Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 750 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Милдеттери жана кызматтары
III. Министрликтин укуктары
IV. Министрликтин ишин уюштуруу
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин ишмерлигин жөнгө салат, анын милдеттерин, кызматтарын жана укуктарын аныктайт.
2. Министрлик айыл чарба тармагында мал чарбачылык, ветеринария, балык чарбасы, аарычылык, өсүмдүк өстүрүүчүлүк, өсүмдүктөрдүн карантини, жер кыртышынын азыктуулугу, айыл чарба багытындагы жерлерди натыйжалуу пайдалануу, айыл чарба азыктарынын жана азык-түлүгүнүн рыногунун мониторинги, айыл чарбасын механизациялаштыруу жана автоматизациялоо боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу милдеттерин аткаруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп эсептелет.
3. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, мыйзамда бекитилген тартипте күчүнө кирген жана Кыргыз Республикасы анын катышуучусу болгон эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Министрлик юридикалык жак болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби, мамлекеттик жана расмий тилдеги өзүнүн аталышы бар мөөргө, ошондой эле казына системасында эсептерге (счета) ээ.
5. Министрлик аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдары, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен өз ара аракеттешүү менен өз ишмерлигин жүргүзөт.
1. Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун бекитилген деңгээлине жетүүгө, республиканын калкынын негизги тамак-аш азыктарына жана тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыздоого көмөктөшөт.
- жер жана агрардык реформаларды, айыл чарба азыктарынын өндүрүшүн, анын ичинде мал чарбачылык, аарычылык, балыкчылык жана балык уулоо, өсүмдүк өстүрүүчүлүк, айыл чарбасындагы камсыздандырууну, кооперациялык жана институционалдык өнүктүрүү, ошондой эле өндүрүлгөн азыктардын импортунун ордун алмаштыруучуларды жана экспортун өнүктүрүүнү мындан ары тереңдетүү тармагындагы бирдиктүү мамлекеттик айыл чарба саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- айыл чарба азыктарын өндүрүү жана сатып өткөрүү тармагындагы мамлекеттик колдоо системасын түзүүгө катышуу;
- малдын жана өсүмдүктөрдүн оорусун табуу, алдын алуу жана дарылоо боюнча бирдиктүү мамлекеттик айыл чарба саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- малдын генетикалык дараметин көтөрүү жана породалык, азыктуулук жана асылдуулук сапаттарын өркүндөтүү боюнча саясатты ишке ашыруу;
- ветеринардык тейлөө чөйрөсүндөгү жана ветеринардык кызматтарды көрсөтүү боюнча менчик ишкерликти өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
- мал жана өсүмдүк азыктарына ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүү;
- малдын саламаттыгы боюнча дарылоо-профилактикалык, ветеринардык-санитардык иш-чараларды жана консультацияларды өткөрүү;
- лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- ветеринария тармагындагы мыйзамдарды жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары жана менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъектилер тарабынан аткарылышын көзөмөлдөө;
- башка мамлекеттерден малдын жугуштуу ооруларын козгогучтардын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнөн коргоо жана ветеринардык кызматтардын текшерүүсүндөгү жүктөрдү импорттоодогу жана экспорттоодогу ветеринардык-санитардык талаптарды сактоого көзөмөлдү жана текшерүүнү камсыздоо боюнча чараларды ишке ашыруу;
- эпизоотикалык абалды мониторингдөө жана көзөмөлдөө, малдын жана канаттуулардын эндемикалык ооруларын жоюу боюнча иш-чараларды аткаруу, мыйзамда бекитилген тартипте карантиндик режимдерди киргизүү;
