Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 15-марты № 1027-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Б.Абировго карата кылмыш ишин козгоого, сотко чейинки тергөө аракеттерин, иш-чараларын жүргүзүүгө жана аны айыпкер катары тартууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугун алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 138-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абиров Жаныбек Болотбековичке карата кылмыш ишин козгоого, сотко чейинки тергөө аракеттерин, иш-чараларын жүргүзүүгө жана аны айыпкер катары тартууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугун алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссия төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
М.Дж.Саккараев - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
Б.В.Шабазов - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;
М.Ж.Сыдыков - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;
Ф.А.Алимжанов - "Альянс" парламенттик фракциясынан;
А.А.Айдарова - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
З.Д.Мамасадыков - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;
Ж.Коргонбай уулу - "Мекенчил" депутаттык тобунан;
Б.К.Чойбеков - "Элдик" депутаттык тобунан;
Д.Д.Бекешев - № 28 Октябрь бир мандаттуу шайлоо округу боюнча.
Төрага | Н.Т.Шакиев |