациялоону, калдык, гидрокалдык жана шлам чарбаларын эксплуатациялоону контролдойт;
- пайдалуу казындылардын кендерин чалгындоодо жана иштетүүдө жана иштетилип бүткөн тоо казмаларын жана жер астындагы табигый боштуктарды чарбалык муктаждык үчүн пайдаланууда маркшейдерлик жумуштарды жүргүзүү эрежелерин сактоону контролдойт;
- жарылуу, жарылуу өрт коркунучу боюнча өндүрүштү ылайыктуу категориясына бөлүүнүн жана өндүрүштү бир категориядан башка категорияга өткөрүүнүн тууралыгын контролдойт, ошондой эле колдонулуп жаткан жабдыктардын категорияга жана жарылуу коркунучтуу аралашма группасына жана жарылуу коркунучтуу зона классына ылайыктуулугун контролдойт, уюмдун берүүсү боюнча шахтанын (рудниктин) газ боюнча категориясын аныктайт, аларды чаң боюнча, тоо текти, руданы, көмүрдү жана газды күтүүсүз ыргытуу, тоо кен соккусу боюнча категорияларды орнотот жана шахталарды (рудниктерди) бир категориядан башка категорияга өткөрүүнү бекитет;
- жер астындагы объекттерде жана жардыруу иштерин жүргүзүүдө өрт коопсуздугунун талаптарын сактоого көзөмөл жүргүзөт;
- жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө радиациялык, химиялык жана биологиялык коопсуздук катнаштарын координациялайт;
- айлана чөйрөнү коргоо боюнча чараларды жана илимий-изилдөө иштерин макулдашат;
- караштуулугу боюнча ишканалардын калдыктарынын жаратылыш чөйрөсүнө булганыч заттардын чыгарылышынын жана төгүшүнүн жана башка таасирлеринин алгачкы эсебин чарбалык субъекттердин алып барышын уюштурат;
- жаратылыш ресурстарын геологиялык изилдөө, пайдалануу жана коргоо алкагында тармактык жана мамлекет аралык илимий-техникалык программалардын аткарылышын уюштурат, координациялайт жана контролдойт;
- минералдык чийки заттан чыгарылган товардын өзгөчө касиети, белгиленген сапаты жана башка мүнөздөмөлөрү менен байланышкан аймактын географиялык чегин аныктайт;
- суу ресурстарынан башка жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга мамлекеттик контроль жүргүзөт;
- жаратылыш ресурстарын пайдаланууга тийиштүү долбоорлордун мамлекеттик экспертизаларын жүргүзөт;
- өндүрүштү уюштуруунун, эмгек акы төлөөнүн, тармактын кызматчыларынын жана алардын үй-бүлөө мүчөлөрүнүн социалдык коргонуусун камсыздоонун түрлөрүн жана усулдарын өркүндөтүү боюнча ведомстволук уюмдардын жана мамлекеттик ишканалардын иштерин координациялайт;
- мыйзамда белгиленген башка функциялар;
г) кызмат көрсөтүү функциялары:
- жаратылыш ресурстарын жөндөө жана пайдалануу, өнөр жайлык коопсуздук, экологиялык жана жаратылышты коргоо мыйзамдарынын маселелери боюнча кеңеш берет;
- ар түрдүү курулуштарды куруу белгиленген аянттарда пайдалуу казындылардын кендеринин бар же жок экендиги жөнүндө корутундуларды берет;
- суу булактарынын бардык түрлөрүнөн суу берүү боюнча кызматы үчүн тарифтерди иштеп чыгат, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайыктуу керектөөчүлөргө жана сууну пайдалануучуларга суу берүүнү камсыздайт;
- мыйзамда белгиленген башка функциялар;
д) колдоо көрсөтүү функциялары:
- мамлекеттик өнөр жай саясатынын максаттарына жана милдеттерине ылайык жаратылыш ресурстарын жана тоо кен өнөр жай комплексин өнүктүрүү жана пайдалануу боюнча сунуштарды киргизет;
- жер казынасын геологиялык изилдөө жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча ишкердиктин өнүгүшүнө көмөктөшөт;
- чет өлкөлүк уюмдар, компаниялар, жеке ишкерлер менен байланыштарын жана ишкердик кызматташууларын өнүктүрүүгө көмөктөшөт;
- тоо кен өндүрүшү, геология чөйрөсүндө эң жаңы технологияларды киргизүүгө көмөктөшөт;
- республикалык, регионалдык жана мамлекет аралык маалымат тутумунун чектеринде маалыматты алмаштырууга көмөктөшөт;
- Министрликтин компетенциясына тийиштүү маселелер боюнча маалымат-маалымкат жана башка адабияттарды даярдоону жана басып чыгарууну уюштурат;
- улуттук стандарттарды, эл аралык (регионалдык) стандарттарды, ошондой эле Министрликтин ишкердик чөйрөсүнө тийиштүү техникалык регламенттерди экспертизалоо боюнча комиссиялардын (топтордун) ишине катышат;
- мыйзамда белгиленген башка функциялар.