- айыл чарба малын багууда, мал чарбачылык азыктарын өндүрүүдө жана кайра иштетүүдө, ошондой эле ветеринардык кызматтардын көзөмөлүндөгү азыктарды импорттоодо жана экспорттоодо ветеринардык-санитардык мыйзамдарды, талаптарды жана эрежелерди сактоону көзөмөлдөө;
- соода жайларында сатыла турган малдын жана өсүмдүк азыктарынын коопсуздугун көзөмөлдөө;
- малдын, канаттуулардын, балыктардын, аарылардын ооруларынын, анын ичинен адамдын жана малдын жалпы ооруларынын алдын-алуу жана жоюу боюнча эпизоотикага каршы иш-чаралар планын аткарууга көзөмөл жүргүзүү;
- чегаралык жана унаа текшерүү ветеринардык пункттары аркылуу импортко, экспортко, транзитке, ошондой эле малды ич ара ташууга, малдын азыктарына жана чийки заттарына, фуражга, биологиялык, химия-фармацевтикалык препараттарга жана башка мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдөгү жүктөргө мамлекеттик ветеринардык көзөмөл жүргүзүү;
- республикада өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келинүүчү ветеринардык дары каражаттарынын сапатына, натыйжалуулугуна, коопсуздугуна экспертиза жүргүзүү жана аларды мамлекеттик каттоодон өткөрүү;
- диагностиканын ыкмаларын жана ооруларды дарылоону өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүү, малды дарылоо процессинде лабораториялык-диагностикалык изилдөөнүн жаңы ыкмаларын киргизүү;
- менчик ветеринардык практика менен алектенүүгө лицензияларды берүү;
- жаңы ветеринардык препараттарга, шаймандарга, аспаптарга, тоюттарга жана тоют кошумчаларына корутунду (заключение) жана каттоо тастыктамаларды берүү;
- айыл чарба малынын экономикалык жогорку азыктуу түрлөрүн жана породаларын, ошондой эле мал чарбачылыкты, канаттуу-куш чарбасын, балык чарбасын жана аарычылыкты өнүктүрүү боюнча программаларды иштеп чыгууда жана ишке ашырууда көмөк көрсөтүү;
- малдын азыктуулугун баалоону жүргүзүү;
- өсүмдүктөрдүн жана малдын урук материалынын генетикалык банкын түзүү;
- селекциялык-асылдандыруу ишине жана айыл чарба малынын бардык түрүн багууну координациялоо жана мамлекеттик көзөмөлдү жүргүзүү;
- эсепке алуу/асылдандыруу продукциясын (материалын) каттоо, асыл-тукум малынын мамлекеттик китебин жана мамлекеттик асыл-тукум реестрин жүргүзүү формаларын иштеп чыгуу;
- асылдандыруу иши тармагындагы илимдин жетишкендиктерин жана алдыңкы тажрыйбаны практикага жайылтуу;
- патентке жарамдуулукка жана чарбалык пайдалуулукка экспертиза жүргүзүү жана селекциялык жетишкендиктерди сыноо;
- артыкчылыктуу породалардын тизмесине кирбеген асыл-тукум продукциясын киргизүүгө уруксат берүү;
- асылдандыруу ишинин абалына мамлекеттик көзөмөл жана текшерүү жүргүзүү;
- асыл-тукум продукциясына (материалына) тастыктамаларды берүү;
- үрөнчүлүк жана отургузуучу материалынын себүүчүлүк (отургузуу) сапатын аныктоо;
- сорттуу себүүлөрдүн апробациясын өткөрүү;
- Кыргыз Республикасындагы жана башка өлкөлөрдөгү карантиндик объектилердин болушу жана жайылышы, алар менен күрөшүү чаралары жана иш-чаралары тууралуу маалымат базасын түзүү жана жаңылап туруу;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен биргеликте өсүмдүктөрдүн кооптуу зыянкечтерин жана ооруларын, отоо чөптөрүн жана булганган жер кыртышынын жайылуусу боюнча өзгөчө абалдарынын мониторинги менен божомолунун стратегиясын жана тиешелүү планын иштеп чыгуу;
- абалды мониторингдөө, карантиндик зыянкечтерди, өсүмдүктөрдүн жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн ооруларын жана табуу жана текшерүү, аларды жоюу боюнча программаларды иштеп чыгып, ишке ашыруу;
- өсүмдүк азыктарын импорттоодо, экспорттоодо, өндүрүүдө, даярдоодо, мамлекеттик сатып алууда, унаалоодо, кайра иштетүүдө жана сатып өткөрүүдө өсүмдүктөрдү карантиндөө боюнча Эрежелерди жана иш-чараларды сактоону көзөмөлдөө;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнчүлүк жана отургузуучу материалдарынын сорттуулук жана себүүчүлүк (отургузуучулук) сапаттарына көзөмөл кылуу;
