Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 10-майы № 1157-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 10-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 10-майындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
"2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине берилген бюджеттик кредиттерди эсептен чыгаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Электрондук соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Элдик Курултай жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору тууралуу;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынын сунушу жөнүндө.
Төрага | Н.Т.Шакиев |