Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 751 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Архитектура жана курулуш
мамлекеттик агенттиги жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Негизги милдеттер
III. Функциялары
IV. Укуктары
V. Иш-аракетти уюштуруу
VI. Корутунду жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги (мындан ары Мамкурулуш) архитектура, шаар куруу, курулуш, инженердик изилдөөлөр, инженердик-техникалык жана транспорттук инфраструктуралар, курулуш материалдарын, жабдууларды жана конструкцияларды өндүрүү (мындан ары шаар куруу-архитектуралык ишкердик), турак жай курулушу жана курулуп бүткөн объекттерди кабыл алууну уюштуруу тармагындагы мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана жөнгө салуучулук, көзөмөлдүк функцияларын аткарган мамлекеттик башкаруунун республикалык органы болуп саналат.
2. Мамкурулуш өзүнүн ишкердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарын, өзүнүн токтомдорун жана буйруктарын, ошондой эле башка ченемдик укуктук актыларын жана бул Жобону жетекчиликке алат.
3. Мамкурулуш юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөргө, казына системаларында жана Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Борбордук казынасынын банк-агенттеринде эсептерге, ошондой эле тийиштүү мөөргө жана бурч мөөргө ээ.
Мамкурулуштун борбордук аппаратын, аймактык органдарын жана ведомстволук уюмдарын камсыздоого кеткен чыгымдарды каржылоо мамлекеттик бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен каралган башка каржылоо булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.
4. Мамкурулуштун негизги милдеттери болуп саналат:
- шаар куруу-архитектуралык ишкердик, турак жай курулушу, курулуштун бардык түрлөрүнө жер участкаларын тандоо жана жер участкасына укук берүү үчүн документтерди даярдоо, кыймылсыз мүлктү (имараттарды жана курулмаларды) баалоо, курулуш комплексинде техникалык жана сметалык ченемдөө жана баа коюу тармагындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү;
- курулуп бүткөн объекттерди кабыл алууну кошуу менен курулуш продукцияларын, курулуш материалдарын, жабдууларды жана конструкцияларды долбоорлоого, курууга, өндүрүүгө көзөмөл жүргүзүү;
- республикалык максаттуу, илимий-техникалык жана инновациялык программалар менен долбоорлорду даярдоону жана ишке ашырууну (заказчы болууга) жүргүзүү, ошондой эле курууда, реконструкциялоодо жана оңдоо-калыбына келтирүү иштеринде;
- мыйзам менен белгиленген тартипте лицензия жана сертификат берүүнү жүргүзүү;
- "Бирдиктүү заказчы" ролунда республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен объекттерди тескөөнү жана курууну жүргүзүү;
- архитектура жана курулуш тармагындагы адистерди даярдоону жана кайра даярдоону уюштуруу.
5. Мамкурулуш төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
а) тармактык саясат чөйрөсүндө:
- өзүнүн компетенциясынын чегинде техникалык регламенттерди белгиленген тартипте иштеп чыгат жана карайт;
- өзүнүн ишкердик тармагындагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат;
- курулуш ченемдерин жана эрежелерин, инструкцияларды жана башка өзүнүн ишкердик тармагындагы ченемдик документтерди иштеп чыгат жана бекитет;
- курулуш объекттеринин долбоордук-сметалык документтерин макулдашуу, экспертизалоо, ошондой эле иштеп чыгуу жана бекитүү тартибин иштеп чыгат;
- тийиштүү корутунду чыгаруу менен турак жай-жарандык, социалдык, маданий-турмуш-тиричилик жана өндүрүштүк багыттагы имараттар менен курулмаларды, ошондой эле инженердик-техникалык жана транспорттук инфраструкталарды текшерүүнү ишке ашырат;
- белгиленген тартипте калк жашаган жерлерге куруу жана жерди пайдалануу эрежелерин иштеп чыгат;