- дандын сапатына мамлекеттик көзөмөл кылуу;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөн жана отургузуучу материалдарын өндүрүүчүлөрдүн, сатып өткөрүүчүлөрдүн, импортерлордун жана экспортерлордун тизмесин (реестрин) жүргүзүү;
- мамлекеттик реестрге кирбеген айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөн жана отургузуучу материалдарын Кыргыз Республикасынын аймагына киргизүү укугуна уруксат берүү;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторун жана гибриддерин мамлекеттик сыноодон өткөрүү, үрөндөрдүн себүү сапаты жөнүндөгү документтерди берүү;
- фитосанитардык тастыктамаларды жана импорттук карантиндик уруксаттарды берүү;
- агрохимикаттарды жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын тесттен өткөрүү, аларды каттоо жана туура келүү тастыктамаларын берүү;
- үрөндөрдүн сапатын экспертизадан өткөрүү жана тастыктама берүү;
- менчигинин түрүнө карабастан үрөнчүлүк жана асыл-тукум чарбаларды аттестациядан өткөрүү;
- пайдаланууга уруксат берилген сорттордун жана гибриддердин мамлекеттик реестрин жүргүзүү;
- айыл чарба техникаларынын жана шаймандарынын ишинде эрежелерди жана техникалык коопсуздуктун талаптарын камсыздоо боюнча көмөк көрсөтүү.
2. Айыл чарба өндүрүшүнүн өндүрүмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун көтөрүү менен айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө жетишүү, жаратылыш айыл чарба ресурстарын акылга негизделип пайдалануусун камсыздоо.
- өлкөнүн айыл чарба тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн тиешелүү ченемдик-укуктук актылардын, ошондой эле маалымат куралдардын долбоорлорун иштеп чыгуу;
- саясатты ишке ашыруу үчүн бардык бөлүмдөрдүн ишмердигин координациялоочу жылдык иш-чара планын, Министрликтин максаттарына жана милдеттерине жетүү үчүн программаларды жана долбоорлорду жайылтуу жана аткаруу;
- жер жана агрардык реформаны ишке ашыруу боюнча мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууга мониторинг жүргүзүү;
- айыл чарба багытындагы жерлерди, жайыттарды туруктуу башкарууга, аларды пайдалануунун жана айыл чарбасынын климаттык өзгөрүүлөрүнө адаптацияланышынын натыйжалуулугун көзөмөлдөөгө көмөк көрсөтүү;
- айыл чарбасындагы мамлекеттик ишканаларды жана мамлекеттик менчик үлүшү бар ишканаларды башкарууга катышуу;
- айыл чарба азыктарын өндүрүүчүлөрдүн тармактык ассоциацияларын түзүүдө жана алардын иштөөсүнө көмөк көрсөтүү;
- айыл чарбалык лизинг системасынын жана техникалык тейлөөлөрдүн орун алуусуна жана аларды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
- айыл чарба өндүрүшүн механизациялоо жана автоматизациялоо боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, алдыңкы технологияларды жайылтуу;
- айыл чарбасындагы камсыздандыруу системасын уюштуруу жана ага колдоо көрсөтүү;
- айыл чарбасын кредиттөө системасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
- улуттук суу стратегиясын, мамлекеттик суу чарба программаларын, суу пайдалануунун бассейндик пландарын иштеп чыгууга катышуу;
- балык чарбасын өнүктүрүү тармагындагы саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- балык чарба көлмөлөрүндө балык ресурстарын туура пайдаланууга, өнөр-жай жана спорттук-кызыгуучулук балык уулоого көзөмөл кылуу;
- төлөп алуу наркынын акысын чогултууга жана мүлктүк пайларды берүүгө көзөмөл жүргүзүү;
- өзгөчө коркунучтуу зыянкеч организмдер жана карантин объектилери менен күрөшүү үчүн бюджеттик каражаттарга сатылып алынган пестициддер менен агрохимикаттардын запасын түзүү жана аларды республиканын региондоруна таркатуу.