(2010-жылдын 3-сентябрындагы №186 токтомунун редакциясына ылайык)
Министрлик төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- белгиленген тартипте Министрликтин карамагындагы ишканалардан келечек пландар, айлык, кварталдык жана жылдык өндүрүштүк-чарбалык иши жөнүндө, өнөр жайлык коопсуздуктун абалы, өндүрүштүк жаракаттардын себептери, жарылуучу материалдардын жана уулуу заттардын кириши (чыгышы) жана сактоону камсыздоо жана жоготуу учурлары жөнүндө маалыматтарды алууга;
- суу ресурстарынан башка жаратылыш ресурстарын пайдалануучулардын лицензиялык макулдашуулардын шарттарын жана өнөр жайлык коопсуздукту сактоону контролдоого;
- белгиленген тартипте өзүнүн ведомстволук мамлекеттик ишканаларын, уюмдарын жана мекемелерин түзүүгө, өзгөртүп уюштурууга жана жоюуга, алардын уставдарын бекитүүгө;
- менчик түрүнө жана алардын ведомстволук тийиштүүсүнө карабастан коркунучтуу өндүрүштүк объекттер менен байланышкан иш жүргүзүүчү ишкердик субъекттерге белгиленген тартипте текшерүү жүргүзүүгө;
- адамдардын өмүрүн жана ден соолугун камсыздоо менен байланышкан шашылыш учурларда (авария коркунучунда же пайда болгондо) калктын ден соолук абалына терс таасирдин себептерин жана булактарын табуу жана аларды жоюу боюнча максат менен күндүн мезгилине карабастан жазуу түрүндө жазма буйрук албастан токтоосуз текшерүү жүргүзүүгө;
- жер казынасын коргоо, жарылуучу материалдарды, уулуу заттарды коопсуз иштетүү, сактоо, пайдалануу жана эсеби, жабдыктарды орноштуруу боюнча мыйзамдары, иштерди токтото туруу жөнүндө, ошондой эле адамдардын өмүрүнө же авария болууга коркунуч түзүлгөндө, адамдарды жумушчу орундарынан чыгаруу, керек болгондо ишти токтотуу жана адамдарды чыгаруу, иш орундарына же жабдыктарга мөөр басуу боюнча республиканын мамлекеттик башкаруу органдарына сунуштарды киргизүүгө жана юридикалык жана жеке жактарга текшерүүдө аныкталган бузууларды жоюуну сөзсүз түрдө аткаруу үчүн көрсөтмөлөрдү (кабарлоону) берүүгө;
- административдик укук бузуулар жөнүндө материалдарды кароого, суу ресурстарынан башка жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана өнөр жайлык коопсуздук мыйзамдарынын алкагында ченемдик укуктук актылардын жана техникалык регламенттердин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат жактарына жана кызматчыларга айып коюуга. Керек болгон учурларда ишти белгиленген тартипте укук коргоо органдарына кароо үчүн берүүгө;
- уюмдарда, айрым өндүрүштүк объекттерде жана окутуу-курстук структураларында жумушчуларга иштөөгө уруксаат берүүнүн, нускама берүүнүн жана иштин коопсуз усулдарына үйрөтүүнүн, ошондой эле аттестациянын жана ошол чөйрөдө билимин текшерүүнүн белгиленген тартибин сактоосун текшерүүгө;
- министрликтердин, ведомстволордун жана уюмдардын жетекчилерине өндүрүш коопсуздугу боюнча эрежелерди жана нормаларды туруктуу түрдө бузуучу, өз эрки менен иштетүүчү жана жаратылыш ресурстар Министрлигинин көрсөтмөсү боюнча токтото турулган жабдыктарды жана объекттерди эксплуатацияга киргизүүчү, жарылуучу материалдардын жана уулуу заттардын эсебинин, сактоосунун жана пайдалануусунун белгиленген тартибин бузуучу жана мунай продукттарды жана газдарды сактоону жана берүү тартибин бузуучу жактарды кызмат ордунан бошотууга же бир жылга чейин техникалык жетекчиликтен четтетүүгө сунуш киргизүүгө;
- коркунучтуу өндүрүш объекттерин, долбоорлоого жана эксплуатациялоого лицензиялардын аракетин токтото туруу жана токтотуу, ошондой эле жардыруу иштерин жүргүзүү укугуна уруксаатты жана жарылуучу материалдарды сатып алуу жана сактоо укугуна күбөлүктү токтото турууга. Уруксааттын же күбөлүктүн аракет шарттарын аткарбаган учурларда, же өнөр жайлык коопсуздуктун нормаларын одоно бузуулары аныкталганда, эгерде аларда кылмыш жоопкерчилиги болбосо, жарылуучу материалдарды эсепке алуунун, сактоонун жана пайдалануунун белгиленген тартибин бузуучулардын күбөлүктөрүнүн аракетин токтото турууга;