- курулуштун бардык түрлөрү үчүн жер участкаларын тандоону жана жер участкаларына укуктарды берүүгө тийиштүү документтерди даярдоону ишке ашырат;
- өндүрүштүк жана турак жай-жарандык багыттагы объекттерди куруу үчүн эксперименттик, типтүү жана базалык долбоордук чечимдерди иштеп чыгат жана бекитет, курулуш максаттары үчүн алдыңкы технологияларды, жабдууларды, приборлорду, машиналарды, механизмдерди жана шаймандарды иштеп чыгуу, анын ичинен аларды өндүрүү жана өздөштүрүү боюнча сунуштарды ишке ашырат;
- инженердик табылгалар жагынан бирдиктүү техникалык саясатты ишке ашырат, анын ичинен курулуш үчүн комплекстүү инженердик табылгалардын мамлекеттик фондун түзөт;
- курулуш жана жер пайдалануу эрежелери, бекитилген шаар куруу документтери жок же жогоруда көрсөтүлгөн документтерде белгиленген параметрлерден четтеп кеткен учурларда калктуу конуштарда курулуш жана жер участкаларын пайдалануу боюнча сунуштарды даярдайт жана киргизет;
- улуттук стандарттарды, курулуш ченемдерин жана эрежелерин эл аралык стандарттарга, ченемдерге жана эрежелерге айкалыштырууну ишке ашырат;
- долбоордук-сметалык жана курулуш продукцияларына, материалдык ресурстардын чыгымдар көрсөткүчтөрүнө бааларды аныктоо боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат;
- курулуштун баасын аныктоодо баалардын өзгөрүү индексин иштеп чыгат;
- курулушта эмгекти нормалоону усулдук камсыздоону ишке ашырат;
- ар кандай багыттагы курулуш объекттерин, архитектуралык, шаар куруу документтерин, илимий-изилдөө иштерин, инженердик, транспорттук, социалдык инфраструктураларды өнүктүрүү жана аймактарды көрктөндүрүү схемаларын жана долбоорлорун белгиленген тартипте мамлекеттик экспертизадан өткөрүүнү камсыз кылат;
- тиешелүү мамлекеттик органдары менен бирдикте ипотекалык курулушту түзүүгө катышат;
- бюджеттик, салык, социалдык жана ипотекалык кредиттик саясат боюнча, курулушту каржылоо жана инвестициялоо, кыймылсыз мүлк рыногун түзүү, кыймылсыз мүлктү баалоо боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышат;
- архитектура, тарых жана маданият эстеликтерин сактоо жана пайдалануу, республикалык маанидеги музейлерди жана мемориалдык объекттерди түзүү боюнча чара көрөт;
- Финансы министрлиги менен бирдикте долбоорлоого, курулушка, реконструкциялоого, реабилитациялоого, капиталдык оңдоого подряддык соодалашууну өткөрүү тартибин иштеп чыгат, ошондой эле көрсөтүлгөн иштердин чөйрөсүндө подряддык иштерге товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдү берүүдө соодалашууга катышат;
- Мамкурулуштун компетенциясынын чегинде мамлекеттик башка мамлекеттик органдар даярдаган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору боюнча корутунду берет;
- Кыргыз Республикасынын табигый кырсыктардан жапа чеккен калкына узак мөөнөттүү ссудаларды берүү жана кайтарып алуу боюнча бирдиктүү органдын функциясын аткарат;
- илимий-усулдук камсыздоону жана илимий-изилдөө, долбоордук-конструктордук, технологиялык иштерди өткөрүүнү уюштурат;
б) координациялоо жана көзөмөлдөө чөйрөсүндө:
- өзгөчө кырдаалдар зонасында авариялык-калыбына келтирүү иштерин тескөөгө катышат, уюштуруу-техникалык иш-чараларды, курулуп жана реконструкцияланып жаткан объекттерде авариянын, кулоонун себептерин териштирүү боюнча комиссиянын ишин уюштурууну жүргүзөт, корутунду даярдайт жана тийиштүү чара көрөт;
- техникалык регламенттердин талаптарын аткарууга, алар иштелип чыкканга чейин - объекттерди курууда курулуш ченемдери менен эрежелердин талаптарын аткарууга, ошондой эле ведомстволук караштуулугу жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын курулуш материалдарын, конструкцияларды жана жабдууларды даярдоосунда ылайыктыгын баалоого мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзөт;