3. Ата мекендик айыл чарба азыктарынын атаандаштыкка жарамдуулугуна жетишүү.
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүдөгү эл аралык финансылык жана донор уюмдары тарабынан каржылана турган айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча инвестициялык программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- айыл чарба секторундагы талаптардын жана сунуштардын божомолу (айыл чарбасынын маалымат базасын түзүү жана маалымат кеңеш берүүсүн камсыздоо);
- кеңеш берүү кызматтары жана изилдөө мекемелери менен тыгыз кызматташтыкта которуштуруп айдоо жана жер кыртышын иштетүү системаларынын жаңы ыкмаларын жайылтуу боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жогорку сорттуу үрөндөрүн өндүрүүчүлөргө кеңештерди, маалыматтарды жана методикалык нускамаларды берүү;
- кооперативдерди түзүүдө жана өнүктүрүүдө кеңеш берүү кызматтарын көрсөтүү жана ага көмөк көрсөтүү;
- жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына жана жарандарга жер жана агрардык реформалар маселелери боюнча кеңеш берүүнү камсыздоо;
- лицензиялык эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө;
- жогорку, орто жана баштапкы кесиптик билим мекемелеринде айыл чарба адистерин даярдоого жана кайта даярдоого мамлекеттик заказды түзүү;
- айыл чарба тармагындагы илимий прикладдык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мамлекеттик заказды түзүү;
- ата мекендик жана эл аралык илимий мекемелер жана уюмдар менен байланыштарды орнотуу, Министрликтин иш билгилик алкагындагы тиешелүү макулдашууларга, протоколдорго жана башка документтерге кол коюу;
- кызматтардын тарифине жана айыл чарба азыктарына болгон сатып алуу баасына монополист-субъектилеринин сунуштарын иштеп чыгуу.
1. Министрлик өз иш билгилигинин чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- министрликтин иш билгилигине тиешелүү ченемдик укуктук актыларды, бекитилген тартипте иштеп чыгып, ишке ашырууга;
- ведомстволук актыларды кабыл алууга;
- бекитилген тартипте өз алдынча чарбалык эсептик түзүмдөрдү түзүүгө;
- Министрликтин алдындагы органдардын жана чарбалык субъектилерин уставдарын жана жоболорун мыйзамда бекитилген тартипте бекитүүгө, алардын жетекчилерин жана орун басарларын номенклатурага ылайык кызматка дайындоого жана кызматтан бошотууга;
- менчиктин жана уюштуруучулук-укуктук форманын түрүнө карабастан бекитилген тартипте жеке жана юридикалык жактардан асылдандыруу ишин, үрөнчүлүктү жана асыл-тукум малын, канаттууларды, үрөнчүлүк жана отургузуучу материалдарды сатып өткөрүүнү мыйзамда бекитилген тартипте жүргүзүү боюнча маалыматтарды алууга. Айыл чарба жерлерин, сугат сууну, пестициддерди, агрохимикаттарды, биологиялык жана ветеринардык препараттарды, башка өндүрүш каражаттарын сапаттуу пайдалануу боюнча, ошондой эле айыл чарбасын өнүктүрүүнүн физикалык параметрлери боюнча (аянт, мал башы, азыктарды өндүрүү, кирешелүүлүк, өндүрүш чыгашалары) маалыматтарды алууга;
- Министрликтин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген тартипте асыл-тукум, үрөнчүлүк чарбаларына, ошондой эле ишмерлиги пестициддерди пайдаланууга жана балык чарбасына байланышкан уюмдарга, мекемелерге кирүүгө, агрохимиялык, биологиялык жана ветеринардык препараттарды текшерүүгө;
- айыл чарбасынын бардык маселелери жана тармактары боюнча эл аралык макулдашуулардын долбоорлорун иштеп чыгууга жана даярдоого катышууга;