- контролдогу ишканаларда авариялардын, өндүрүштүк жаракаттардын, жарылуучу материалдарды жана уулуу заттарды уурдоо, жоготуу учурларынан шарттарына жана себептерине техникалык тергөө жүргүзүүгө жана тергөөнүн натыйжасында Министрликтин компетенциясына тийиштүү маселелер боюнча аткаруу үчүн милдеттүү чечимдерди кабыл алууга;
- керектүү учурларда уюмдар тарабынан жабдыктардын жана материалдардын, жумушчу жана айлана чөйрөнүн контролдук анализдерин жүргүзүүнү, ошондой эле аракеттеги эрежелердин чегинде жабдыктарды күбөлөндүрүүнү дайындоого;
- контролдогу ишканаларда Кыргыз Республикасынын айлана чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдын талаптарын сактоону текшерүүгө, текшерүүнүн натыйжасында актыларды жана протоколдорду түзүүгө, бузууларды жоюу боюнча аткарууга милдеттүү жазма буйрук берүүгө;
- суу ресурстарынан башка жаратылыш ресурстары жөнүндө мыйзамдарды бузуунун натыйжасында келтирилген зыянды калыбына келтирүү жөнүндө доо арыз берүүгө;
- суу ресурстарынан башка жаратылыш ресурстарын, өнөр жайлык коопсуздукту жана жаратылышты коргоо боюнча мыйзамдардын талаптарын бузуу менен жүргүзүлүп жаткан куруу, кайра куруу, кеңейтүү же техникалык кайра куралдандыруу, жаратылыш объекттерин пайдалануу менен эксплуатациялоо жана башка иштерине тыюу салууга;
- коллегиянын отурумдарында караштуу ишканалардын өндүрүштүк-чарбалык ишкердигин угууга жана алардын ишкердигин жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- караштуу ишканалар баа түзүү, эмгек акыны төлөө, долбоорлоо-изилдөө, долбоорлоо-конструктордук жана башка иштерди, геологиялык пландаштыруу жана каржылоо боюнча иштерди кошуп, ченемдик актыларды бекитүүгө;
- караштуу мамлекеттик ишканалар үчүн пайдадан алынуучу ченемдерди бекитүүгө, материалдык сыйлык жана социалдык өнүгүү фондун түзүүгө жана пайдаланууга;
- негизги фонддон, айланма каражаттан, башка материалдык баалуулуктан жана каржы ресурстарынан турган Министрликке бекитилген мүлктү пайдаланууга жана ага белгиленген тартипте буйрук кылууга;
- Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин ишканалары, уюмдары менен кызматташуу боюнча белгиленген тартипте келишимдерди жана макулдашууларды түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн министрликтери, мамлекеттик комитеттери, административдик ведомстволору жана башка уюмдары менен өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, макулдашууларды түзүүгө жана белгиленген тартипте ар кандай ассоциацияларга кирүүгө;
- Министрликтин ишкердиги менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн белгиленген тартипте адистерди чет өлкөлөргө командировкага жиберүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамы белгилеген тартипте Кыргыз Республикасын ылайыктуу эл аралык уюмдарда өкүлчүлүк кылууга, эл аралык келишимден чыккан Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткарууга багытталган чараларды көрүүгө, эл аралык кызматташуу боюнча чараларды ишке ашырууга;
- Министрликтин бюджетин түзүүгө катышууга жана мамлекеттик заказды эске алуу менен сунуштарды киргизүүгө;
- суу ресурстарынан башка жаратылыш ресурстарын пайдалануучулардан аларды изилдөө жана пайдалануу, анын ичинде корлордун өчүрүлүү кыймылы, жер казынасынан пайдалуу казындылардын жана минералдык чийки затты кайра иштетүүдө пайдалуу компоненттердин чыгарып алынышы, товардык продукцияны өндүрүү жана сатуу, жер казынасын пайдаланууга төлөнгөн салыктар жөнүндө маалымат алууга;
- Кыргыз Республикасынын «Жер казынасын коргоо жөнүндө» Мыйзамынын жана башка мыйзамдарынын нормаларын бузууда суу ресурстарынан башка жаратылыш ресурстарын пайдалануучуларга экономикалык санкцияларды берүүгө;
- айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын кайтарууда уюмдардан, ишканалардан жана башка чарбалык субъекттерден алынган каражаттарды атайын эсепте кармайт жана аларды жаңы жерлерди өздөштүрүү, эксплуатациялануучу жерлерди мелиорациялоо, кыртыштын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу, долбоорлоо-изилдөө, текшерүү, жерге жайгаштыруу жана кадастрлык иштери боюнча андан ары пайдаланууга бөлүштүрөт;
- айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн айыл чарбалык жерлерди алуу менен байланышкан айыл чарбалык жоготууларды кайтаруу үчүн юридикалык жана жеке жактардан Министрликтин эсебине түшкөн каражаттарды түзөт жана бөлүштүрөт.
Министрликти Министр жетектейт, аны Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
Министрликте статс-катчынын жогорку мамлекеттик кызмат орду ачылган. Статс-катчыны кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу, функциялары жана ыйгарым укуктары мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзам тарабынан аныкталат.
Министрдин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан министрдин сунушу менен дайындалган эки орун басары болот. Министрдин орун басарлары түздөн түз министрге баш ийишет жана өзүлөрүнө жүктөлгөн милдеттердин чегинде Министрликтин ишин уюштурушат.
Министр:
- Министрликтин жана ага караштуу ишканалардын жана уюмдардын иштерине жалпы жетекчилик кылат жана Министрликке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышына жеке жоопкерчиликте болот;
- ведомстволук мамлекеттик ишканалардын жана уюмдардын жетекчилерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот жана алар менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары белгилеген тартипте контракттарды түзөт, өзгөртөт, жана бузат;
- борбордук аппараттын кызматчыларын кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, статс-катчынын сунушу боюнча материалдык жана моралдык жактан сыйлоо жана тартип жазасын берүү чараларын колдонот;
- борбордук аппараттын жана караштуу бөлүктөрдүн структурасын жана штаттык тизимин бекитет;
- ведомстволук мамлекеттик геологиялык ишканаларынын жетекчилеринин жана борбордук аппараттын кызматчыларынын милдеттерин белгилейт жана жоопкерчилигин аныктайт;
- Министрликтин системасында мамлекеттик кызмат өтүү менен байланышкан маселелерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамына ылайык чечет;
- геологиялык тармактын ишкердигинин натыйжасы боюнча төлөөлөрдү жана Министрликтин борбордук аппаратынын кызматчыларынын кошумча эмгек акы маселелерин чечет;
- өндүрүштүк геологиялык ишканалардын уставдарын, алардын жетекчи курамынын штаттык тизимин бекитет;
- белгиленген тартипте буйруктарды чыгарат, нускамаларды жана башка ченемдик актыларды бекитет, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышына контролду уюштурат.
Министрликте курамы министрден (коллегиянын төрагасы), статс-катчыдан, министрдин орун басарларынан (кызмат орду боюнча киришет), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлүнөн, ошондой эле борбордук аппараттын негизги бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен турган коллегия түзүлөт. Коллегиянын мүчөлөрүнүн сан курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Коллегиянын мүчөлөрү, ага кызмат боюнча кирген жактардан башка, министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет. Коллегия жөнүндө жобо министр тарабынан бекитилет.
Жаратылыш ресурстарын пайдалануунун жана өнүктүрүүнүн негизги багыттары боюнча сунуштарды кароо үчүн жаратылыш ресурстар Министрлигинде илимий-техникалык кеңештер аракеттенишет. Алар жөнүндө Жоболорду жана илимий-техникалык кеңештердин өздүк тизмегин министр бекитет.