- курулуштун бүткөн этаптарын, курулуп бүткөн объекттерди пайдаланууга кабыл алууну жүргүзөт;
- мамлекеттик курулуштук инспекциялык кызматтардын ишин уюштурууну жана тескөөнү жүргүзөт;
- мамлекеттик курулуштук инспекциялык кызматтардын отчетторун кабыл алат жана анализдейт;
- шаар куруу-архитектуралык ишкердик субъекттеринде лицензиялардын болушун жана жоопкерчиликтүү адамдарда квалификациялык сертификаттардын болушун, ошондой эле лицензия берген субъекттердин лицензиялык талаптарды сактоосун текшерүүнү жүргүзөт, укук бузуулар аныкталганда белгиленген тартипте лицензиянын, квалификациялык сертификаттын иштешин токтотот жана жокко чыгарат;
- иштердин аткаруу сапатын баалоо жана шаар куруу-архитектуралык ишкердик субъекттери аралык өз ара эсептешүүлөр үчүн продукциянын көлөмүн жана наркын аныктоо менен эксперттик корутунду даярдоону жүргүзөт;
- административдик жоопкерчилик жөнүндө иштерди карайт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тиешелүү санкцияларды кабыл алат;
- курулуштук-монтаждоо иштеринин жана колдонулуучу курулуш материалдарынын, буюмдардын жана конструкциялардын сапатына инспекциялык көзөмөлдү ишке ашырат;
- менчиктештирилүүчү мамлекеттик мүлктүн процессинде жарандык, турак жай, өнөр жайлык, социалдык багыттагы объекттерди жана эс алуу, туризм объекттерин, технологияларды, курулуш материалдар өндүрүшүн, буюмдардын жана конструкциялардын наркын баалоого катышат;
- курулуш, курулуш материалдары, жабдуулар жана конструкциялар өнөр жайы тармагында иш жүргүзгөн акционердик коомдордун мамлекеттик менчикке акцияларын белгиленген тартипте оперативдүү (ишенимдүү) башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө сунуштарды даярдоого катышат;
- кыймылсыз мүлк рыногун түзүү маселелерин чечүүгө катышат;
- Мамлекеттик мүлк министрлиги, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте курулуп бүтпөгөн турак үйлөрдү жана башка объекттерди (республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каржыланган) курулушун бүткөрүү же болбосо сатуу жөнүндө чечим кабыл алат;
- жарнамалык-тариздөө, дизайнердик долбоорлорго жана түзүлүштөргө мамлекеттик көзөмөл жүргүзөт;
- объекттерди, турак жай кварталдарын жана райондорун комплекстүү куруу боюнча заказчылардын коомдук бирикмелери менен өз ара иш жүргүзөт;
- курулуштагы эмгек коопсуздугу боюнча техникалык ченемдерди иштеп чыгат жана аларды курулуштук ишкердик субъекттеринин аткаруусуна белгиленген тартипте мамлекеттик көзөмөл жүргүзөт;
в) кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө:
- архитектуралык-пландоо, инженердик-пландоо тапшырмаларын жана башка долбоордук материалдарды иштеп чыгууну жүзөгө ашырат;
- калк конуштарында жер участкаларына укук берүү боюнча документтерди, жер участкаларынын пландарын тандоо жана даярдоо иштерин жүргүзөт;
- республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен (капиталдык салымдар) Кыргыз Республикасынын аймагында түрдүү объекттерди долбоорлоодо жана курууда "Бирдиктүү заказчынын" функцияларын ишке ашыруу;
- архитектуралык-шаар куруу документтерин иштеп чыгат жана бекитет;
- долбоордук-сметалык документтерге экспертиза жүргүзөт жана макулдашат;
- инженердик тармактарды аткаруучулук сүрөткө тартууну жүргүзөт;
- шаар куруу-архитектуралык ишкердик тармагындагы мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик заказчынын функциясын аткарат, бул программалардын илимий-техникалык жана тажрыйбалык-конструктордук иштер бөлүмүн түзүүгө жана ишке ашырууга, мамлекеттик максаттар үчүн курулуш объекттеринин тизмесин түзүүгө катышат, аларды ишке ашырууну көзөмөлдөйт;
- курулуштун бардык түрлөрүнө жер участкаларын тандоону, ошондой эле жер-жерлерде имараттар менен курулмалардын окторун жана чектерин аныктоону, негизги магистралдык инженердик коммуникациялардын окторун, ошондой эле четтеринин линиялык параметрлерин белгилөөнү ишке ашырат;