- мамлекеттик агроөнөр-жай, балык чарба, айыл чарба ишканаларынын, уюмдарынын жана мекемелеринин, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыра турган бөлүмдөрдүн иштеринин натыйжалары тууралуу отчетторду угууга. Алардын жылдык балансын кароого, өзүнө караштуу ишканалардын жана уюмдардын жетекчилеринин кызматтык милдеттерин аткаруу жоопкерчилиги тууралуу тиешелүү чечимдерди кабыл алууга же алар менен келишим түзүүгө;
- ишмерликтин белгилүү чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук актыларды, расмий жарыяларды, Министрликтин иш билгилигине тиешелүү башка маселелер боюнча башка материалдарды жарыялоо үчүн массалык маалымат каражаттарынын басылма каражаттарын бекитилген тартипте уюштурууга;
- ишмерликтин белгилүү чөйрөсүндөгү эң мыктылык белгилерин бекитилген тартипте жасоого жана алар менен Министрликтин жана анын карамагындагы кызматтардын жана түзүмдөрдүн кызматкерлерин сыйлоого;
- Министрликтин ишмерлик чөйрөсүнө тиешелүү маселелерди иштөө үчүн илимий же башка уюмдарды, илимпоздорду жана адистерди бекитилген тартипте тартууга;
- айыл чарба секторундагы биринчи кезекте чечилүүчү маселелерди чечүү үчүн ишмерликтин белгилүү бир чөйрөсүндөгү кеңештерди, комиссияларды, топторду, анын ичинде ведомство аралык топторду түзүүгө;
- Кыргыз Республиканын мыйзамдарында аныкталган шарттарда улуттук жана чет элдик валютадагы кредиттерди пайдаланууга;
- айыл чарба тармагындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу үчүн бекитилген тартипте эл аралык уюмдарды жана мекемелерди, донор-өлкөлөрдүн гранттарын тартууга;
- Министрликке жүктөлгөн милдеттерди тиешелүү түрдө аткарууга зарыл болгон башка укуктарга ээ болууга.
1. Министрликти мыйзамда бекитилген тартипте кызматка дайындала турган жана кызматтан бошотула турган министр жетектейт.
2. Министрликтин Жобосу жана башкаруу схемасы министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Министрликтин жана анын борбордук аппаратынын чектүү саны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилет;
3. Министрликте статс-катчы жана министрдин эки орун басары болот.
4. Министрликтин статс-катчысы мыйзамга ылайык кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Статс-катчыга башка милдеттер жана кызматтар жүктөлүшү мүмкүн.
5. Министрдин орун басарлары министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулушат.
Министрдин орун басарлары түздөн-түз министрге баш ийишет жана өздөрүнө жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын чегинде иш алып барышат.
6. Министрликтин борбордук аппаратын жана түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрүн кармоо - мамлекеттик бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жана атайы каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен каржыланат.
Министрликтин каражаттары ошондой эле иш берүүчү - министрлик менен министрликтин кызматкерлеринин өкүлчүлүк органы ортосунда сапаттуу аткарган иштери үчүн жана маанилүү күндөрдө сыйлык берүү, кызматкерлерге жеке кошумчаларды белгилөө, акчалай жардам жана эс алуу пособиелерин берүү, эмгектин зыяндуулугу үчүн кошумча төлөө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка төлөмдөрдү берүү боюнча түзүлгөн коллективдик келишим боюнча милдеттерди аткаруу үчүн пайдаланылат.
