Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 29-июну № 1393-VII
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 1-ноябрындагы № 198 Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын четке кагуу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59 жана 60-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 12-апрелинде кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 1-ноябрындагы № 198 Мыйзамы четке кагылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:
-2017-жылдын 22-июнундагы № 1771-VI «Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 1-ноябрындагы № 198 Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө»;
-2018-жылдын 14-мартындагы № 2299-VI «Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 1-ноябрындагы № 198 Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 22-июнундагы № 1771-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу».
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Н. Т. Шакиев |