- жерге жайгаштыруу документтерин даярдоодо иштерди өзүнүн компетенциясынын чектеринде (анын ичинен графикалык) жүргүзөт;
- шаар куруу-архитектуралык ишкердик тармагындагы кызыкдар жактарга белгиленген тартипте маалымат берет;
- курулуш материалдарына, жабдууларга, конструкцияларга сыноо жүргүзөт;
- бирдиктүү шаар куруу кадастрын, ошондой эле күнүмдүк пландарды, аймактар, калк конуштары боюнча схемаларды жүргүзөт;
- архитекторлордун, инженерлердин, дизайнерлердин жана шаар куруу-архитектуралык ишкердик тармагындагы адистердин автордук укуктарын коргоону ишке ашырат;
г) колдоо чөйрөсүндө:
- Мамкурулуштун ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдү жетектейт;
- Мамкурулуштун ведомстволук жана аймактык түзүмдөрүнүн каржылык-чарбалык ишинин эсебин жүргүзөт жана анализдейт;
- маалыматтык тармакты түзөт, иш-аракеттин негизги багыттары боюнча маалыматтык фонддорду, базаларды жана банктарды түзөт жана жүргүзөт;
- шаар куруу жана архитектура тармагындагы маалыматтык басма иштерин жүргүзөт;
- тармактын кызматкерлерин социалдык коргоо боюнча чара көрөт;
- Мамкурулуш системасында кадрларды тандоону, жайгаштырууну жана квалификациясын жогорулатууну жүргүзөт;
- шаар куруу-архитектуралык ишкердик тармагындагы статистикалык отчеттуулукту жакшыртуу боюнча сунуштарды даярдайт;
- Мамкурулуштун ишкердигин укуктук камсыздоо боюнча иштерди жүргүзөт;
- долбоорлоо, куруу, курулуш материалдарын, жабдууларды жана конструкцияларды чыгаруу тармагындагы чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт;
- архитектурада жана курулушта көргөзмө ишин өнүктүрүү жана жакшыртуу маселелеринде усулдук жана консультациялык жардам көрсөтөт;
- шаар куруу-архитектуралык ишкердик тармагындагы эл аралык кызматташтыкка катышат;
- архитектуралык-курулуштук адистиктер боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгууга жана макулдашууга катышат;
д) жөнгө салуу чөйрөсүндө:
- шаар куруу документтеринин, курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин негизинде шаарларда, калк конуштарында жана рекреациялык зоналарда курулушту жана жер пайдаланууну белгиленген тартипте жөнгө салууну ишке ашырат;
- курулушка, реконструкциялоого, кайра багытын өзгөртүүгө, ошондой эле кыймылсыз мүлктү архитектуралык өзгөртүүлөргө уруксат берет;
- турак жайларды куруудан, ошондой эле шаар куруу-архитектуралык ишкердикти сертификациялоодон тышкары шаар куруу-архитектуралык ишкердигин, турак жай, коомдук жана өндүрүштүк имараттар менен курулуштарды долбоорлоо-изилдөө иштерин, курулуш-монтаждоо иштерин лицензиялоону ишке ашырат;
- КМШнын лицензиялык органдары тарабынан берилүүчү курулуш иштерин жүргүзүүгө лицензияларды өз ара таануу жөнүндө макулдашуунун негизинде Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин курулуш иштеринин субъекттерин лицензиялоо жол-жоболорун жүргүзөт;
- курулуш тармагындагы адистерге квалификациялык сертификат берүүнү жүргүзөт, бул үчүн зарыл болгон ченемдик, уюштуруу жана окутуу-усулдук документтерди иштеп чыгат;
- шаар куруу-архитектуралык ишкердик тармагындагы адистерди даярдоону жана кайра даярдоону уюштурат, ошондой эле окутууну ишке ашырат;
- көлөмдүк-пландоо, конструктивдик чечимдерди өзгөртүү менен курулушка, реконструкциялоого, багытын кайра өзгөртүүгө, ошондой эле объекттерди кайра пландоого уруксат берүүнү жүргүзөт;
- шаар куруу-архитектуралык, курулуш тармагындагы коопсуздук техникасы жана эмгекти коргоо боюнча башкаруучу жана инженердик-техникалык кызматкерлерди белгиленген тартипте окутууну жана аттестациялоону жүргүзөт;
- мыйзам менен каралган башка функцияларды аткарат.