7. Министр:
- Министрликке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жана ишмерликтин белгилүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын жүзөгө ашырылышына керт башы менен жооп берет;
- жеке башкаруунун негизинде Министрликтин, анын коллегиясынын, борбордук аппаратынын, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн ишмерликтерине жалпы жетекчилик кылат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө министрликтин кызматкерлеринин чектүү саны боюнча сунуш берет;
- министрликтин кызматкерлерине жана министрликтин системасындагы жумушчуларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген сыйлыктын түрлөрүн берет жана дисциплинардык жазаларды колдонот;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген министрликтин ишмерлигин уюштуруудагы ыкчам жана башка маселелер боюнча буйруктарды жана буйрутмаларды, документтерди чыгарат;
- бекитилген тартипте кызматкерлердин чектүү санын, башкаруу схемасын, борбордук аппараттын, аймактык бөлүмдөрдүн, ошондой эле түзүмдүк бөлүмдөрдүн түзүлүшүн жана штаттык тизимин аныктайт;
- бекитилген тартипте Министрликтин бюджетин иштеп чыгып, бекитүүгө берет;
- бекитилген тартипте борбордук аппараттын, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрдүн чыгаша-киреше сметаларын бекитет жана алардын аткарылышын текшерет;
- Министрликтин мүлкүн башкарат жана каражаттарын тейлейт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишимдерди түзөт;
- бекитилген тартипте Министрликтин, Министрликтин карамагындагы кызматтардын жана түзүмдөрдүн кызматкерлерин, бул чөйрөдө иштеген башка жактарды Кыргыз Республикасынын ардак белгилерине жана мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтөт;
- Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнө тапшырмаларды берет жана алардын аткарылышын текшерет;
- эгерде жокко чыгаруунун башка тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген болбосо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген Министрликтин, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн чечимдерин жокко чыгарат;
- бекитилген тартипте Министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлерин, министрликтин түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин жана орун басарларын кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- бекитилген тартипте коллегиялардын, кеңештердин, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын, мекемелеринин жеке курамдарын бекитет;
- Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет мамлекеттердин мамлекеттик бийлик органдары, ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен болгон мамиледе Министрликти көрсөтөт, өз укугунун чегинде Министрликтин иш билгисине тиешелүү маселелер боюнча өз ара аракеттешүү жана кызматташуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана бекитилген тартипте эл аралык келишимдерге, макулдашууларга, протоколдорго кол коет;
- кызматы боюнча Министрликтин жарандык коргоосунун башчысы болуп эсептелет;
- Министрликтин жетекчилиги арасындагы кызматтык милдеттерди бөлүштүрөт, өзүнүн укуктарынын бир бөлүгүн статс-катчыга жана орун басарларына бөлүштүрүүгө укуктуу;
- түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөр ортосундагы укуктарды бөлүштүрөт;
- Министрликтин системасындагы кызматкер жактардын ыкчам, уюштуруучулук, кадрдык, финансылык, өндүрүш-чарбалык жана Министрликтин иш билгисине тиешелүү башка маселелерди чечүүсү боюнча ыйгарым укуктарын белгилейт;
- Министрликтин борбордук аппаратынын жетекчилеринин жана кызматкерлерин, министрликтин түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин милдеттик кызматтарын бекитет;
- Министрликтин кызматкерлерине ак ниеттүүлүк менен аткарган натыйжалуу, сапаттуу иштери, чыгармачыл жана кесипчилик демилгелери үчүн мамлекеттик кызматкердин эмгек акы шарттарына ылайык жекече кошумча акыларды белгилейт.
8. Министрликте министр баш болгон курамында 9 киши - төрага, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынан өкүл, статс-катчы, министрдин орун басарлары жана агроөнөр-жай комплексинин башка кызматкерлеринен турган коллегия түзүлөт. Министр, статс-катчы, министрдин орун басарлары коллегияга кызмат орду боюнча киришет. Коллегиянын калган мүчөлөрүнүн курамы министр тарабынан бекитилет.
9. Министрликтин коллегиясынын кеңешмесинде айыл чарбасын, жер жана агрардык реформаны өнүктүрүү маселелери каралат, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрдүн, мамлекеттик ишканалардын ишмерлиги, жүктөлгөн милдеттерин, кызматтарын аткаргандыгы тууралуу отчеттор угулат жана тиешелүү чечимдер кабыл алынат.
10. Министрликтин чечимдери буйрук формасында чыгарылат. Буйруктарга жана буйрутмаларга министр тарабынан кол коюлат, ал жок болгон учурда министрдин милдетин аткаруу тапшырылган статс-катчы же министрдин бир орун басары тарабынан кол коюлат.
11. Министрликтин ишмердигин кайрадан өзгөртүп түзүү жана токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
|
|