7. Мамкурулуш төмөнкүлөргө укуктуу:
- Мамкурулуштун ишкердиги тармагындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттары боюнча сунуштарды иштеп чыгууга;
- курулуш комплексин өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоого жана ишке ашырууга;
- бардык ведомстволук, аймактык бөлүмдөр аткарууга милдеттүү болгон ведомстволук актыларды өзүнүн компетенциясынын чегинде кабыл алууга;
- Мамкурулуштун компетенциясына кирген маселелер боюнча эксперттик, кеңешмелик жана башка органдарды түзүүгө;
- ведомстволук, аймактык бөлүмдөрдүн каржылык тартипти сактоосун, материалдык жана акча каражаттарын максаттуу пайдалануусун текшерүүгө, алардын чыгымдар сметасын бекитүүгө жана алардын аткарылышын көзөмөлдөөгө;
- аймактык бөлүмдөрдүн түзүмүн, жобосун жана штаттык расписаниесин бекитүүгө;
- ведомстволук бөлүмдөрдүн түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүүгө;
- Мамкурулуш системасынын кызматкерлерин аттестациялоону жүргүзүүгө;
- Мамкурулуштун ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн мыйзамга каршы келген чечимдерин жокко чыгарууга;
- шаар куруу-архитектуралык ишкердик, илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштер, курулуш тармагындагы жогорку квалификациялуу адистерди (анын ичинен чет өлкөлүк) келишимдик негизде ишке тартууга;
- белгиленген тартипте эл аралык кызматташтыкка катышууга, ошондой эле шаар куруу-архитектуралык иштерине байланышкан эл аралык уюмдардын иштерине толук укуктуу мүчө катарында катышууга;
- Мамкурулуштун компетенциясына кирген ишкердик тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдар менен мекемелердин каражаттарын, донор-өлкөлөрдүн гранттарын белгиленген тартипте тартууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган акысыз жана акы төлөнүүчү консультацияларды, маалыматтык-сурап-билүү жана башка кызматтарды көрсөтүүгө;
- белгиленген тартипте товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан ишканалардан, уюмдардан жана мекемелерден Мамкурулуштун ишкердигине тийиштүү маселелер боюнча маалыматтарды суроого жана алууга;
- мыйзам менен белгиленген ишкердиктин бардык түрлөрүнө лицензияларды, сертификаттарды берүүгө;
- лицензиаттардын лицензиялык талаптарды жана шарттарды сактоосуна көзөмөл жүргүзүүгө;
- шаар куруу-архитектуралык ишкердик тармагындагы эл аралык конгресстерди, кеңешмелерди, семинарларды, конференцияларды, конкурстарды уюштурууга жана өткөрүүгө;
- белгиленген тартипте грамоталарды, төш белгилерди жана башка Мамкурулуштун сыйлыктарын түзүүгө;
- жарнамалык-басма ишкердигин жүргүзүүгө;
- мыйзам менен каралган башка укуктарды ишке ашырууга.
8. Мамкурулуш борбордук аппараттан, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдөн турган борборлоштурулган системаны түзөт.
Ведомстволук бөлүмдөр жөнүндөгү жоболор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилери директордун сунуштамасы боюнча Премьер-министр тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
9. Мамкурулушка Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалып жана бошотула турган директор башчылык кылат.
10. Мамкурулушта жогорку административдик мамлекеттик кызмат статс-катчы бекитилген. Статс-катчыны кызматка дайындоо, бошотуу тартиби, функциялары жана ыйгарым укуктары мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзам менен аныкталат. Директор тарабынан статс-катчыга башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткаруу жүктөлүшү мүмкүн.
11. Мамкурулуштун директору директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындаган жана бошоткон бир орун басарга ээ болот. Директордун орун басары директорго түздөн-түз баш иет жана өзүнө жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын чегинде өзүнүн ишкердигин жүргүзөт.
12. Мамкурулуштун директору:
- Мамкурулуштун ишкердигине жалпы жетекчилик кылат;
- Мамкурулушту Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, башка мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы менен өкмөттөр аралык келишимдерге жана макулдашууларга, ошондой эле башка документтерге кол коет;
- мыйзамга ылайык буйруктарды чыгарат;
- Мамкурулуштун статс-катчысы менен директордун орун басарынын ортосунда өзүнүн ыйгарым укуктарынын бөлүгүн бөлүштүрөт;
- ведомстволук, аймактык бөлүмдөр аралык ыйгарым укуктарды бөлүштүрөт;
- Мамкурулушка бөлүнгөн республикалык бюджеттин каражаттарынын башкы бөлүштүрүүчүсү болуп саналат;
- борбордук аппараттын жетекчилери менен кызматкерлерин кызматка дайындайт жана бошотот;
- Мамкурулуштун борбордук аппаратынын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет;
- Мамкурулуштун аймактык бөлүмдөрү жөнүндөгү Жобону бекитет;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү мыйзамга ылайык аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерин кызматка дайындайт жана бошотот;
- Мамкурулуштун борбордук аппаратынын кызматкерлерин сыйлоо жөнүндөгү маселелерди чечет жана алардын кызматтык эмгек акысына жеке кошуп берүүлөрдү бекитет;
- Мамкурулуштун компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешкен аракетти уюштурат;
- ведомстволук жана аймактык түзүмдөрдүн жетекчилерин сыйлайт жана тартиптик жаза-чара көрөт;
- кадрларды тандоону жана жайгаштырууну көзөмөлдөйт, адистерди даярдоону жана кайра даярдоону, алардын квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
- эмгек тартибин сактоону көзөмөлдөйт, эмгек шарттарын андан ары жакшыртуу боюнча иш-чараларды өткөрүүнү камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик курулуш инспекторлорун дайындайт жана бошотот;
- белгиленген тартипте Мамкурулуштун мүлкүн жана каражатын башкарат;
- Мамкурулуштун ишкердик тармагына кирген маселелер боюнча башка чечимдерди кабыл алат;
- мыйзамга ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
Директор Мамкурулушка жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткарууга жеке жоопкерчилик алат.
13. Директор жок учурда анын милдетин статс-катчы аткарат, ал эми статс-катчы жок болгон учурда - директордун орун басары аткарат.
14. Мамкурулуштун алдында Шаар куруу кеңеши түзүлөт. Бул Кеңештин жобосу жана курамы Мамкурулуштун директору тарабынан бекитилет.
15. Мамкурулушта 7 мүчөдөн турган коллегия түзүлөт. Коллегиянын мүчөлөрү болуп кызмат орду боюнча Мамкурулуштун директору (төрага), статс-катчы жана директордун орун басары саналат. Коллегиянын жеке курамы директордун сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет. Коллегиянын курамына Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын өкүлү кирет.
Коллегиянын отуруму протокол менен жазылат.
Коллегия жөнүндөгү жобо Мамкурулуштун директору тарабынан бекитилет.
16. Ведомстволук, аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери алар аткарган ыйгарым укуктары боюнча мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартышат.
17. Мамкурулуштун ишин кайра түзүү жана жоюу мыйзамга ылайык жүргүзүлөт.
|
|